Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Түркия аскер кыз-келиндерге жоолук салынууга уруксат берди


Түркия аскер жетекчилигинин 22-февралдагы билдирүүсү боюнча, аял аскерлер жана аскердик окуу жайда окуган кыз-келиндер чачын көрсөтпөш үчүн баш кийимдин алдында жоолук салына алышат. Бирок алардын жүзүн жаап алуусуна жол берилбейт. Түркия секулярдуу мамлекет катары аскерий кызматтагы кыз-келиндерге, университет жана мамлекеттик кызматтарда иштегендерге жоолук салынууга, бети-башын жаап алууга уруксат берген эмес. 2002-жылы Түркияда бийликке Режеп Тайып Эрдоган баштаган АК партиясы келгенден бери ал тыюулар акырындап алынууда.

2010-жылы университеттерде, 2013-жылы мамлекеттик мекемелерде, 2014-жылы мектептерде жоолук салынууга тыюу алынган. Президент Эрдогандын сынчылары ал муну менен Түркиянын светтик негиздерин бузууда десе, ал өзү мындай кинелерди четке кагып келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG