Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

АКШнын мамлекеттик катчысы Мексикага келди


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон эки мамлекеттин ортосундагы миграция маселесин талкуулоо үчүн Мехикого шаршемби күнү келген. Ал Мексика президенти Энрике Пенья Ньето менен жолугушууда президент Дональд Трамптын АКШнын түштүк чек арасын бойлой дубал тургузуу жана мыйзамсыз мигранттарды Мексикага кайтаруу маселесин сүйлөшөт.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Мексика аймагынан өткөн бардык легалсыз мигранттарды жарандыгына карабай Мексикага депортацияларын билдирген. АКШнын ички коопсуздук министри Жон Келли 22-февралда Гватемалада мындай деди:

- Силер түшүнүшүңөр керек, биз массалык депортация жасайлы деген жокпуз. Бизде мыйзамдар бар, мен аны аткарышым керек. Ошону менен биз биринчи кезекте кылмышкерлерге каршы күрөшөбүз.

Мексика бийлиги АКШнын миграциялык саясатын “душмандык” саясат деп атаган. Алар дубалды тургузууга акы төлөбөсүн билдирип, бардык мигранттарды, анын башка өлкөлөрдүн жарандарын да Мексикага кайтарууну айыпташкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG