Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

КАМБАРАТАНЫН БИРИНЧИ АГРЕГАТЫ ЭКИ ЖЫЛДА КУРУЛУП БҮТӨБҮ?


"Нарын гидрокурулуш" акционердик коомунун жетекчисинин орунбасары Адыл Дарбышев “Азаттык” менен “Камбарата ГЭСин куруунун жүрүшү боюнча маектешти.

-Камбарата-2 ГЭСин биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн 5 млрд. сомдун тегерегинде каражат керек деп айтылып атты эле. Бирок быйылкы жылдын бюджетинде Камбарата-2 ГЭСинин курулушу үчүн 1 млрд. 200 млн. сом гана бөлүндү. Кийинки жылы дагы канча каражат бөлүнөөрү азырынча белгисиз. Бирок ушул каражаттар биринчи агрегатты мурда айтылгандай 2009-жылдын 22-декабрына чейин ишке киргизе алабы?

- Менин оюмча, Кудай буюрса, Камбарата ГЭСтери сөзсүз курулат. Бул ГЭСтердин курулуш иши оңой иш эмес. Барыңыздар жакшы билесиздер ал жөнүндө. Каражат боюнча менимче бир аз азыраак болуп калат го. Себеби бүтүн жабдууларды Орусиядан алып келебиз. Бүгүнкү күндө транспорт, машине, механизмдерди жана башка жабдыктарды биз Кытайдан сатып алып атабыз. Алардын баасы абдан кымбат экен, ошондой эле жабдуулардын баалары да абдан кымбат. Ошон үчүн дагы бир аз акча керек болот го деп ойлойм.

- Апрель айынан тарта Камбарата-2 ГЭСинде иштеген жумушчулардын айлык акыларын көтөрүү боюнча токтомго өткөн жумада өкмөт башчы кол койбодубу. Буга чейин сиздер ушул ГЭСти курууга Орусиядан жана башка жактардан иштеп жүргөн ишбилги адистерди чакырабыз деп айтып аткансыздар. Ошол ГЭСтин курулушуна кесипкөй адистер келдиби?

- Туура, бүгүнкү күндө Орусиянын Амур облусунда Бурей ГЭСинде "Нарын гидрокурулуштун" жумушчуларынын 500-600дөй адам ошол жакта иштейт. Ошондой эле Якутияда Вилий ГЭСинде иштеген биздин жумушчулар бар. Алардын көбү кышында келип кетишти бизге. Кээ бирлери ушул жерге иштегени калды. Ал эми кээ бирлеринин ошол жакта быйыл контракты бар экен, анын үстүнө биздин эмгек акыга макул болбой, бул жакта азыраак төлөйт экен деп кайра кеткендери да болду. Азыр Бурейде иштеп жүргөн Сулайманов деген адисибиз бул жерге начальник УОЗ болуп келди. Аны менен иштеген бир аз квалификациясы чоң, разряддары бийик балдар аз эле калды. Өзүбүз бул жерден топтогон илгертен "Нарын гидрокурулушта" иштеген тажрыйбасы чоң жумушчуларды чогулттук. Ошолор менен азыр үзүрдүү иштеп атабыз.

- Ошол эле учурда жергиликтүү Токтогулдагы, Каракөлдөгү кесиптик техникалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна жумушка орношо албай жүргөнүн айтып жүрүшкөн маалыматтар бар. Сиздерге алтынчы разряддагы жумушчулар жетишсиз деген дагы маалыматтар бар. Бул кенемте кандайча толтурулду?

- Ошол сөздөр туура. Бүгүнкү күндө Камбарата ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизиш үчүн мөөнөтүбүз аябай кыска. Бир жылдан ашыгыраак эки жыл деген бизде срок бар. Ошол сроктун ичинде техникум, училищаны бүтүп аткан балдарды алып даярдашыбыз бизге абдан кыйын турат. Себеби буларды бир-эки жылдын ичинде биринчи разрядка жакшы адис кылып биз даярдай албайбыз. Булардын келечеги Камбарата-1де болот. Себеби Камарата-1ге эмки жылдан урунабыз, ал аябай чоң ГЭС болот. Ошого биз аларды жакшылап даярдашыбыз керек. Себеби ал жакта 10-15 миң жумушчу иштейт, анын мөөнөтү дагы 10-15 жылдык жумуш болот.

-Демек баары бир убакыт менен каражат талап кылынат турбайбы?

-Албетте.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG