Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34
Жыл мезгили май айын чапчыса да чехиялыктар дале жылуу кийимин чече элек, үйлөргө жылуулук берүү токтой элек болчу. Жаратылыштын бул “керемет” сыноосун алты жыл жашап, биринчи көрүшүм. Жаз келбей эле дароо жай башталат го деп жүргөнбүз.

Кечээ эртең мененки саат онго жакын Праганын чок ортосунда үрөй учурган жарылуу болду. Көпчүлүктүн жүрөк үшүн алган бул кабар желдей тарап, бат эле Кыргызстандагы, Орусиядагы тууган-урук, тааныштарга жеткен экен. “Ой барсыңбы?” деп эле чалгандар.

Ушу чех элине бир чети таңгалам, бир чети суктанам. Жертөлөдөн таралган газ жарылуусу бүт имаратты кыйратып, жакын турган үйлөрдүн терезесин күүп түшүп, атургай короодогу автоунаалар да соо калбаптыр. Ошондо да бир кебелип коюшпайт. Дегеним, эмоцияга алдырышкан жок. Түрдүү божомолго ишенип, ызы-чуу боло беришпеди. Кыйкырып, көчөгө чыгып, чоңдорун күнөөлөп же болбосо ушундан дагы саясий упай топтоп алайын деген оппозиция деле жок. Мындай окуяда эптеп көзгө көрүнүп калайын дегендер деле байкалбайт. Ар бир тармак өз ишин жасап, жарылуу болгон жерди тазалап, жабыркагандарга жардам берүү менен алек.

Алгач 1-2-кабаттагы пол жарылып, жертөлөгө түшүп кеткен үч-төрт адам набыт болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Эртеден кечке издегендер бактыга жараша адамдан жоготуу болбогондугун далилдеди. Кечки жаңылыктарда көздөрү күлмүңдөгөн кабарчылар “Кудай сактады, оор жоготуу жок. Бир итти гана табалбай жатышат” деп кабар берип турушту.

Бул жерде дагы Чехияда болгон окуяны Чечня деп берип койгон айрым кабар агентстволорго гана акырын кыйытып кетишти.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG