Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Германияда хакерлерге каршы атайын бөлүм түзүлөт


Архивдик сүрөт
Архивдик сүрөт

Германия бийлиги хакерлер менен күрөшүүчү атайын бөлүм ачууну пландап жатканын Frankfurter Allgemeine Zeitung басылмасы жазып чыкты.

Бул бөлүм атомдук станция же суу менен камсыздоо системасы өңдүү маанилүү объекттердин коопсуздугун камсыздайт. Эгерде мындай объекттерге киберчабуул жасалса, атайын бөлүм серверди аныктап, башка өлкө экенине карабай иштен чыгарууга чейинки аракеттерди көрмөкчү.

Ноябрдын аягында Германиянын Deutsche Telekom компаниясына хакердик чабуул жасалган. Германиянын федералдык чалгындоо кызматынын жетекчиси Бруно Каль киберчабуулду орусиялык хакерлер уюштурушу мүмкүн экендигин билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG