Линктер

Мамлекет - адам жашоосунун өнүгүшүнүн натыйжасы жана зарылчылыгынан пайда болгон социалдык институт.

Антропологиялык өңүттөн түшүндүргөндө, адам өзү жалгыз жашап кетүүгө, өнүгүүгө жөндөмсүз жандык. Ошондуктан күнүмдүк жашоонун талабынан улам адам байыркы заманда эле үй-бүлө болуп, туугандашып, жамаатташып жашоого аргасыз болгон. Адам коомдошо, уюмдаша баштагандан кийин өзүн-өзү башкаруу зарылчылыгы келип чыкты. Ошентип бул цивилизацияда адам адамды ар кандай формада башкарып келатат. Биз, мамлекетти башкаруунун бүгүнкүгө жетип жашап жаткан формалары жана алардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө азыноолок кеп кылалы.

Биринчиси - президенттик башкаруу. Мамлекетти башкаруунун президенттик формасы болгон жерде мамлекеттин аткаруу бийлигин башында президент турат. Айталы, АКШ, Латын Америкасынын дээрлик мамлекеттери, Кыргызстандан башка Борбордук Азия мамлекеттери, Беларус, Африканын бир нече мамлекеттери президенттик башкарууда жашап жатат.

Экинчи, жарым парламенттик башкаруудагы мамлекеттер деп бөлсөк болот, аларга: Кыргызстан, Түркия, Орусия, Украина, Франция ж.б. мамлекеттерди кошсок болот. Бул өлкөлөрдө бийликтин негизги ыйгарым укуктары президент менен парламент ортосунда бөлүштүрүлгөн. Бирок көп учурда президенттик бийлик үстөмдүк кылары көп айтылат.

Үчүнчү, парламенттик-конституциялык монархия башкаруудагы мамлекеттер деп бөлүшөт. Аларга – Англия, Жапония, Канада, Испания , Бельгия, Лихтенштейн, Люксембург, Малайзия, Барбадос, Бутан, Скандинавия өлкөлөрү, Антиуга менен Барбуда, Камбоджа, Лесото жана королдор башкарган өлкөлөрдүн баарын кошсок болот. Алардын ичинен жалгыз Испания парламенттик-монархиядагы мамлекет деп эсептелет.

Төртүнчүсү - абсолюттук монархия орногон өлкөлөр: Бахрейн, Бруней, Катар, Кувейт, Ватикан, Сауд Арабиясы ж.б. араб мамлекеттер деп эсептелет, алардын ичинен Ватикан менен Сауд Арабиясы абсолюттук теократиялык өлкөлөр. Бул топтогуларда бийликтин негизги туткасы атадан балага, укумдан тукумга конституциялык жол менен өтүп келет. Жеке басар бийлик басып турат, “чоңдордун” керт башына сыйынуучулук жогору, бийлик башындагылардын кол тийбестик өтө күчтүү.

Бешинчи, бир партия башкарган мамлекеттер, аларга – Кытай, Түндүк Корея, Куба өлкөлөрүн кошсок болот. Бул коомдордо бир партиянын, чакан саясий топтун же бир адамдын керт башына сыйынуучулуктун таасиринде башкарылат, негизги чечимдерди да алар чыгарат, аны аткаруу мамлекеттин бардык органдары жана жарандары үчүн милдет катары саналат. Партиянын чечимдеринен баш тартуу же сын айтуу катуу жазага тартылат. Кээ бир мамлекеттерде “чыккынчылык” катары да бааланат. Түндүк Кореяда жыйналышта уктап калган министр өлүм жазасына тартылды.

Алтынчы, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө таралган парламенттик башкарууда мамлекеттер, буларга: Евробиримдикке кирген мамлекеттер (28 өлкө), Түркия, Монголия, Израил, Индия, Пакистан ж.б. кирет.

Бул өлкөлөрдө мамлекеттеги негизги чечим чыгаруу укугу парламентке берилген. Парламенттик башкаруунун негизги критерийи – өкмөттү түзүү, отчет алуу, өкмөттү таратуу укугу, өлкөнүн бюджетин бекитүү, өзгөртүү укугу жана чыгарган мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө укугу бар мыйзам чыгаруу бийлиги. Парламент шайлоодо жеңген партиялар аркылуу түзүлөт.

Парламенттик башкарууда өкмөт президенттин алдында эмес, парламентин алдында отчет берүү милдети киргизилет. Ошол эле мезгилде өкмөткө мамлекеттин ички-сырткы саясатын аныктоо, аны алып баруу укугу да берилет. Парламенттик башкарууга бараткан Кыргызстандын өкмөтү анчалык ыйгарым укуктарга ээ эмес.

Дүйнөлүк тажрыйбада парламентин ишеними кеткен жерде өкмөт толук курамы менен кызматтан кетет. Ал эми парламент өзүн-өзү таркатышы мүмкүн, кээ бир мамлекеттерде президент таркатат.

Италия, Германия, Греция, Израиль жана бир катар мамлекеттерде парламенттик башкаруунун тажрыйбасы күчтүү деп айтылат. Буларда президентти парламент шайлайт, анын укуктары чектелүү болот.

Парламенттик башкарууда өкмөттү ким түзөт, ким шайлайт, деген суроо маанилүү. Биринчи вариант, өкмөттү парламентте жарымынан көп орун алган бир партия түзөт. Экинчи вариант, эгер бир партия элүү пайыздан көп добуш алалбай калса, парламентте коалициялык көпчүлүктү түзгөн эки же андан ашык фракциялар түзөт. Кыргызстанда экинчи вариант иштеп жатат.

Португалия, Швецияда парламент депутаттары өкмөт башчыны жана министрлери менен кошо чогуу добуш беришет, ишеним көрсөтүп шайлашат. Болгария менен Германияда парламент өкмөт башчы шайлап берет. Премьер министрге өкмөт мүчөлөрүн өзү тандап, өзү түзүүгө укук берилет. Бул тажрыйба өзүн актаган жол деп көп айтылат.

Башка Скандинав, түндүк Европа өлкөрүндө парламенттеги аз сандуу партияларга да өкмөттү түзүүгө катышууга укук берилет. Индияда өкмөттү түзүп жатканда, анын мүчөрлөрүн шайлап жатканда ири штаттар: Уттар-Прадеш, Гуджарат ж.б. штаттардан болушун милдет катары жазып коюшкан. Кенияда болсо өлкөнүн 3 пайыздан ашыгын түзгөн майда улуттарга өкмөттү түзүүгө чакырат, алардын добушун эске алат. Швейцариянын Конституциясында «бир кантондон бир эле министр өкмөткө кире алат» деген шарт бар.

Көпчүлүк парламенттик мамлекеттерде өкмөттү түзүп жатканда министрлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли да эске алынат. Мисалы, Бельгиянын Конституциясына ылайык өкмөттүн курамын түзүп жатканда министрлердин француз жана нидерланд тилдеринде бирдей сүйлөй алышы талабы бар.

Кээ бир мамлекеттерде өкмөт мүчөсү болуш үчүн жаш курагы да чектелет. Мисалы, Бразилияда министр 25 жашта, Египетте 30 жаштан жогору болгондо гана өкмөткө кире алат. Мексикада 10 жылдан ашык министр болуп иштей албайт деген эреже бар. Ал эми Орусияда 20 жылдан ашык иштеп жаткан министрлер бар. Улуу Британияда, Индияда, Грецияда министрлер парламент мүчөлөрүнөн да шайланат. Парламенттеги мандатын да сактап калат. Кыргызстан, АКШ, Болгария, Франция, Украинада болсо министр бол же депутат болушуң керек.

Көпчүлүк парламенттик башкаруудагы мамлекеттерде президент шайлоодон жеңген партиянын лидерине өкмөт башчылыкты берип, өкмөт мүчөлөрүн тандоого укук берет. Ал түзүп бүткөндөн кийин парламенттин добушу менен шайланышат, ишенимин алышы керек.

Германияда өкмөт башчы - Федералдык канцлер деп аталат. Президент канцлердин талапкерлигин Бундестагга (парламентке) сунуш кылат, ал шайланыш үчүн 50 пайыздан ашык добушту алышы керек. Бундестаг жалпы өкмөткө же бир мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө боюнча добуш бере албайт, канцлерге гана ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө боюнча добуш бере алат.

АКШда өкмөт башчы – президент. Министрлерди президент Сенаттын макулдугу (2/3) менен дайындайт. Францияда өкмөт башчыны президент дайындайт, анын сунушу менен министрлерди дайындайт. Ошондуктан министрлер президенттин жана парламенттин алдында бирдей жоопкерчиликтүү. Парламенттин «ишеним көрсөтпөө» учуру болбосо, өкмөттү эч ким кетире албайт. Бул өкмөттүн туруктуу, стабилдүү иштешине шарт түзөт.

Жалпылап айтканда, дүйнөдө 200гө жакын өлкө болсо, алардын 129 республикалык формасын, 35 конституциялык монархия, 14 федеративдүү республика ж.б. ар кандай формаларында күн кечирип жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG