Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

А.Жекшенкулов: “Бийлик туугандарымды коркутуу менен мени эпке салууга умтулууда”


“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун 3 күндүк камакка алынган иниси Таалайбек Медеркулов абакта дагы 15 күн болот. Ага негиз берген чечимди Балыкчы шаардык соту 11-февралда кабыл алган. “Азаттыкка” бул тууралуу маалымат берген Аликбек Жекшенкулов өзүнүн саясий көз карашы үчүн иниси бейкүнөө жерден абакка алынгандыгын жана ошол эле учурда суу түтүктөрүн сатып алуу аракеттерин түздөн-түз жүргүзгөн Балыкчы шаарынын азыркы мэри менен бөлүм башчысы эркиндикте жүргөндүгүн белгиледи. Жекшенкуловдун иниси Таалайбек Медеркуловго Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп турган кезде тендердик комиссиянын ишин натуура жүргүзгөн деген кине менен кылмыш иши ачылып, өткөн жумада камакка алынган. Ал эми Жекшенкуловдун өзүнө Тышкы иштер министри кезинде Кытайдын жардамы менен министрликтин имаратында жүргүзүлгөн ремонт учурунда Кытай өндүрүшүнөн чыккан жука каалгаларды калың каалгаларга алмаштырып, казынага 690 миң сомдук зыян келтирген деген кине менен, баласы Беккул Жекшенкуловго кафеде бейбаштык кылган деген кине менен кылмыш иштери ачылган. Андан тышкары аталаш эки тууганы, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Калык Иманкулов менен мурунку президенттин иш башкармалыгынын кызматкери Малик Иманкуловдор да мурунку иштери боюнча сурак берип жатышат,-дейт А.Жекшенкулов.(BD)

XS
SM
MD
LG