Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Азия футбол конфедерациясынын жетекчилери шайланды


Катарда Азия футбол конфедерациясынын 24-конгресси ишин жыйынтыктады. Мында жетекчилерди кайра шайлоо өттү. Вице-президенттикке кыргызстандык талапкер жетиштүү добуш алган жок.

Жыйында Азия континенталдык федерациянын президенти жана анын орун басарлары шайланды. 2002-жылдан бери Азия континенталдык федерациясын жетектеп келаткан 61 жаштагы катарлык Мохамед Бин Хаммам президенттик орунда 2015-жылга чейин бир добуштан калды.

Ага атаандаш болуп эч ким талапкерлигин көрсөткөн эмес. Анын орун басарлыгына Непалдан, Шри-Ланкадан, Ирандан жана Кыргызстандан төрт талапкер сунушталып, непалдык Ганеш Тапа шайланды. Калган үчөөнүн катарындагы кыргызстандык талапкер, Футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев жетиштүү добуш ала алган жок.

Жергиликтүү спорт күйөрмандары Кыргызстандын Азия футбол конфередерациясынын жетекчилигиндеги орунга жетпей калышын эл аралык уюмдар менен кызматташтыктын солгундугу менен байланыштырып жатышат.

Канттын “Абдыш-ата” футбол клубунун чабуулчусу Нурзат Кадыркулов Азия конфедерациясы менен кызматташуу начар деп эсептейт:

- Эл аралык футбол федерациясы жана Азия конфедерациясы менен кызматташып, алардын жардамы менен долбоорлорду ишке ашырбасак, кыргыз футболунун абалы начар. Мурда алардын жардамы менен машыктыруучулар “Футуро” деген атайын курстан окуп, билимдерин жогорулатчу эле. Азыр анын бири жок. ФИФАнын жардамы аркылуу өлкө аймагында жетимишке жакын машыктыруучу иштеп, балдар футболу жанданып калган. Азыр ал демилгенин деми сууп турат.

Футбол федерациясынын мурдагы жетекчиси, мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиевдин айтымында, эл аралык, Азиялык спорт уюмдары сунуштаган долбоорлор ишке ашпай калды. Бул да өз кезегинде Кыргызстандын эл аралык аброюна зак кетирди:

- Көп долбоорлорду түзүп, ФИФА, АФК менен кызматташууну жөнгө салып койгон элек. Ошол учурда башталган долбоорлор аягына чыкпай турат. Жаңы долбоорлордон дайын жок. Ар жыл сайын футбол федерациясына 350 миң АКШ долларынан инвестиция алып келип турган элек. Ушул уюмдардын жардамы менен өлкөдө футбол борборлорун түзүп, жасалма кыртыштуу футбол аянтчаларын курууга жетишкен элек. Мындай футбол аянты Ош шаарында дагы курулмак эле. Баары ФИФА, АФК жетекчилери менен макулдашып коюлган болчу. Ал долбоор да ара жолдо калды.

Ошол эле мезгилде футбол тармагында ишмердигин улантып жаткандар футболду жандандыруу аракеттери күч экенин айтып жатышат. Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун айтымында, даңазалуу “Алга” командасы кайра түзүлдү. Ага заманбап шарт түзүү үчүн 12 млн. сом каражат бөлүндү. Бакиров жер-жерлерде футбол клубдарын түзүлсө атаандаштык күчөп, ага жараша футболдун деңгээли өсөт эле дейт:

- Мамлекеттеги жагдай да бардык тармактарга таасирин тийгизип жаткан учуру. Өлкөнүн ал-абалы кандай болсо, спорт, футболдун деле деңгээли ошого жараша. Мурдагы жылдары Жогорку лигада он команда ойносо, былтыр 6 команданын үчөө гана акырына жетти. Дүйнөдө бир да өлкө жок болсо керек, Жогорку лигасында 5-6 команда ойногон. Ошондуктан ар бир облуста бирден команда болсо, атаандаштык дагы болмок. Футбол - өлкө абалынын күзгүсү болуп турат. Дүйнөлүк футболдун арымы күчөп баратат, бизде артка кетип бараткандай жагдай болуп турат.

Учурда кесипкөй клубдардан “Абдыш-Ата” менен “Дордой” командаларына тең атаандаштар чыкпай, алардын чеберчилиги аксап турат. Мурдагы жылдары Жогорку лигада он команда ойносо, былтыр 6 команда марага араң жетти.

Спорт күйөрмандарынын бир бөлүгү спорт, анын ичинде футбол деле өлкөнүн чамасына жараша өнүгөт дешет. Бул аралыкта Азия аймагында футболдун арааны жүрүп, кызыккандардын катары улам өсүп баратат. Байкоочулар Кытайдан Индияга чейин созулган бул аймактагы тенденция чын эле “футболдун келечеги Азияда” экенин айгинелеп турат деп жатышат. Ошол толкунда кошуна өлкөлөрдөн Өзбекстандын футболу Кыргызстандан ат чабым алдыда баратат.

7-январда Дохадагы Азия Кубогунун финалдык оюндары Катар жана Өзбекстандын тандалма командаларынын ортосундагы мелдештен башталат.

Катардагы Конгресске сот департаментинин мурдагы жетекчиси, экс-президент К.Бакиевдин жардамчысы, президенттик администрациянын жетекчисинин мурдакы орун басары, учурдагы футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаевден сырткары федерациянын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев жана эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Букуев катышты.
XS
SM
MD
LG