Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

"Айылбанк": дыйкандарга насыя бериле баштайт


Ушул тапта өкмөттөн кредит үчүн бөлүнгөн 1 миллиард сом тиешелүү банктарга которулду. Кредит 31-майга чейин берилет. “Айылбанктын” жетекчиси Токтомат Акматов дыйкандарга насыя берүүнүн жол-жоболору тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Дыйкандарга насыяны бөлүштүрүүдө өкмөт берип жаткан 1 миллиард сомдун канчасы сиздердин банк аркылуу берилет?

Токтомат Акматов: Өкмөттүн токтомунун негизинде 19-январда, жылдын башында алынды эле. Бир 1 миллиард сом төрт банкка каралган. Үч жүз миллион сом биздин банк аркылуу дыйкандарга насыяга берилүүгө каралып жатат.

“Азаттык”: Бул насыя акча дыйкандарга кандай жоболор менен берилет?

Акматов: Дыйкандарга насыя 200 миң сомго чейин бир жылга берилет. Кредит 31-майдан тарта бериле баштайт. Кечээ, буйруса, биздин банкка акча которулуп берилди. Бул иш эки ай мурун эле башталган. Дыйкандарга массалык маалымат каражаттары аркылуу, жер-жердеги биздин филиалдар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Азыр 1 миң 251 киши 114 миллион сомго өздөрүнүн арыздарын беришти.

“Азаттык”: Насыя алуу үчүн 20га чукул кагаз чогултуу керектиги айтылып жатат. Бул дыйкандарга кошумча түйшүк жаратпайбы?

Акматов: Бул туура эмес. Эки негизги документ керек. Мүлк койгон каражаты тууралуу жана мамлекеттик каттоодон кагаз керек. Калгандары майда кагаздар. Акча кайсы багыт боюнча алынып жатса, мисалы үрөн үчүн алса, ошол тууралуу бекитилген кагаздар керек.

"Азаттык": Насыя алам деген дыйкандар көп болсо керек. Кантип бересиздер же сынак жарыяланабы?

Акматов: Сынагы жок эле дыйкандарга каражат төрт багыт боюнча берилип жатат. Бул жанагы үрөнгө, күйүүчү майга, унаа-тетик жана жер семирткичке берилет.

“Азаттык”: Буга чейин кредит тааныш-билиш менен алынган учурлар болгону айтылып эле келе жатат. Бул жолу насыя акча таза, ачык жол менен берилет деп кепилдик бере аласыздарбы?

Акматов: Албетте. Мисалы насыя алган дыйкандардын сөзсүз телефону, дареги өкмөткө, Каржы министрлиги, экономикалык өнүгүү минисрлигине жана кредит берип жаткан атайы фондго берилген. Аны каалаган учурда текшерип, ошол дыйкандын өзүнө чыкса болот. Андан тышкары жер-жерлерде биздин телефондорубуз бар. Учурдан пайдаланып айта кетейин: телефон номурубуз 66-51-33. Дыйкан өзү да түз чыкса болот. Насыя ачык түрдө, кыйнабай, тез арада берилиши керек.

“Азаттык”: Эгер түшүм болбой калса, анда дыйкан койгон мүлкүнөн ажырап калабы? Ушул жагы да эске алынабы?

Акматов: Эми андан кудай сактасын. Бирок ошондой болуп калса, биз өзүбүздүн каражаттын эсебинен мөөнөтүн узартып, же башка жолдорду караштырабыз.

“Азаттык”: Тогуз пайыз менен бергени жатасыздар. Ошондо кандай төлөнөт?

Акматов: Ооба, бир жылга ушундай тогуз пайыз менен берилет.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG