Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Быйылкы жыл Ошто Ынтымак жылы деп жарыяланды


Ош шаардык мэриясы 2011-жылды Ынтымак жана достук жылы деп жарыялады. Бирок конкреттүү кандай иш-чаралар болоору айтылган жок. Бул демилге айрыкча өзбек тектүү жарандар тарабынан кайдыгер жана ишенбөөчүлүк менен кабыл алынууда.

Мэриянын аппараттык жыйынында калаа жетекчиси Мелис Мырзакматов мекеме-ишканалардын жана квартал жетекчилерин эки элдин достугун чыңдоо боюнча иш-чаралардын программаларын иштеп чыгууну буйруду:

- Улут аралык мамилени чыңдай турган коомдук-маданий иш-чаралар иштелип чыксын. Программасы кабыл алынсын. Андан кийин биздин коомдук кеңешке алып чыгалы да, 2011-жылды биз Ош шаарында улуттар аралык мамиленин жана ынтымактын жылы деп жарыялайбыз. Ар бир ишкана, ар бир квартал жетекчилери так, багыттуу тапшырма берилсин.

Мелис Мырзакматов
Оштогу “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун жетекчиси Авазхан Ормонова мэриянын демилгесин ишке ашырууга айрыкча аялдарды көбүрөөк тартуу керектигин сунуштап жатат:

- Чындыгында бүгүнкү күндө кыргыз улутунда да, өзбек улутунда да бири-бирине болгон жек көрүү, өч алуу сезимдери турат. Эгерде биз жөндөн жөн эле ынтымакты чыңдап коебуз десек, бул жаңылыштык болуп калат. Биз ар бир улуттун өкүлүнүн оюн жанына барып угуп, ошого байланыштуу иштерди жасашыбыз керек. Ошондой эки улуттун бири-бирине болгон агрессияны токтотуу үчүн аялдарды көбүрөөк ишке тартышыбыз кажет. Анткени эки улуттун тең энелери, балдарын, айрыкча жаштарды ар кандай нерселерге баруудан сактап кала алат.

Ал ортодо Ош шаарынын айрым тургундары улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жылы деп жарыялоо демилгесин кайдыгерлик жана ишенбөөчүлүк менен кабыл алууда. Ош шаарынын өзбек тектүү тургуну Анвар Ибрагимов алгач коопсуздукту камсыз кылып, андан кийин ынтымак маселелеси көтөрүлсө жакшы болмок деп эсептейт:

- Эми шаар мэри колунан келген ишти жасап жатат. Бирок мунун баары жыйынтык берет деп ишенбейм. Себеби элдин ортосунда дагы деле эски жаранын карты айыга элек. Азыр деле улуттар аралык бөлүнүү болуп жатат. Маселен мен күндө сезем. Шаарда коопсуздук да жакшы эмес. Биринчи ошол маселени чечиш керек.

Шаар тургуну Азамат Кожоев демилге конкреттүү иш-чаралар менен бекемделбегенин айтууда:

- Шаардын мэри Ошто 2011-жылды улуттар аралык достуктун жылы деп белгиледи. Бирок эки элдин ынтымагын чыңдоо боюнча конкреттүү сунуштар айтылган жок. Оозеки түрүндө эле айтылып жатат. Буга чейинки иштерди кайталашат. Концерт өткөрөт, чогулуш өткөрөт, жыйын өткөрөт. Чыныгы турмушка келгенде, ал жерде достоштук деп туруп эле, андан чыккандан кийин эки эл баягыдай эле бири-бирине душмандык көз карашат, тиш кайрашып турат.

Буга чейин да коомчулукта эки элдин ынтымагын чыңдоо үчүн шаарда өзбек менен кыргызды аралаштырып отурукташтыруу керек экендиги айтылып келген. Эми минтип мекеме-ишканалардан баштап, окуу жай, мектептерге чейин коомдук маданий иш-чаралар байма-бай өткөрүү пландалууда. Калктын калың катмары болсо иш-чаралар жемишин берип, ынтымак бекемделет деп үмүттөнүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG