Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Ооганстан: Тандоосуз шайлоо


Доктор Абдулла шайлоо таза өтөөрүнө ишенбей калганын айтты
Доктор Абдулла шайлоо таза өтөөрүнө ишенбей калганын айтты

Ооганстанда 7-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозициянын талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын жарыялады.

Анын негизги атаандашы, азыркы президент Хамид Карзай өлкөнүн Шайлоо комиссиясы кандай чечим кабыл алса, ага макул болоорун билдирип жатат.

Ооганстандын мурдагы Тышкы иштер министри Абдулла Абдулла шайлоого катышпайм деп, буга себеп катары шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн койгон талаптары бийлик тарабынан аткарылбаганын келтирди.

“Мен өкмөттүн жана Көзкарандысыз шайлоо комиссиясынын аракеттерине ачык каршылык катары 7-ноябрда өтө турган шайлоого катышпайм”, - деди Абдулла, бүгүн Кабулда өзүнүн тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөп жатып.

Катыша берсе болмок, бирок эмне кылса - өз эрки...
Ал “Ооган эли ачык жана акыйкат шайлоодо добуш берүүгө укуктуу” деп, акыркы шайлоону айыптады. Бирок өзүнүн колдоочуларын шайлоого катышпоого үндөбөй турганын айтты.

Доктор Абдулла азыркы президент Хамид Карзай менен президенттик кызмат үчүн 7-ноябрда шайлоонун экинчи айлампасында беттешмек. Шайлоону өткөрүү боюнча эки саясатчынын сүйлөшүүлөрүндө Абдулла Карзайдан Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисин, айрым губернаторлорду жана өкмөттөгү кээ бир министрлерди кызматтан алууну талап кылган. Анткени алар шайлоодо Карзай үчүн иштеп беришет деп айыптаган.

Абдулла жекшембидеги билдирүүсүндө “Шайлоого катышпоо боюнча чечим кабыл алуу ал үчүн оңой болбогонун” айтты. Бирок 7-ноябрда добуш берүүнүн акыйкат өтүшүнө ишеним калбаганда ушундай кадамга барганга мажбур болгонун кошумчалады.

Ооган президенти Хамид Карзай "Азаттыктын" кабарчыларынын суроолоруна жооп берип жатат. 1-ноябрь, 2009
Ооганстандын президенти Хамид Карзай болсо бүгүн “Азаттык” менен болгон эксклюзив маегинде билдиргендей, ал өлкөнүн Шайлоо комиссиясы 7-ноябрдагы шайлоо боюнча кандай чечим кабыл алса да, аны кабыл алат.

“Мен доктор Абдулланын айткандарын уктум жана айтаарым: Ал баары бир шайлоого катыша берсе сүйүнмөкмүн, - деди Карзай. - Бул баарыбыздын кызыкчылыгыбыз үчүн жакшы болмок. Бирок ал эмне деп чечсе, өз эрки”.

Ооганстанда президенттик шайлоо быйыл 20-августта өткөн. Анын алдын ала жыйынтыктары боюнча президент Хамид Карзай экинчи мөөнөткө шайланганы жарыя кылынган. Бирок Бириккен улуттар уюмунун жетекчилигиндеги комиссия добуштардын массалык түрдө бурмаланганын аныктагандан кийин, анын экинчи айлампасын өткөрө турган болушкан эле.

Айрым аналитиктер алдыдагы шайлоодо Хамид Карзай президенттикке жалгыз ат салышып калса, бул жагдай шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирчү окуя болоорун айтып жатышат.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG