Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:41

"Жаштар өкмөтү" максатына жетеби?


"Жаштар өкмөтү" кыймылынын төрагасы Максат Кунакунов оппозициянын митингинде. 10-апрель, 2014-жыл.

"Жаштар өкмөтү" кыймылынын төрагасы Максат Кунакунов оппозициянын митингинде. 10-апрель, 2014-жыл.

"Жаштар өкмөтү” кыймылынын курултайында президенттик башкаруу системасына кайтуу, саясий элитаны алмаштыруу, Курултай институтун ишке киргизүү сыяктуу маселелерди козгоду.

“Жаштар өкмөтү” кыймылынын биринчи курултайы Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Саат үчкө белгиленген иш-чара эки саат кечигип, бештен өтүп башталды. Бийлик тараптан аларга ар кандай тоскоолдуктар болуп жатканын белгилеген кыймылдын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов муну дагы курултайды болтурбоо аракети катары баалады:

- Булар бизди коркутабыз-үркүтөбүз, камайбыз деди. Биз коркпойбуз. Биз мыйзам жолунда баралы деп атабыз. Биз буларды кет десек, бир күндө эле кетирип салабыз, биз коркпойбуз...

Курултайга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан өкүлдөр келип, болжол менен миңдин тегерегинде адам катышты. Анда сөз сүйлөгөн Кунакунов расмий бийликтин кадр саясатын, башкаруу моделин сынга алды:

- “Жаштар өкмөтү” өлкөнү өнүктүрүүнүн, өзгөртүүнүн конкреттүү программасын жана Баш мыйзамдын долбоорун сунуштайбыз. Кыргыз элинин руханий башаттары жана мурастарын сактап калуу жана өнүктүрүү, республикада жашаган ар бир улуттун жана элдин биримдигин бекемдөө, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоо жана коопсуздук, саясий жана социалдык туруктуулук, жаштар жана кадр маселеси. Алардын революциялык жактан кимге таандыгы боюнча бөлүүнү токтотушубуз керек.

“Жаштар өкмөтү” кыймылынын лидери, иш-чараны уюштуруучулардын бири Дайыр Орунбеков курултайда айтылган талаптардын катарында президенттик башкаруу системасына кайтуу, саясий элитаны алмаштыруу, Курултай институтун ишке киргизүү сыяктуу маселелер бар экенин кошумчалады:

- Жаңылануу жолуна түштүк, кадрларды, системаны, коомду жаңылайбыз деген максатта төңкөрүш болгон. Тилекке каршы, жаңылануу саясаты жүргөн жок. Биздин долбоордо парламенттик башкаруу системасын жактырбайбыз, бизде президенттик башкаруу болот. Азыр жоопкерсиз бийлик түзүлүп атат, тармакты тартып кете албагандын натыйжасында экономикада өсүш жок. Өкмөт бир канча жолу алмашты. Мурда бир мандаттуу шайлоо жолуна барганда депутаттар элге көз каранды болуп, эл менен эсептешчү. Азыр партиянын лидерине жакса гана депутат болуп шайлана алышат. Ошондуктан курултай чакырылып, мандатка ээ болгон делегаттары президентти, өкмөт курамын жана парламентти шайлашат.


Айрым серепчилер жаштардын коомдогу саясий-экономикалык жана социалдык абалга кайдагер карабай пикирлерин билдирүүгө чогулушканын кубатташууда. Бирок курултайда көтөрүлгөн маселелер өлкөнү өнүктүрө албай тургандыгын, жаштардын мындай кыймылдары кайсы бир саясий топтордун долбооруна айланып жатканын белгилешүүдө. Мисалы, “Демилге 15” коомдук уюмунун лидери Айдар Жоробеков “Жаштар өкмөтү” көтөргөн президенттик башкаруу системасынын жолу абдан кыска жана бүдөмүк деген ойдо:

- Мындай саясий кыймылдар, долбоорлор көп эле болуп келатат. Мурда депутат болуп турганда деле ушул маселелерди көтөрсө болот эле да. Эмнегедир ошол кезде унчугушпады, коррупциянын өсүшүнө салым кошушту. Азыр эми бул маселелерди көтөрүп атканы түшүнүксүз. Албетте парламенттик жол – өтө оор, кыйчалыштуу. Бирок дүйнөлүк аренада, эл аралык тажрыйбада бул эң туура жолдордун бири деп эсептейм. Президенттик башкаруу оңой жана кызыктуу сезилиши мүмкүн. Бирок анын жолу кыска жана бүдөмүк.

“Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов жаштардын активдешүүсүн саясий процесстердин башталышы катары баалады. Бирок ал курултайда айтылган талаптардын ишке ашуусунан күмөн саноодо.

- Жаштар чогулуп демилге көтөрүп, саясий процесстерге катышып, өз пикирлерин билдирип жатканы жакшы нерсе. Бирок Курултай институтун киргизүү демилгеси биздин жашоого дал келбейт деп эсептейм. Анткени дагы бир бийлик институтун курууга зарылчылык жок. Экинчиден, жаштар өздөрү койгон талап-максаттарынын аткарылышы үчүн аягына чейин турабы же дагы эле бөлүнүп-жарылып кетеби деген күмөн саноо бар.

Курултайдын жыйынтыгында жогоруда айтылган талаптар жазылган резолюция кабыл алынды. Жаңы түптөлгөн “Жаштар өкмөтү” кыймылы аймактык бөлүнүүгө жол бербөө максатында жер-жерлерде жыйын уюштурган.

Кыймылдын башында турган Максат Кунакунов Бакиев бийлигинин тушунда “Ак-жол” партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Ошол кезде эң жаш депутат катары аталган партиянын жаштар канатын жетектеген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG