Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Кутушев: Элде оппозициялык маанай жок


Абдыманап Кутушев
Абдыманап Кутушев

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар арасында оппозициялык маанай жок, ал эми бийликке келүүнү каалаган күчтөр ачык шайлоого катышып, күчүн сынаса болот. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев билдирди.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын иши боюнча оппозициянын айыптоосу суу кечпей турганын айтты.

- Бийлик шайлоону таза, адилеттүү өткөрүү максатында биометриялык каттоону киргизди. Эгер кайсы бир күчтөр бийликке келгиси келсе, мыйзам чегинде шайлоо жолу менен келиши керек, - деди Кутушев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын азыркы бийлиги мурункулардан айырмаланып тарыхта биринчи жолу мүмкүн болушунча таза шайлоого бел байлаганын, оппозиция шайлоого катышууга да, көзөмөл жүргүзүүгө да толук укугу бар экенин кошумчалады.

Бүгүн 12-мартта “Улуттук оппозиция кыймылы” уюму Бишкекте маалымат жыйын куруп, бийликке бир катар талаптарды койгон.

Алар бийлик бутактарынын ишинде тең салмактуулук камсыз кылуу зарылдыгын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясын кайра түзүү, бул жараянга оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрүн катыштырууну талап кылган. Талаптардын аткарылышына бийликке 1,5 айлык мөөнөт берген. 31-мартта Жалал-Абадда республикалык жыйын өткөрөрүн билдирген.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. (AzK\RK)

XS
SM
MD
LG