Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү чектелбеш керек


Tөлөйкан Исмаилова жарандык коом ишмердүүлүгүн чектеген мыйзамдарга жол бербейт деген ойдо.
Tөлөйкан Исмаилова жарандык коом ишмердүүлүгүн чектеген мыйзамдарга жол бербейт деген ойдо.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар биргелешип, тыгыз байланышта иштөө демилгесин көтөрүп жатышат. Анткени келечекте мамлекетке теңтайлаш күчтүү өнөктөш болуш үчүн бул уюмдардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу зарыл.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Арапбай Төлөнов жана Нургазы Айдаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жана “Юридикалык тараптарды мамлекеттик каттоого алуу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге көтөрүп чыгышкан. Депутат Исхак Масалиев тиешелүү мыйзамдарды катуулатпаса, жарандык сектордо тартипсиздик өкүм сүрүүдө деп күмөн санагандыгын билдирген.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтуусунда, алар бейөкмөт уюмдарды советтик мезгилдегидей эле аянтта майрам күндөрү ырдатып чыгарып кою максатын көздөп жатышат:

- Мен коммунистттердин, мырза Масалиевдин позициясына таң калам. Орой айтканда алар мамлекеттик уюмдарга асылууда. Ал кишинин бул маселеде өзүнүн өчү бар. Ал киши “демократтар келип коммунисттик системаны ураткан” деп бизди күнөөлөйт. Алар кайра коммунисттик системаны алып келүүгө аракет кылган партия да. Коомчулук муну билиш керек.

Кечээ президент өзүнүн элге жасаган кайрылуусунда, жарандык коом институттары менен диалогго жана кызматташтыкка жетишүү кажет экендигин белгилеп, мамлекеттик жана коомдук талдоо иштерин жүргүзүү үчүн жарандык коомго мамлекеттик тапшырмаларды жана гранттарды берүү практикасын киргизүүну сунуштады. Ошондой эле бейөкмөт уюмдардын ишмердиги жөнгө салынууга тийиш жана жарандык сектордун өнүгүшүнө жана коом алдындагы миссиясын аткарууга бөгөт болбоо керектигин эскерткендей болду.

Төлекан Исмаилованын айтуусунда, президент мындай оюн билдиргени менен, көшөгө артындагы айрым жагдайлар баары бир тескери жыйынтык берип жатат:

-Кечээ Бакиев “мамлекеттик эмес уюмдар менен иштейбиз, бут тосуу болбош керек “ деп айтымыш болду. Бирок биз көрүп жатабыз, ал жерде кландык 3 группа бар. Алар азыр мушташып жатышат. Ошондуктан ушундай нерселер пайда болууда. Бирок биз мырза Масалиевдин демилгесинен коркпойбуз. Бизде толук кандуу жарандык уюмдар бар. Биз тике туруп, жанагындай тескери мыйзамдардын кабыл алынышына жол бербейбиз.

Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Андреа Берг Кыргызстан Борбор Азия боюнча эң жандуу, активдүү бейөкмөт коомчулугу бар өлкө экендигин белгилейт. Бирок акыркы мезгилдерде өлкөдө адам укуктары жаатында абал өтө начарлап кеткенин, тилекке каршы, Кыргызстан Борбор Азиядагы “демократиянын аралчасы” болбой калганына көп болгондугун айтат.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун тренери Зауре Садыкованын айтымында, бейөкмөт уюмдар мындан ары ушундай өткөөл мезгилде бийликке тең салмактуу күчкө айлануусу үчүн профессионалдык деңгээлин көтөрүшү керек. Алар өздөрүнүн багыттарын так аныктап алышы абзел:

-Буга чейин бейөкмөт уюмдар ар түрдүү тармактардагы проблемаларга кийлигишип, аны чечүү аракеттерин көрүп келишти. Эми менин оюмча, алар өздөрүнө жакын максаттуу багыттарды тандоосу керек. Ошол жаатта алар жогорку деңгээлдеги адистерге айлануусу керек. Алар менен мамлекет эсептешкендей деңгээлге жетүүсү зарыл. Азыр деле мындай уюмдарды “грант жегичтер” деп атап келишет. Бирок социалдык маселелерди чечүүдө ири ресурстар керек. Ал ресурстарды мамлекет бере албаса, эл аралык донорлорго кайрылууга туура келет да.

Кыргызстанда учурда 10 миңге жакын бейөкмөт уюм бар. Зауре Садыкованын айтуусунда, мындай уюмдардын артында жеке кызыкчылыгын көздөгөн бир адам турган уюмдар да жок эмес. Ал толук кандуу бейөкмөт уюмнун артында социалдык база же жалпы элдин кызыкчылыгын коргогон топ турушу керектигин белгилейт. Ал эми жалгыз адамдын максатын ишке ашырган уюмдар бара бара ар түрдүү шартка жараша жоюлуп кете беришет.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG