Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Абдылдаева: Топулар алмашканы менен адамдар алмашпай жатат


Жаштардын “Кебел” саясий клубу “Бийликти жаңылантуу” деп аталган акция баштап жатат.

Бул иш-чара тууралуу аталган клубдун мүчөсү Наргиза Абдылдаева кеп салып берди.

“Азаттык”: Апрелден кийин келген бийлик жаш башкаруучуларды даярдоо боюнча программа кабыл алып, 16 миллиондой сом жумшап, жер-жерлерден келген жүздөгөн жаштарды окутту эле. Парламентке да жаштар келиши үчүн атайын квота каралган. Бирок бийликти жаңылантуу натыйжалуу болбой жаткандай. Сиздер жаңылантуунун кандай жолдорун сунуштап жатасыздар?

Наргиза Абдылдаева: Биздин саясий клубдун мүчөлөрү жаңылантуу боюнча иш-аракеттерди 2010-жылы эле баштаган. “Кыргызстан 20-20” деген стратегияны жазып бүттүк. Биздин мамлекет эгемендүү болгондон бери 20 жылдын ичинде көптөгөн стратегиялар жазылды. Бирок бул стратегияларды бир топ гана жазган. Биз мындай стрегияларды кайталабайлы деп, жети дубанды кыдырып, активдүү жарандар, жаш муундар менен жолугуп алардын ойлорун камтыдык.

Кудай буюрса стратегия жазылып бүтүп калды. Бул стратегия дагы аягына чыга элек. Бирок биз жаңылантуу процессин баштоону чечтик. Бул процессте биз үч маселени камтып жатабыз.

Биринчиси, бул шайлоо процесси. Экинчиси - “Кыргызстан 20-20” стратегиясы, ал эми үчүнчү маселебиз болсо, жаңылантуу акциялары.

Шайлоо боюнча айтып кетсем, биздин жаңы саясатчылар, жаңы муун улуу муундагы саясатчылар шайлоо процесси башталганда эле түндүк-түштүк деп, кыргызстандыктарды экиге бөлүп башташканына абдан нааразы. Ал эми күнүмдүк жашообузда кыргызстандыктар кыз берип, келин алып, куда-сөөк күтүшүп, күнүмдүк социалдык-экономикалык проблемаларын чечишип, түндүк-түштүк деген бөлүнүү байкалбайт.

Бул маселе шайлоо башталганда эле саясатчылардын оозунан чыгып, гезиттерге жарыяланып эле курчуп баштайт. Айрым саясатчылар Кыргызстанды экиге бөлүп башташат...

Кайсы эле ата-эне жети баласы болсо жети баласына жети башка мамиле жасайт. Мындай болбойт да. Кыргызстандын жети дубаны биригип гана бир мамлекет болот.

Экинчиден, шайлоо башталганда эле кошоматчылык башталат. Мисалы, 2009-жылкы шайлоо процессинде биздин интеллигенция деп саналган мугалимдерибиз, өкмөттө иштеген адамдарыбыз Бакиевге кошомат кылып Атамбаевге иштебей коюшкан. Ал эми быйыл болсо кайра эле ошол процесс башталып, эми баары Атамбаевге кошомат кылып жатышат. Бул 20 жылдан бери келаткан көйгөй, көрүнүш.

“Кыргызстан 20-20” деген стратегияны жазуу үчүн мен жогоруда айткандай активдүү жарандарды жана жаштардын ойлорун камтыдык. Бул стратегияны ишке ашыруу үчүн биз акцияларды баштайбыз.

Эң оболу биз кол топтойбуз. Жердин баарын кыдырып, стратегияны тааныштыруу менен кол топтойбуз. Экинчиден, ушул 20 жылдын ичинде мамлекетти ушундай деңгээлге алып келген саясатчылардын тизмесин түзөлү деп жатабыз. Анан ошол саясатчыларды бийликке жолотпошубуз керек. Ошондо гана мамлекет өзгөрөт деп ойлойбуз. Жаңы муундагы саясатчылар, жаңы адамдар жаңы ой менен келиш керек.

“Азаттык”: Ушул саясатчылардын жаңы муунун кантип алып келгени жатасыздар. Натыйжалуу жол-жоболору барбы?

Наргиза Абдылдаева: Мыйзамда бар, 30 миң кол топтосоң мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсе болот. Биринчиден, мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Эмне себептен биздин мамлекетте иштеп кеткен, терс көрүнүштөргө жол берген адамдар кайра эле бийликке келет? Аларды бийликке жолотпош керек. Бири-бири менен жуурулуп, бири-бири менен аралашып, революциядан революция болуп эле, топулар алмашканы менен адамдар алмашпай жатат. Мыйзам аркылуу мындай адамдарды жазалоо ыкмаларын киргизүү керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG