Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Кыргыз-өзбек чек арасында аң казуу, зым тартмай...


Өзбек тарап Оштун Араван районуна чектеш аймагындагы чек араны казууда, 10-июнь, 2009-жыл.
Өзбек тарап Оштун Араван районуна чектеш аймагындагы чек араны казууда, 10-июнь, 2009-жыл.

26-майдагы Анжиян жана Ханабаддагы окуядан кийин Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында аң каза баштады. Кыргызстан бийлиги кошуна өлкөнүн мындай аракетине байкоо жүргүзүп, алардын Кыргызстан жерине өтүп кетпешине көз салууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы делимитацияланып бүтө элек. Эки ортодо аныктай турган 60ка жакын талаштуу участоктор бар. Чек араны аныктоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болсо 2000-жылдан бери уланып келатат.

Буга чейин өзбек тарап чек аранын айрым участокторуна тикенектүү зымдарды тартып келген болсо, май айынын соңунда Ханабад жана Анжиян шаарларындагы окуялардан кийин аңдарды каза баштаганы кабарланды.

Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн, кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча кыргыз тараптын комиссиясынын башчысы Саламат Аламановдун айтымында, кыргыз тарап Өзбекстандын аң казуу боюнча иш-аракетине байкоо салып турат:
Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек чек арасында казылган аң

- Азырынча негизинен Анжиян облусунун багытында (аң) жасалып жатат. Бирок Аксы жактарда да кооптуу деген жерлерин казып жатат окшойт. Биздин чекке кирип келбесин деп көзөмөлдөп жатабыз. Биз түштүк жактагы адистерди жибергенбиз. Алар бери жакка, биздин жерге кирип келбесин деп айылдык, райондук бийлик, чек арачылар менен биргеликте көзөмөлдөп жатышат.

Тереңдиги жана туурасы 3 метрден келген аңдарды азыркы мезгилде Өзбекстан өзүнүн аймагында казып жатат.

Талдоочулардын пикиринде, мындай аракет менен Ташкен эки өлкөнүн ортосундагы соода байланышка да катуу сокку урат.

Кыргызстандагы белгилүү дипломаттардын бири Ишенбай Абдуразаков эгемен мамлекеттин өз аймагында каалагандай курулуштарды курууга укугу бар экенин белгилеп, бирок делимитациялана элек аймакта андай иштерди жүргүзүү чатактардын булагы болуш ыктымалдыгын билдирди:

- Кандай болгондо дагы, Советтер Союзунун учурунда администрациялык чек ара деп, чарбалык кызыкчылыкты колдонуп, биздикилер тараптан көп учурларда жер берип койгондор болгон. Ошону документалдык түрдө азыр кайра ордуна келтирип, делимитацияны тактап бүтмөйүнчө ошондой иш-чаралардан алысыраак болгон жакшы болот. Себеби ал потенциалдуу конфликттин негизи болуп калышы мүмкүн. Ошонун баары такталып бүткөндөн кийин ар бир мамлекет өзүнүн чек арасын кандай кылып коргоп алат, ал алардын өзүнүн иши.

Кыргыз-өзбек чек арасы толук делимитацияланып, демаркацияланып бүткөнгө чейин чектеш аймактарда ар кандай курулуш иштерди токтото туруу чакырыгы менен кыргыз парламенти өткөн айда Өзбекстан парламентине кайрылган. Бирок андан эч кандай жооп боло элек.

Бул арада кыргыз-өзбек чек арасында опурталдуу окуялар кайталанууда. Маселен, Кара-Суу району тарапта кыргыз жаранын өзбек чек арачылары 7-июнда атып, жарадар кишини өз аймагына алып кирип кетишкен. Жарадар болгон жаран каза тапкан. Анын сөөгүн 9-июндан 10-июнга караган түнү Кыргызстанга өткөрүп беришкен. Ошондой эле Кадамжай районунда Алга айылында чек ара кызматынын кызматкери Закир Акбаровду 26-майда өзбек чек арачылары кармап кетишкен. Кыргызстан чек ара кызматы бул окуя боюнча мына эми он беш күндөн кийин билдирүү менен чыгууну караштырып жатат.
Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек чек арасында казылган аң.

Кыргызстан менен Өзбекстан президенттери 28-апрелде Арал деңизине байланыштуу Алматыдагы саммитте региондун суу-энергетикалык ресурстары боюнча пикир келишпестиктерге тушуккан. Мына ошондон кийин чек арада абал курчуп кеткенин серепчилер белгилеп жатышат.

Эми президенттер 15-16-июнда Россияда Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинин алкагында бир жыйынга чогулушат. Мына ошондо эки өлкөнүн лидерлери орток пикир табыша алабы? Муну эми убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG