Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Ооган шайлоосунан от чыкчудай


Кабул -- Улуттар Уюмунун өкүлү Кэй Эйде талапкерлер менен алардын тарапкерлерин сабырдуулукка чакырды.
Кабул -- Улуттар Уюмунун өкүлү Кэй Эйде талапкерлер менен алардын тарапкерлерин сабырдуулукка чакырды.

Кабулда бүгүн шайлоонун алгачкы натыйжалары жарыяланат деп күтүп жатышат. Болжолдо жаңы президент ким болору биринчи айлампада аныкталбайт шекилди.

Добуштардын санагы жалпы жонунан оор топондоп калды, бирок комиссия алардын алгачкы жыйынтыктарын бүгүн да жарыялай албай калышы ыктымал. Шайлоодогу алмакей-чалмакейликтерге байланыштуу түшкөн эки жүздөн ашуун арыз-дооматтарды Улуттар Уюму дайындаган даттануу комиссиясы түгөл териштирип бүтө албай жатат. Комиссиянын башчысы Грант Киппен моюнга алгандай, алардын баарын кылдат карап чыкканга дагы бир нече күн керек болот.

Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Кэй Эйде талапкерлерди,алардын тарапкерлерин жана жалпы шайлоочуларды сабыр кыла турууга чакырып, комиссияга ишти чала-чарпыт калтырбай, шайлоо процессинен, анын натыйжаларынан кийин ишеним кетпегидей кылып тыянак чыгарганга мүмкүндүк берүүнү өтүндү.

Башкы эки атаандаштын – президент Хамид Карзай менен мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулланын жааткерлери болсо өз талапкерин гана жеңүүчү деп санап жатышат.

Карзайдын штабындагылар аны болжол менен добуштардын 70 процентин алды дешет. Доктор Абдулланын өкүлдөрү муну четке кагып, кокус Карзай биринчи айлампада жеңди деп жарыяланса, кудум Ирандагыдай нааразылыктар башталарын эскертишти.

Абдулланын өкүлдөрү келтирген маалыматтарга ылайык, түштүктөгү Газни шаарында шайлоо күнү добуш бергени беш-алты эле киши келген, бирок Карзайдын жалпы упайын комиссия бул жерден 250 миң добуш деп эсептеди. Кандагарда да он миңге жетпеген киши добуш берди, тыянагында болсо Карзайга 100 миң добуш жазылды.

Абдулланын өкүлдөрү белгилешкендей, Карзайдын саясий базасы саналган бүткүл түштүк аймактарда талиптер активдүүлүк кылгандыктан шайлоочулардын сегиз проценти гана добуш берди. Жалпы өлкө боюнча бул көрсөткүч 40 процентке жетти, мындай шартта бийликтеги президент биринчи айлампада дегеле артыкчылык кыла алмак эмес.

Доктор Абдулла өзү да көз карандысыз шайлоо комиссиясынын башчысын сынга алып, аны азыркы президентке кызмат кылып жатканы үчүн айыптап, бул органга ишенүү кыйын деп билдирди.

Бейтарап байкоочулар биринчи айлампада талапкерлерден ким бирөө элүү проценттен ашуун добуш аларына ишенбей турушат. Жаңы президент ким болору, кыязы, 1-октябрда аныкталат окшойт. Болбосо шайлоодон чыр чыкчудай. Мындай натыйжа талиптердин таасирин күчөтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG