Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Мотуев Нурлан: "Тийишкендерди каматып жок кылам"


Президенттикке талапкер Нурлан Мотуев эгерде мамлекет башчынын кызматына жетсе, дароо өлкөдө шариатка негизделген мамлекеттик идеология киргизет. АКШнын транзиттик борборун Кыргызстандан кууп чыгарат. "Бакиевдей жоош" болбойт, тийишкендерди каматып жок кылат.

Кыргызстандагы “Чыныгы мусулмандар союзунун” төрагасы бул жөнүндө “Азаттыкка" берген интервьюсунда айтып өттү.

-Эмне себептен эң жооптуу кызматка аттанып отурасыз?

- Ассало-o-o-o-м алейкум урматтуу кыргыз эли, ассалоoм алейкум Кубат Оторбаев. Эми бул сурооңузга жооп берсем. Мен далилдегим келди биздин өлкөдө демократия бар экенин, мусулмандар дагы, жаштардын өкүлү дагы президенттикке чыга аларын. Эч кандай бут тосуулар болгон жок, шыдыр эле өтүп кеттим, баардык нормаларын аткардым. Андан тышкары биздин өлкөдө жаштарды өнүктүрүү, мусулманчылыкты көтөрүү жана баардык конфессия, диний агымдардын ишин бир нукка салып, баарын мыйзамдуу түрдө эч кимге тоскоол болбой, жакшы өнүгүп келатканын далилдөө иретинде, бир диний уюмдун лидери катары шайлоого катыштым. Күчүмдү сынап көрөйүн дедим, калганын эл өзү чечсин.

- Сиз “Чыныгы мусулмандар союзунун” төрагасы деп өзүңүздүн өмүр баяныңызга да жазыптырсыз. Эгер шайланып калсаңыз, Кыргызстан ислам жаатындагы мамлекет болобу?

Мусулмандар союзунун Палестинага тилектештик акциясында
- Эгер шайланып калсам, бизде шариаттын принцип-эрежелерине сугарылган мамлекеттик идеология болот. Биз азыркыга чейин идеологиябызды таппай атабыз деп ар кайсы гезиттер ызы-чуу кылып эле жазып атышпайбы. Ал идеологиянын өзөгү ошол эле болот, "ууру кылба", "ушак айтпа", "коррупцияга белчеңен батпа", "элди алдаба", "адамдардын укугун корго"... Улуу Аллахтын сөзү болгон Куранда дагы ар кайсы жерлеринде жазылган, адам укукгун корго деп.

Менин идеологиям исламий принциптерге негизделип ширелет, мамлекеттик идеология болот.
Андыктан менин идеологиям исламий принциптерге негизделип ширелет, мамлекеттик идеология болот. Албетте, дин десе эле коркуп, жүрөктөрү түшүп, радикал, диний агымдар дешип, бир нерсе болсо эле Ооганстан, Пакистанды, Иракты мисалга тартып атпайбы. Мисалы алар чет өлкөгө баскынчылык саясат жүргүзбөптүр. Мен билгенден Ооганстан канча жылдан бери коргонуп эле келатат.

- Демек, сиз талибандардын жүргүзгөн саясатын туура деген ойду айткыңыз келип атабы?

- Жок, талибандар деген ошол эле арабдын "талаба" деген сөзү, алар талап кылат. Талибандар ислам динин таптакыр эле фанатичный түрдө колдонгула деп элден талап кылып атат. Телевизорду жоготкула десе, кээ бирлери орто кылымды түшүнүп атат. Бирок талибанды мен, албетте, колдобойм. Дагы бир диндин нормасында айтылган, бул азыркы жалган дүйнө капырлардын бейиши, мусулмандардын тозогу деп. Анан талибандарды бир четинен түшүнбөй кетем.

- Нурлан мырза, мына сиз айттыңыз, калп айтпа, ууру кылба деп. Бирок өзүңүз Кара-Кече көмүр кенин бир убакта басып алгансыз, өзүңүз да интервьюңузда айткан экенсиз, 10 миң тоннадан ашык көмүрдү элге таратып салдым деп. Бул уурулуктун түздөн-түз далили эмеспи, ошол себептен отурган жоксузбу абакка?

- Жок андай эмес, бул Аллахтын Жумгал элине жана ошондой эле Кыргызстан элине берген эң чоң белеги көмүр. Бул жерде уурулук кылган Жолдошбаевдин “Беш-Сары” комплекси Ош баазарында заңкайып турат, эч кайда эч ким каталбайт. Анын баасы канча билбейм, 10- 20 млн. доллар турат, бир гана кишиге - Жолдошбаевге иштеп атат, башка эч кимге берген жок. Аллахтын берген көмүрү элдики бекер деп мен 10 миң тоннаны бекер таратып салгам. Уурулук эч кандай болгон эмес, болгондо да ошол кезде 100 миң тонна көмүр таза киреше алганбыз.

- Эмне үчүн камады анда сизди?

- Ошол кездеги контрреволюциячылар каматкыла деп чыгып туруп алышты. Анан азырынча элдин кулак-мурду тынчыганга чейин деп камалып турдум, бирок соттон эч нерсе жебегеним далилденди. 100 миң тонна көмүрдүн таза кирешесинен 10 миң тонна көмүрдү элге бекер бергеним анык.

- Сизди ошол убакта башка бирөөнүн менчигинин басып алды деп сөз таратышты эксперттер?

- Так ошол Кыргызстандагы жапайы чала сабат эксперттер бар. Себеби көмүр, алтын бирөөнүн менчиги болуп эч качан саналбайт. Мисалы имарат, бул студия бирөөнүн менчиги болушу мүмкүн. Анан көмүрдү барып эле менчиктеп алгандай болбойт.

- Ал эми Жолдошбаевдин экскаваторлору, техникалары?


- Ал экскаватордун баары далилденген. Мына азыр Эрик деген жумгалдык бала бар, ошонун миллион долларга күчкө салып, сабап туруп эле тартып алган.

- Бул жолу сиз өз күчүңүз менен чыгып атасызбы, айтып атышат Ак үйдүн колдоосу менен чыгып атат деп?

- Эч кандай Ак үйдүн колдоосу жок эле, өз күчүм менен чыгып атам. Жана сиз айткандай көмүр өндүрүп бир аз бутка тургам, бир аз каражат бар, анан дагы көп спонсорлор бар. Элге, кудай шүгүр, кадыр-баркым, аброюм бар экен. Ончакты жардам берген ишкер бар.

- Азыр мамлекет башчысына өзүңүздү татыктуумун деп атасыз, азыркы президент Курманбек Бакиев чоң кемчиликтерди кетирип атат, ал жараксыз деген пикирдесизби?

- Эми бирөө жараксыз болуп калды, мен чыгам деген нерсе эмес. Бул жерде мен айтып атам, тескерисинче демократия, жаштарга колдоо бар экен, эч кандай бут тосуу, мусулмандарга эч кандай бут тосуу жок экенин далилдеп, ошонун символу катары чыгып атам.

- Сиз АКШда дипломатиялык тилдерди тейлөө институтуна тапшырган экенсиз. Ошону аяктагансызда? Ошол жердеги өмүр баянынызды тагыраак айтып кета аласызбы?

- Албетте, силер Американын радиосусуңар. Булар сүйүнбөсүн центр базаны (Транзиттик борбор) калтырды деп. Мен центр базаны калтырбайм, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин кайрадан элди дүрбөтөм, кайрадан элден кол топтойм, кайрадан чыгып кет деп требование кылам. Анан ошонун камчысын чаап атасыңар, тиги дүйнөдөн тозокко түшөсүңөр, даярдангыла ага.

- Сиз өзүңүз талибдерге каршы пикир айткандай болдуңуз. Бирок талибдерди чыныгы мусулмандар деп эсептейсизби?

- Алар чыныгы мусулмандардын туу чокусу. Бирок алар өтө адашкан адамдар. Мен аларды колдогон жокмун, адашкандар деп мен аларды сындап атам.

- Сиз айтып аткан базадан Кыргызстан кандай зыян тартып атат?

Кийинки чоң муштум, күчтүү революционерлер биз кынына кийрип койдук америкалыктарды.
- Кыргызстандын зыян тартканы ошол, радиоактивдүү жаан жаап атат алардын азабынан. Мисалы, азыр Чүй өрөөнүндө алма, өрүк, жер-жемиш, помидор, бадыраң өспөй калды. Чынында коркок Акаев унчугалган эмес. Кийинки чоң муштум, күчтүү революционерлер биз кынына кийрип койдук америкалыктарды. Мисалы Акаевдин доорунда алардын аскерлери биздин жарандарды тебелеп, атып өлтүрүп, ресторандан сабап койсо дагы унчугалбай делдиреп турушканын “Дело” гезитинен көп жолу окугам. Анан намыс деген болуш керек акыры.

- Азыркы түзүлгөн келишимди кандай деп ойлойсуз, мурда Ивановдун укугун коргошубуз керек эле деди, азыркы келишимде деле кол тийбестиги сакталып калыптыр го?

- Кол тийбестиги сакталып калганын билбейт экемин. Бирок мен өткөндө Кадырбек Сарыбаевдин данныйларында окудум, иммунитети алынат, жөн гана административдик-техникалык нормадагы статус болот деп. Мурункудай дипломаттык иммунитет болбойт деп турат.

- Бул жолу дагы сакталып калып атат?

- Сакталып калып атса алдыртабыз.

- “АКИ-пресс” агенттигинде интервью бердиңиз, Жеңишбек Назаралиев сиз менен телекайым айтышууга чыкпайм деп баш тарткандан кийин. Өзүңүз кандай пикирдесиз ушул окуя боюнча.

- Эми кыргыз тилинен өксүк, кемтик, комплекси бар, мейли орусчасынан эптеп өтөөр, элдин алдында шылдың болуп отуруп калганды каалаган жок. Бул кишини мен туура түшүнөм. Орусчасынан деле алдырмак эмесмин. Анткени өзүңөр билгендей, орусча айтканда, кыргыз саясатына он жылдан бери последовательно келатам. Ал бул болсо так шайлоонун алдында, же революциянын, же чоң событиенин алдында жонунан сезген доңуздай болуп пайда болгон адам экен Жеңишбек Назаралиев.

Биз Акаевдин оппозициясы 9 жылдан бери жүрүп даярдап койгон революцияга даяр ашка кашыгын белендеп эле даяр боло калган экен адам экен, революцияга бир ай калганда пайда болгон. Андан кийин парламенттик шайлоодо “Асабага” кошула калып ал жерден көрдүңөр эмне болгонун. Аны мен эки чайнап бир жутмакмын, жеңмекмин, андыктан менин жеңээримди билди, шылдың болбойун жаш баланын, элдин алдында деди окшойт, ошону менен качты.

- Өмүр баяныңызда үй-бүлөңүз жөнүндө такыр айтпапсыз. Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бербейсизби, кандай акыбалдасыз, канча балаңыз бар?

- Үй-бүлөм боюнча айтсам, Америкада 3 балам бар, бул жакта 2 балам бар. Азыр жубайым менен жашап атам, 1985-жылкы кыз, менден 15 жаш кичүү.

- Америкадагы балдарыңыздын тагдыры кандай, кабарлашып турасызбы?

- Америкадагы балдардын энеси тажаал болчу казак кызы, катын алсаң казактан кутулбайсың азаптан дейт. Ошону менен 7-8 жылдан бери дайынын билгизбей кеткен, билбейм эмне болуп атканын алардын.

- Балдарыңыздан кабар жокпу?

- Кабар жок, 7-8 жылдан бери энеси кабар бербей койду.

- Азыркы бийлик эмне кемчилик кетирип атат деп ойлойсуз, парламентиби, өкмөтүбү, президент өзүбү?

- Жетишкендиктерин айтсам абдан көп азыркы бийликтин.

- Негизги жетишкендигин айтып бериңизчи?

- Негизги жетишкендиги эле дүйнө жүзүнүн кубаттуу дөө-шаа мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүп калдык. Мисалы, Ислам Каримовдун көзүнө тике карап туруп айтты: "Камбар-Ата ГЭСи курулган, курула берет, сууну болсо товар катары сатабыз" деп айтты Курманбек Бакиев. Американын базасын чыгып кет дегенде жүрөктөрү түшүп, Барак Обама өзү кат жазганга мажбур болду, Карзайды ортого салышты. Бул сырткы саясатта. Ички саясатта болсо, Акаевдин тушунда 250 млн. доллар болгон бюджет азыр 1-2 миллиардга жетип калды, санай албай да калдык, улам көбөйүп атат, курулуштар жүрүп атат, шаар жакшырып атат, элдин жашоосу жакшырып атат, жетишкендиктер абдан көп, айлыктар көбөйдү, үйлөр салынды.

- Кемчиликтеричи?

Бакиевдин ордуна болсом, мага каршы жанагыдай жазган тиги-бу деп абройду төгүп, ар-намыска тийишкен гезиттерди мен дароо эле каматып, жок кылмакмын. Бул абдан жоош болуп атат.
- Кемчилиги Курманбек Салиевич бир аз жоош болуп атат. Кең пейил адамдыр, өтө катуу өзүнө позволить этет. Мен президент Бакиевдин ордуна болсом, мага каршы жанагыдай жазган тиги-бу деп абройду төгүп, ар-намыска тийишкен гезиттерди мен дароо эле каматып, жок кылмакмын. Бул абдан жоош болуп атат.

- Үй-бүлөлүк башкаруу жоюлган жок, 24-марттын максаттары ишке ашкан жок дейт, сиз кандай ойдосуз?

- Үй-бүлөлүк башкарууну көргөн жокмун. Мисалы, президент Бакиевдин өзүнүн кызматта отурганын көрөм, калган бир-туугандарынын атын анда-санда эле угам, үй-бүлөлүк эч кандай башкарууну көргөн жокмун.

- Бул шайлоодо канча процент добуш алам деген ойдосуз?

- Эми орусча айтканда, человек предполагает, Аллах располагает дейт, адам божомолдойт, баардыгы Аллахтын колунда. Аллах мээримин чачып койсо, миң киши уюшуп келип мага каршы эч нерсе кылалбайт.

- Канчанчы орунда болом деген ойдосуз?


- Экинчи, үчүнчү орунга чыксам деле жаман эмес.

- Демек, сиз алдын-ала билесиз Бакиевден утулаарыңызды, 2-3-орун үчүн баратасыз?

Бакиев менен күрөшүш кыйын болуп турат, беркилерин эки чайнап бир жутарыма ишенем.
- Чынын айтсам, ал кишини утуп түшөм деп айталбайм. Жетишкендиктери абдан көп болуп калды. Ал жетишкендиктер жакында эле болду. Мисалы, чет өлкө менен тең ата сүйлөшкөнү, ички экономикалык саясатты көтөрүп салгандыктан элдин эсинде турат. Андыктан чынын айтсам - Бакиев менен күрөшүш кыйын болуп турат, беркилерин эки чайнап бир жутарыма ишенем.

- Келип маек куруп бергениңизге чоң рахмат.

P.S: «Азаттык» Нурлан Мотуевдин интервьюсу менен 23-июлдагы шайлоого карата «Талапкер менен таанышуу» деген жаңы рубриканы баштады. Анын максаты - Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясынан катталган 6 адам менен тааныштыруу. «Азаттык» шайлоо мыйзамдарын сактоо менен бейтараптык, калыстык принциптерин эске алып, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп, алардан интервью алмакчы. "Азаттык" ушул тапта калган талапкерлердин - А.Атамбаев, К.Бакиев, Ж.Назаралиев, Т.Сариев жана Т. Үмөталиеванын штабдарына кайрылып, интервью алуу аракеттерин жасап жатат.

Президенттикке талапкер Н. Мотуев менен маек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00

XS
SM
MD
LG