Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Бүтүрүүчүлөр чоң сыноонун алдында


Мамлекеттик сынактардан ийгиликтүү өткөн мектеп бүтүрүүчүлөрү орто билим тууралуу күбөлүктү салтанаттуу түрдө 25-июнда колдоруна алат. Бул жылы мектепти бүтүргөндөрдүн саны 75 миң болуп, алардын 40 миңге жакыны Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. Учурда бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайына тапшырууга кам көрүп жатат.

Мектеп бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, учурда жогорку окуу жайына тапшырсам дегендердин саны миңдеп саналат. Алардын бири Азамат келечекте машина куруучу болсом деп кыялданат. Азаматтын айтымында, мектепти элеттен бүтүргөн окуучулар жогорку окуу жайларына өтүүнүн жолдорун жакшы билишпейт:

- Мен мектепти быйыл эле бүттүм. Техникалык окуу жайына тапшырып, келечекте машина куруучу болгум келет. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 128 упай алдым. Эми өтөмбү, өтпөймбү билбейм. Анткени мугалимдик кесипке орундар көп деп жатышат. Ал эми кайсы окуу жайда канча орун бар экенин буга чейин билген эмесмин. Бул жакка келип билдим. Анткени айылда жогорку окуу жайлары жөнүндө так маалымат берген эч ким жок. Айтаар элем, гезит беттеринен болобу же радиодонбу бул туурасында көбүрөөк маалымат беришсе.

2010-жылдагы тестирлөөнүн башка жылдардан айырмачылыгы – быйыл апрель окуяларында набыт болгондордун балдары үчүн 140 бюджеттик орун каралган. Апрель окуяларында каза тапкандардын балдары үчүн түзүлгөн мындай шарт Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, 26-июнда өзүнчө сынак жүргүзүлөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Абдыманап Жолдошов билдирди.
Атам жок болгонуна байланыштуу бюджеттик окууга өтсөм экен деп отурам.


- Апрель окуяларынан улам Жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай калган окуучуларга жана бул окуяда ата-энесинен ажыраган окуучуларга атайын сынак жүргүзүлөт. Бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. 5705 бюджеттик орундун ичинен апрель окуяларында жапа чеккен же болбосо ата-энесинен ажыраган балдар үчүн 140 орун бөлүнгөн. Ал эми кайсы адистикке кабыл алынгандыгын атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүрөт.

2010-жылдагы тестирлөөнүн дагы бир айырмачылыгы келишимдин негиздеги окууларга бөлүнгөн орундардын 50 пайызына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ошондой эле 1-2 топтогу майыптар жана жетим балдар үчүн бюджеттик негизде билим алууга атайын орундар каралган.

Айтпай кызы Сырга быйыл окууну бүтүп, шаарга чоң ой-максаттар менен келгенин жашырган жок.

- Мектепти Кара-Ой айылынан бүттүм. Келечекте тигүүчү болууну самайм. Атам жок болгонуна байланыштуу бюджеттик окууга өтсөм экен деп отурам. Ал үчүн атасы жок деген справка алып келиш керек экен. Ошондо атайын жеңилдиктер каралат дешти.

Бул жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 5705 бүтүрүүчү бюджеттик негиздеги окууга кабыл алынат. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик билим берүү бөлүмүнүн адиси Евгения Чубикованын айтымында, бюджеттик негиздеги орундардын 50 пайызы педогогикалык тармакка берилсе, 40 пайызы техникалык адистиктерге берилет. Ошондой эле 10 пайыз орун маданият, медицина өндүү тармактарга каралган:

- Ар бир жогорку окуу жайы келишимдин негизиндеги орундардын 50 пайыз Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен окууга кабыл алуунун 1-айлампасы 12-июлда, 2-айлампа 19-июлдан 24-июлга чейин жүрөт. Мындан тышкары майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн да орундар каралган.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары Ирина Карамушкинанын айтымында, апрель окуяларында жана Ош коогалаңында ата-энесинен ажыраган мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусуна деп республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүнгөн.
Ар бир жогорку окуу жайы келишимдин негизиндеги орундардын 50 пайыз Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алат.


- Бизде азыр апрель окуяларында көз жумгандардын жана жапа чеккендердин балдарынын саны такталып жатат. Аларга жардам берем деген бейөкмөт уюмдар да бар. Ошондой эле республикалык бюджеттен алардын жайкы эс алуусуна жана дарылануусуна 5 млн. сом бөлүнгөн. Мындан сырткары катуу жаракат алгандарды дарылоо үчүн Ысык-Көлдүн бир пансионатынан 100 орун даяр турат.

Расмий эсепке ылайык, республика боюнча 9-классты бүтүрүп жаткан окуучулардын саны 100 миң, ал эми 11-классты бүтүрүп жаткандардын саны 75 миңден ашык. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бардык мектептерде мамлекеттик сынактар 22-июнга чейин жыйынтыкталат. Ал эми учурдагы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн түштүгүндө мамлекеттик сынактар болбойт, анын ордуна бүтүрүүчүлөргө жыйынтыктоочу баалар коюлат.
XS
SM
MD
LG