Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Беларус орус газын Европага өткөрбөй койду


Беларус өз аймагы аркылуу орус газын Европага өткөрүүнү токтотту. Бул боюнча буйрукту президент Александр Лукашенко бүгүн чыгарды. Бүгүн эрте менен Орусиянын “Газпром” компаниясы Беларуска жөнөтүлчү жаратылыш газынын көлөмүн кыскартууну 30% чыгарганын айткан.

Орусия Беларуска жиберилчү газдын көлөмүн кечээ 15% кыскарткан болчу.

Азыр Орусия менен Беларус бири-бирин жаратылыш газы үчүн карыздарды төлөсүн деп айыптап жатышат. Москва Беларуска жөнөтүлүп жаткан газ үчүн соңку алты айдын эсеби менен “Минск 192 млн.долларга карыз” деди. Минск болсо орус газы Беларус аркылуу Европага жөнөтүлүп жаткандыктан, орустарда транизтке 217 млн.доллар карызы бар деп чыкты.

“Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер: “Наавада Беларус карызын төлөбөсө, ал жакка жөнөтүлүп жаткан газдын көлөмү дагы кыскартылат”, - деди.

“Соңку күндөрү Беларус орус газы үчүн карызынан кутулуш үчүн эч кандай аракет көргөн жок, - деди Миллер. - Ошондуктан 22-июнда эрте мененки саат 10:00 тарта Беларуска жөнөтүлчү газдын көлөмүн кыскартуу 30% чыгарылат”.

Беларус газ үчүн карызынан түрдүү жабдыктар, башка товарлар менен кутулууну сунуш кылган. Сунушту бирок орус президенти Дмитрий Медведев четке кагып, газ үчүн карыз акчалай гана төлөнүшү важип экенин эскертти.

Ал арада Беларуста вице-премьер-министр Владимир Семашко журналисттерге билдиргенине караганда, расмий Минск сырттан акча табуунун жолдорун караштырып жатат.

“Биз карызды төлөш үчүн Батыштан акча сурап турганга мажбур болобуз, - дейт Семашко. - Карызды бүгүн болбосо да, эки аптанын ичинде сөзсүз төлөйбүз”.

Ошол эле учурда Минск “Газпромго” өзүнүн талабын коюп, транзит үчүн орустар 217 млн.доллар карызын төлөсүн деп жатат.

Москвада болсо “Газпромдун” расмий өкүлү Сергей Куприянов “Франс Пресс” маалымат агенттигине айткан кебинде чындап эле Беларуска транзит үчүн карыз бар экенин билдирген. Бирок ал так сумманы келтирген жок. Ошол эле учурда, транзит карызы боюнча Беларус тийиштүү документтерди бериши керектигин, ошондо гана Орусия төлөй алаарын айтты.

Орусия менен Беларустун ортосундагы жаңы “газ чатагы” кайрадан эле Батыш Европанын үшүн ала баштады. Анткени Борбордук жана Батыш Европадагылар Беларус аркылуу келчү орус газын колдонушат.

“Газпром”, зарыл болсо, Украина аркылуу деле газды Европага жибере ала турганын айтып, өзүнүн европалык кардарларын тынчытууга аракет кылгансыды. Беларус “эгер газдын көлөмүн ишкана дагы кыскарта берсе, Европага орус газын жөнөтпөй коерун” эскерткен эле. Бүгүн президент Александр Лукашенконун буйругу менен орус газын Европага жөнөтүү токтотулду.

Былтыр кышында Орусия менен Украина да газдын айынан араздашып, жыйынтыгында Европага газ эки апта бою жетпей калган. “Бул ирет Беларус менен андай маселе чыкпайт”, - деп ишендирди Минскиде Энергетика министринин орун басары Эдуард Товпенец.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG