Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Депутат жаш кезинде кылмышка катышканбы?


Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

Жогорку Кеңештин вице-спикери, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров өзү тууралуу чуулгандуу маалыматты жокко чыгарды.

Анын алдында “Искра” гезити жаңы санында Зулпукаров 1997-жылы милиция кызматкери болуп иштеп турган кезде мас абалында үч таанышы менен кыз зордуктоо боюнча айыпталып, кылмыш иш козголгонун жазып чыккан эле.

“Искра” гезитинин редактору Адилет Айтикеевдин билдиришинче, Төрөбай Зулпукаров тууралуу макала Жогорку Кеңештин төрагасына, депутаттарына жана өлкө жетекчилерине кайрылуу иретинде жазылды. Анда 18 жыл жыл мурун болгон Зулпукаровдун окуясына укуктук-саясий баа берүү керектиги айтылган:

- Бул парламенттин, КСДП фракциясынын кадыр-баркына сокку ура турган маселе. Мен материалдардын баарын карап чыгып, ошонун негизинде жаздым. Бул жерде эч кандай куру сөз, же болбосо оюмдан чыгарган нерсе жок. Оюмдан чыгарып бирөөгө асылгандай менин башым экөө эмес да. Төрөбай Зулпукаровду айыпкер катары жоопко тартуу тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынын токтому бар. Шектүүнү сурак кылган протоколу бар, бул кылмыш боюнча соттун чечимдери бар. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Прокуратуранын алдын ала айыптоо корутундусу бар.

Депутат Зулпукаров Фейсбук аркылуу да бул маалымат жалган экенин айтып, “күнөөлүүлөрдү кудай жазаласын” деп билдирди.
Депутат Зулпукаров Фейсбук аркылуу да бул маалымат жалган экенин айтып, “күнөөлүүлөрдү кудай жазаласын” деп билдирди.

Адилет Айтикеев колундагы материалдардан Төрөбай Зулпукаровго үч берене боюнча айып тагылган, тергеп-иликтөө бүткөндөн кийин сот “бейбаштык” беренеси боюнча чечим чыгарганын билгенин айтууда:

- Кылмыш-жаза кодексинин 108-беренесинин үчүнчү бөлүгү – топтошуп алып зордуктоо, андан сырткары 199 жана 215-беренелер, тактап айтканда мамлекеттик кызмат адамына кол көтөрүү жана бейбаштык беренелери боюнча айып тагылган. Документ боюнча зордуктоо болуп жаткан учурда прокуратуранын кызматкери көрүп калып, аралашып токтотоюн дегенде ага да кол көтөргөн деп айтылган. Соңунда кылмыш козголгон төрт адам тең бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Беш-алты айдай камалган. Мен аны кыз зордуктап соттолду деп жазган жокмун да. Зордуктады деп айыпталып, камалган деп жазгам. Бирок бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Эми анын мөөнөтү өтүп кетти. Бирок бул жерде моралдык жагы бар да.

Төрөбай Зулпукаров бул маалыматты жокко чыгарды жана мындай маалыматтарды быйыл күздө өтчү парламенттик шайлоо алдындагы каралоо аракети деп атады:

Башкы прокуратуранын документи
Башкы прокуратуранын документи

- Жогорку Кеңештин ыйык трибунасынан Башкы прокуратурага кайрылгам. Алардан “сиз ошол берене менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмессиз” деген жооп келген. Бул менин айткандарымды тастыктай турган документ. Менин мындан башка айта турган деле сөзүм жок. Жалганчыларга ыйман тилейбиз. Эгер мен ошондой ишке барган болсом анда Кудай мени өзү жазаласын. Мындан катуу сөз жок. Мындан башка сөз айтууга деле ооз барбай жатат. Бул карандай калп.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариевдин түшүндүрмөсүнө ылайык, кыргыз мыйзамдары боюнча соттолгон, жаза мөөнөтүн өтөгөн, аны менен катары соттолгону жоюлган адам Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлана алат:

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

- Мыйзам боюнча соттолгону алынып салынса, соттолгондон кийинки белгиленген мөөнөт бүтсө депутат боло алат деген жобо бар. Ошондуктан депутат болгон мөөнөткө чейин соттолгону мыйзам боюнча жоюлган болсо ал депутат боло берет. Эч кандай тыюу жок. Бул жерде жеңил жана оор кылмыш деп мөөнөттөрү бар. Кээ бириники эки жыл, айрымдарыныкы беш же болбосо 10 жылда жоюлат. Ошого жараша эсептелет. Азыркы депутаттар арасында бир нече соттолгон адамдар бар.

Эмнеси болсо да Төрөбай Зулпукаров тууралуу “Искра” гезитиндеги макала айрыкча социалдык түйүндөрдө чоң талкуу жаратты.

Зулпукаров коомчулукка 2010-жылы Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден кийин таанылды. Кумсалыкты пропагандалоого каршы жана спорт командалардын жеңиши үчүн алдын ала акча байге сайган букмекер кеңселерин жабуу тууралуу өндүү чоң талкуу жараткан мыйзам долбоорлордун авторлорунун бири. Жоолукка тыюу салган мектеп деректирлерин жоопко тартуу керек деген пикири менен белгилүү.

Зулпукаров 1974-жылы Ош облусунан Ноокат районунда туулган. 1992-93-жылдары Улуттук гвардияда кызмат өтөп келгенден кийин бир жылдан соң Ички иштер министрлигинде спорттук-күжүрмөн даярдык боюнча машыктыруучу болуп ишке орношкон. Кармашып урушуу боюнча спорт чебери. Улуттук университеттин тарых факультетин 2000-жылы аяктаган. 1998-жылдан 2010-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

Төрөбай Зулпукаров азыр Жогорку Кеңештеги намазкөй, ажыга барып келген депутаттардын бири катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG