Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Кыргызстанда жылына 150 миңден ашык бала жарык дүйнөгө келсе, анын 10 проценти ара төрөлөт. Ай, күнүнө жетпей төрөлгөн балдарды багуу шарты өлкөнүн бардык аймагында жок болгондуктан дароо дүйнө менен кош айтышкандары да арбын.

Акыркы кезде эмне үчүн ара төрөлгөн балдардын саны өсүп жатат? Кош бойлуу аялдар өзүнүн жана болочок балдарынын ден соолугу үчүн кам көрүүгө эмне үчүн жакшы көңүл бурбайт? Келечек муундун дени сак төрөлүшү үчүн мамлекеттик камкордук менен социалдык саясат жетиштүүбү?

“Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги санын мына ушул маселеге арнады.

Талкууга Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча Улуттук борбордун директору, профессор Камчыбек Узакбаев жана Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, гинеколог Бурул Досалиева катышты.

“Азатттык”: Камчыбек мырза, мына кечээ Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленген учурда жылына 150 миңден ашык жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын 10% ай, күнүнө жетпей төрөлөт деп айтылды. Бул сан так санбы же чыныгы сан мындан көппү? Анан ара төрөлгөн балдарды торолтуу үчүн Кыргызстанда шарт кандай деңгээлде?

Кыргызстанда ара төрөлгөн балдарга көрүлгөн камкордуктун деңгээлин башка мамлекеттерге салыштырып караганда абдан көп кемчиликтерге дуушар болуп жатабыз.

Камчыбек Узакбаев: Кыргызстанда ара төрөлгөн балдарга көрүлгөн камкордуктун деңгээлин башка мамлекеттерге салыштырып караганда абдан көп кемчиликтерге дуушар болуп жатабыз. Биринчи кезекте жогорку деңгээлдеги медициналык аспаптар абдан зарыл. Анткени, ара төрөлгөн баланын дене мүчөлөрүнүн бардыгы толук жетилбеген, калыптанбаган абалда болот. Ошонун бардыгын туура текшерип, жүрөгүнүн иштешин, кан басымын, дем алуусун жана башка органдарынын абалын аныктоо, андан кийин температурасынан баштап иштебей жаткан органына жардам берүү керек болот. Ошол аспаптар бизде такыр жетишсиз.

Баланын жалпы абалы аныкталгандан кийин абдан зарыл болгон экинчи чоң проблема - керектүү дары-дармек менен камсыз кылуу. Ара төрөлгөн балдардын теңинен көбү дем алуу системасынын жетилбегендигинен кыйын абалда болушат. Аны дарылоо үчүн дүйнө жүзү боюнча колдонулган "Куросурф" деген дары бар. Ал балага биринчи сааттан баштап берилиши керек. Дарынын бир эле ампуласынын баасы 800 евродон 1200 еврого чейин жетет. Биз муну көп жылдан бери бюджеттин эсебинен сатып алалы деп өтүнүп келебиз, бирок алиге чейин бир да жолу алына элек.

Мындан эки жыл мурун The help children деген эл аралык уюмдун жардамы менен 800 ампула алып келип колдонуп, ара төрөлгөн баланын өлүмүн 25% кыскарттык. Ал эми чарчап калган балдардын жалпы санынын ичинен ара төрөлгөн балдардын саны 30% жакын.

“Азатттык”: Бурул айым, акыркы кезде ара төрөлгөн балдардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйүп баратат деген маалыматтар бар. Анын себеби эмнеде? Эмне үчүн көбөйүп жатат деген ойдосуз?

Дени соо энеден дени сак бала төрөлөрү илгертен эле баарыбызга белгилүү. Баланын дени сак төрөлүшү энеге гана түздөн-түз байланыштуу.

Бурул Досалиева: Дени соо энеден дени сак бала төрөлөрү илгертен эле баарыбызга белгилүү. Баланын дени сак төрөлүшү энеге гана түздөн-түз байланыштуу.

Азыр дагы балдардын ара жана майып болуп төрөлүп жатышы энелердин ден соолугунун начардыгынан жана кыргызчылыкка салып, өз ден соолугуна кайдыгер болуп жатат.

Энелердин көбү аз кандуулук менен ооруйт, бөйрөк жана башка дарттардан жабыркашат. Ошондой оорулуу боюнда бар энелер каттоого алынгандан баштап, тобокел тобуна киргизилип, өзгөчө каралат. Аларга керектүү дары-дармектерди жазып берип, ушуну ич деп колуна карматсаң дагы кээ бирлери дарыны алып ичпейт. Өз ден соолугуна да, болочок баласына да кайдыгер караган энелер, үй-бүлөлөр абдан көп. Демек, мындай балдардын төрөлүшүнүн башкы себеби эне. Мындай абалды оңдоо үчүн мамлекеттик деңгээлдеги чоң идеологиялык саясат зарыл. Жаштарга ата-эне болуу тарбиясын кичине чагынан баштоо керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG