Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ирак күчтөрү Мосул аба майданына чабуулун баштады


Ирак аскерлери.
Ирак аскерлери.

Багдаддын 23-февралдагы маалымдоосу боюнча, Ирак күчтөрү түштүк тараптан кирип, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан Мосул шаарынын аба майданын бошотууга киришти. Өкмөттүн тандалма багыттагы жоокерлери аба майданга жакын жердеги эль-Газлани аскерий базасына чабуул жасап, ал жерде айыгышкан уруш жүрүүдө.

Ирак расмийлеринин маалыматы боюнча, өкмөттүк күчтөр жакынкы күндөрү шаардын батыш бөлүгүнө киришет.19-февралда башталган операциядан бери 120 чарчы километр жер бошотулду. Мосул шаарын “Ислам мамлекети” 2014-жылы басып алган. Өткөн жылы октябрь айында аны бошотуу боюнча Ирак күчтөрүнүн операциясынын биринчи бөлүгүндө Мосулдун чыгыш тарабы бошотулган. АКШ аскерлеринин маалыматы боюнча, Мосулдун Тигр дарыясынын батыш тарабында 2 миңдей жоочу бар. Алар көзөмөлдөгөн аймакта 750 миңдей жаран жашайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG