Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Р.Отунбаева: Референдум бизди укуктук жолго салат


Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева түштүк борборунда добуш берди. Добуш берип чыккандан кийин мамлекет башчысы референдум Кыргызстандын элинин биримдигин билдире турган жана келечектүү жолго сала турган маанилүү окуя экенин белгиледи. Ошол эле учурда Ош аймагындагы электорат жакында болгон тополоң окуялардан улам мурдагыдай өтө активдүү боло албай жатат.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Ош шаарында жайланышкан № 298-бекетинде добуш берди. Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп кайтарып жатып, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы өлкөдө акыбал чындап оор экендигин жашырган жок.

- Референдум бизди укуктук талаага түшүрөт деп ишенем. Биз андан оң жыйынтык күтмөкчүбүз. Эл Кыргызстандагы туруктуулук жана мыйзамдуу бийлик үчүн добуш берип жатышат. Көпчүлүгү бизди жоголуп бараткан же өтө опурталдуу коркунуч босогосунда турган өлкө катары атап атышат. Бүгүнкү референдумда Кыргызстан калкы мамлекет бирдиктүү экендигин көрсөтүп жана далилдегиси келип жатат,- деди Роза Отунбаева.

Ал андан ары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, референдумдан кийин техникалык өкмөт түзөөрүн, кыска аралыкта экономикалык жетишкендиктерди камсыз кылып, андан тышкары алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду акыйкат өткөрөрүн убада кылды.

Ошол эле учурда референдум чөлкөмдөрүн аралап, добуш берүүчүлөргө микрофон сунганыбызда буларга токтолушту:

Таалайбек Нурбаев: Кыргызстан күчтүү мамлекет болуш үчүн биз Конституцияга макул деп добуш бердик. Отунбаевага менин пикирим начар - себеби мамлекеттин тагдыры күчтүү колдо болушу керек. Саат ондо тополоң болду. Эгер армия киргизип, аскерди коюп койгондо ушул тополоң болбойт эле. Ушунча өлүмгө ушул убактылуу өкмөт күнөөкөр деп эсептеймин.

Равшан Гапиров: Эми баргандары барып атат аздан аздан. Азыркы күндө бизде өзбектерде эч мүмкүнчүлүк жок, алардын укуктары тебеленип тепселип, көбүнүн документтери да жок. Көчөгө да чыга албайт, чыккандары эркин жүрө албайт.

Нуркан Абдылдаева: Мен өзбек элинин капачылыгын билдирмекчимин. Референдум жакшы деңгээлде өтөт деп ишенич билдире албаймын.

Арапжан Улуккожоев: Куда кааласа баары жакшырып кетет, жаштарга ынсап берсин, даманы жакшырып кетсин деген жакшы тилек менен тынчтык.

Төлөгөн Келдибаев: Мурда Акаевдин, Бакиевдин учурунда референдумдардан кандай жыйынтыктар чыкса, бул сапар деле ошондой болот деп ойлойм, себеби Кыргызстандын эли өлкөнүн эгемен тарыхында бир да жолу активдүү катышкан эмес.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланат деген шектенүүлөрдү жаратпай четке какты.

XS
SM
MD
LG