Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Кыргызстанда “Экспорт кербени” өнөктүгү өтүүдө


Кыргызстанда өндүрүшчүлөргө арналган “Экспорт кербени” маалымат өнөктүгү жүрүүдө. 21-февралдан 14-мартка чейин улана турган иш-чаранын алкагында ишкерлерге экспорт шартынан пайда көрүү жолдору түшүндүрүлөт. Андан тышкары сыртка товар саткан өндүрүүчүлөрдүн деңгээлине байкоо салынып, алардын көйгөйлөрү, керектөөлөрү жөнүндө маалымат алынат.

Өнөктүктү Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция жана экспортту жылдыруу агенттиги ишке ашырууда.

Экономика министринин орунбасары Элдар Абакировдун айтуусунда, ишкерлерге тийиштүү маселелерде кимге кандай таризде кайрылуу керектиги да үйрөтүлөт.

XS
SM
MD
LG