Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоодон баш тартып, кайрадан аларды дайындоо демилгеси көтөрүлө баштады.

Буга ректорлорду шайлоо учурунда эмгек жамааты жер-жерге бөлүнүп же болбосо добуштарды сатып алууга чейин жеткен терс көрүнүштөрдүн жайылышы себеп болгон. Билим берүү министрлиги бул маселе азыр талкууда экенин, бирок ректорлорду шайлоо эрежесине өзгөртүү киргизүү зарылдыгы турганын айтууда. Бирок билим берүү тармагында күтүлүп жаткан ал өзгөрүүлөрдү талдоочулар демократиялык жолдон чегинүү катары мүнөздөп жатышат.

Талкууга жем таштаган демилге

Өкмөт менен Жогорку Кеңеште жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоонун жана бекитүүнүн тартибине өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлө баштады. Өкмөттүн сунушу менен парламентте демилге көтөргөн депутат Нуркамил Мадалиев ректорлорду шайлоодогу терс көрүнүштөр эрежени өзгөртүүгө түрткү берип жатканын айткан. Былтыр Улуттук университеттеги шайлоонун жыйынтыгы боюнча соттук териштирүүдөн улам ректор ушул күнгө чейин бекий элек.

Билим берүү министринин мурдагы орун басары Гүлжигит Сооронкулов ректорлорду шайлоо аркылуу тандоо натыйжа бербегенин мындайча мисал келтирди:

Кыргыз-орус Славян университети

Кыргыз-орус Славян университети

- Өзү кыргызга шайлоо жарашпайт окшойт. Талапкер татыктуу же татыктуу эмеспи, ошого карабай эле окутуучулар деле жер-жерге бөлүнүп алып талапкерге добуш бергенин көрүп жүрөбүз. Анан ушу элибиз канча жылдан бери шайлоонун маанисин качан түшүнөт, эч эле башым жетпей койду. Анан эми ушундай шартта өкмөт өзү эле татыктуу ректорду тандап, дайындаганы туура го. Жок дегенде ректор начар иштесе, мына ошол өкмөт башчысы дайындаган деп талап койгонго, жоопкерчилигин сураганга болот.

Мурда буга чейин бир ирет жоюлган ректорлорду шайлоо тартиби 2011-жылы кайрадан калыбына келтирилген. Мына ошол мыйзамга ылайык, эмгек жамааты талапкерлерди шайлоо аркылуу тандап, анын арасынан алдыңкы добуш алган үчөөн ректорлукка сунуштайт. Өкмөт башчысы үчөөнүн ичинен бирин жетекчиликке бекитет. Бул мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев ректорлорду дайындоого кайра кайтып барууга каршы экенин айтты:

- Эми эки айдан бери өкмөттө ошондой маселе көтөрүлүп жатат. Бирок расмий сунуш киргизиле элек. Бирок мен эч убакта чегинбейм. Мен ага каршы чыгам. Мен сунуштап, кабыл алган мыйзам деле оптималдуу эле. Аны өзгөртүүгө эч кандай деле негиз жок. Анда деле мына ошол жарым шайлоо, жарым дайындоо принциби бар. Жамаат шайлайт, өкмөт бекитет. Мына ошол мыйзам боюнча натыйжалуу эле шайлоолор болбодубу. Анан эми Улуттук университеттики мына ошондой болуп калды. Мыйзамдын аткарылышын өркүндөтүү үчүн жобого анын шарттарын так киргизүү керек. Андай кылышкан жок да.

Мыйзамдагы мүчүлүштүктөр

2011-жылы кабыл алынган билим берүү мыйзамында жана ректор шайлоо боюнча иштелип чыккан жободо өкмөт башчысы көп добуш алган үч талапкердин арасынан бирин кандайча тандап алары так көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан Нарын мамлекеттик университетинин ректорун шайлоодо сунушталган үч талапкердин ичинен эң эле аз добуш алганы ректорлукка бекитилген мисал бар. Адистер мыйзамдагы мына ошол өксүктөрдү гана четтетип, бирок жамааттын шайлоо укугун сактап калууну сунуштоодо. ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков шайлоо тартибинен дайындоого кайра кайтуу туура эмес деген ойдо:

Студенттер. Ош шаары.

Студенттер. Ош шаары.

- Ректорлорду шайлоо жолу – мезгилдин талабы, демократиянын эң башкы принциби. Эмгек жамааты өзүнүн интеллектуалдык жана кесиптик деңгээлине жараша жетекчи тандап алып жатат. Мына ошол жамаат эмне менен жашап жатат? Ошол баалуулуктарын алдыга коюп, анан өзүнүн жетекчисин өзүнүн каалоосу менен шайлап алганы жакшы деген ойдомун. Биринчиден, шайланган ректор жамааттын кызыкчылыгын колдойт жана экинчиден жамаат ректорду моралдык жактан колдоого жана багыт берүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

“Алтын ортолук” изделүүдө

Ошол эле кезде Билим берүү министрлиги бул маселеде оптималдуу вариантты иштеп чыгууну сунуштоодо. Бул деген ректорлорду шайлоо менен дайындоонун ортосундагы синкреттешкен система. Анын так варианты азырынча иштелип чыга элек. Министрликтин жогорку кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Азизбек Исраилов мына буларга токтолду:

- Өкмөт бул маселени караштырып жатат. Мында эми шайлоо жолу менен дегенде жанагыдай терс көрүнүштөр болуп жатат. Анан жалаң эле дайындоо жолу менен тандоо дагы демократиялык принциптерге каршы келет. Мына ошондуктан экөөнүн ортосунан келип чыккан бир механизмди иштеп чыгуу зарылдыгы турат. Мүмкүн бул мына ошол окуу жайларда атайын кеңеш түзүү аркылуу чечилет. Кеңеш ректорлукка талапкерди тандайт, Билим берүү министрлиги сунуштап, аны өкмөт башчысы бекитет. Мына ошондой вариант дагы болушу мүмкүн. Эми мына ошонун бардыгы өкмөт менен парламенттин ортосунда макулдашуудан өтүүгө тийиш.

Жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо тартиби Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда гана киргизилген. Бул саамалык эл аралык деңгээлде коңшулаш өлкөлөргө өрнөк болуп, Кыргызстандын жогорку окуу жайларын демократиялаштыруунун жана академиялык эркиндиктин белгиси катары мүнөздөлүп келүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG