Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Коалиция карталары ачыла баштады


Парламенттин алгачкы отуруму, алдыда КСДП мүчөлөрү. 10-ноябрь.
Парламенттин алгачкы отуруму, алдыда КСДП мүчөлөрү. 10-ноябрь.

Президент Роза Отунбаева коалиция түзүү милдетин мурда өзү мүчө болуп турган Социал-демократтарга тапшырды.

Эми бул партия кимдердин башын бириктирет да, өкмөттү кандайча түзөт?

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясын азыркы президент Роза Отунбаева жетектеп турган. Ал кезде депутаттык кол тийбести бар Роза Отунбаева бийлик төбөсүнө мөндүр болуп төгүлүп алчу. Эми 10-ноябрдагы парламенттик шайлоодо экинчи болуп марага келген ушул эле партияга президент коалиция түзүү милдетин жүктөп отурат.

КСДП кимдерди бириктирет?

Социал-демократтар буга чейин “Республика” партиясы менен биригүүгө даярдыгын билдирген. Орусияга ыктайбыз деген “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентаризмди колдогону менен ошол системаны алып келген “Ата Мекенди” кыртышы сүйбөй турат. Берки жээкте болсо күчтүү президенттик башкаруу алып келебиз дешкен “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” бар. Бирок бул эки партия тең шайлоонун жыйынтыктары чыккыча кадимкидей жоошуп, парламенттик башкарууда деле иштеп көрөбүз дегендей ойлорду айта башташты. Кыязы бул эки партия кан төгүлгөн бийлик алмашуудан кийин өзгөргөн башкаруу системасын оңой-олтоң өзгөртүү такыр мүмкүн эмес экенин эми гана сезип, шайлоо маалындагы эйфориядан чыгышкандай.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Исмаил Исаков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Социал-демократтар, “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары катышкан коалиция түзүлүп калуу ыктымалдуулугу көбүрөөк экенин айтты:

- Оптималдуу вариант - албетте биринчи биздин идеялашыбыз, мурдатан бери биз менен бирге күрөшүп келген “Ата Мекен” партиясы менен бирге болсок, алдыга койгон максаттарды аткарганга жакшы болот эле. Ошону менен бирге азыркы өткөн партиялардын ичинен бизге программасы жакыныраак, парламенттик башкарууга дагы көз карашы бирдей партия, бул албетте “Республика”. Ушул үч партиянын тегерегинде сүйлөшүүлөр жүрүп атат жана ушул үчөө бириксе деп эл да күтүп турат.

Коалиция боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөр бир партиянын көбүрөөк, бирөөнүн азыраак добуш алганы анча маанилүү эместигин, бардык беш партия негизинен бирдей күчкө ээ экенин көрсөттү. “Ата Мекендин” лидерлери муну жакшы түшүнүп тургандыктан, бийликте чечүүчү күчкө ээ болмоюн коалициядан баш тартышаарын айтышууда. Президент Роза Отунбаева да эгер Социал-демократтар 15 күн ичинде өкмөт түзө албаса, коалиция түзүү милдетин башынан үзөнгүлөш, идеялаш “Ата Мекен” партиясына тапшырарын билдирди.

Ортодогу “Ата Мекен” чечүүчү күч болуп турат

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдиргендей, алар коалицияда реалдуу күчкө ээ болмоюн партияны убактылуу колдонууга бергилери келбейт:

- Акаев, Бакиевдер кызмат бергенде, биз барган эмеспиз. Кимдер кызматка чуркап барганын кыргыз эли жакшы билет. Биздин негизги максат – жүргүзүп аткан реформалар ийгиликтүү болуп, артка кайткыс болушун каалайбыз. Эгер биз фракцияга кирсек, бир гана шарт менен киребиз. Мына ошол реформаларды жүргүзүүдө “Ата Мекен” партиясы чечүүчү ролду ойношу керек жана таасири болушу керек. “Ата Мекен” партиясын эптеп тигил же бул министрлик, акимдик кызматты алыш үчүн тигил же бул топко убактылуу пайдаланууга биз бербейбиз.

“Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов болсо “Ата Мекен” менен анчалык деле пикир келишпестиктери жок экенин айтып, биригип калуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Ошентсе да ал Социал-демократтар, “Ар-Намыс” жана “Республика” үчилтиги да мүмкүн экенин жашырган жок. Негизинен бул партия беш партия тең катышкан кеңири коалиция түзүү сунушун билдирген.

Орусиячыл партиялардын деми сууй түштүбү?

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов кеңири коалицияга беш пайыздык чектен өтпөй калган “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар”, “Замандаш” партияларын кошуу сунушун айтууда. “Ата-Журт” партиясы да кеңири коалицияга макул экенин, бирок оппозицияда калуу да жаман эместигин билдирүүдө.

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун баамында, эгер Социал-демократтар фракциясы “Республика” менен “Ата Мекен” кошулган коалиция түзүүгө аракет кылса, анда спикерлик орунду Ө.Текебаевден эч ким талашпайт. Андыктан азыр А.Атамбаев менен Ө. Бабановдун ортосунда премьер-минисрлик орунга ким отурушу керектиги боюнча гана оор сүйлөшүүлөр жүрүүдө:

- Үч партиянын негизинде бир коалиция түзүлүшү мүмкүн. Алар КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” партиялары. Ушул үч партия өкмөттүн негизин түзөт деп ойлойм. Бул жерде эң негизги маселе, премьер-министрлик маселеси өтө оор негизде өтүшү мүмкүн. Азыр А. Атамбаев менен Ө. Бабановдун ортосунда премьерликти чечүү маселеси турат. Эгерде ушул маселе чечилсе эле анда коалиция түзүлдү деп айтсак болот.

Ушул тапта бийликте чечүүчү күчкө ээ болуу дымагы ар бир фракцияда бар. Аны “Ата Мекен” партиясы да жашырбай айтууда. Бирок ошол дымагы күчтүүлөр кызмат бөлүшүүгө келгенде тил табыша алабы, кеп ушунда калды. Коалиция түзүү милдетин алган Социал-демократтар “Ата Мекен” менен “Республиканы” ийге келтире турган болсо, келаткан шейшембиге чейин булар коалиция түзүп, парламент төрагасы менен премьер-министрди аныктап коюшу толук ыктымал.

Ал арада аркы жээктеги эки партия менен да сүйлөшүүлөр уланары шексиз. Кокус биринчи вариант ишке ашпай калса, Социал-демократтар “Ата-Журт”, “Ар-Намыс” партияларынын тамырын тартып, ар кандай варианттарды карап көрөт. Эгер 15 күн ичинде булар келише албаса, анда “Ата Мекен” партиясы деле ушундай тагдырга туш болушу мүмкүн. Ошо себептүү кандай болгон күндө да КСДП коалиция түзөт, болочок өкмөт КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” партияларынан куралат деген пикирлер талдоочулар арасында көбүрөөк.

XS
SM
MD
LG