Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ван Кайвен: Талаштар сүйлөшүү менен чечилишин каалайбыз


Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн

Кытай элчиси Кыргызстанда кен байлыктарын иштетип жаткан кытайлык компанияларга карата нааразылыктарга байланыштуу үн катты.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн 29-августта жергиликтүү журналисттердин чакан чөйрөсү үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда экономикалык карым-катыштардын азыркы абалына токтолду. Кытайдын элчисинин журналисттерге чыгуусу Кыргызстандагы кендерге, жүк ташууларга байланыштуу өткөн нааразылык акцияларына туш келип отурат. Муну айрым талдоочулар жети өлчөп, бир кесип, анан коомчулукка чыгууну эреже кылган Кытай дипломаттары үчүн жөнөкөй эле дал келүүчүлүк эмес деп жатышат.


Саясий оюнбу?


Чынында эле Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэндин журналисттер менен Солтон-Сарыда кен иштетип жаткан “Жанг Жи Майнинг” ишканасынын жумушчуларын жергиликтүү калк опузалап, айрымдарына кол тийгизгенден үч күндөн кийин жолугушуп олтурат. Андан мурдагы жумада Чаткалда кытайлык дагы бир кен иштетүүчү «Фулл голд майнинг» ишканасынын жумушчулары менен жергиликтүү калк өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыккан. Нааразылыкка чыккандар дээрлик кендерди жергиликтүү ишкерлерге кайтаруу, жергиликтүү калкты ишке көбүрөөк тартуу деген сыяктуу талаптарды коюп жатышат.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги журналисттер менен жолугушуусуна шилтеме берип, 24 кж агенттигинин тараткан маалыматтарына караганда, элчи мындай маанайды кимдир бирөөнүн саясий оюну болушу мүмкүн деп баалаган. Элчинин айтымында, Кытай өз ишкерлеринин укуктарын коргоого кызыкдар. “Келечекте ушундай чыгуулар улана берсе Кыргызстан мындан уттурат, бул жакка эч ким каражат салбайт”, - деп айткан элчи.

Жергиликтүү талдоочулар Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин журналисттер аркылуу тараткан бул билдирүүлөрүн Кытай ишкерлерине каршы аракеттерге нааразы экендигин бийликке кыйытуу катары баалап жатышат.

- Мындай маалыматты булар жөн эле уюштура бербейт. Саясий жактан мындай маселелерге булар өтө кылдат мамиле кылышчу эле, - дейт саясат таануучу Кубанычбек Өмүралиев.

Саясат таануучунун болжолунда, кошуна мамлекет Кыргызстандагы бардык окуяларга, анын ичинде март, апрель ыңкылаптарына да өлкөнүн ички иши катары карап, окчун турчу, мынчалык саясий боёгу бар билдирүүлөр менен чыкчу эмес дейт. Ошондуктан талдоочунун оюнда, Кыргыз өкмөтү дипломатиялык мындай кыйытууларды көз жаздымда калтырбай, Кытай өңдүү карылуу кошуна менен мамилени бузбоонун өңүтүн табуу зарылдыгы бар.

Бул аралыкта жергиликтүү бир топ адистер мурдагы өкмөт Кыргызстандагы толгон-токой кендерди кытайлык ишкерлерге элдин кызыкчылыгын ойлобой туруп берип жиберген деп, азыркы бийликтен аларды кайтарууну талап кылып турган кез.

Коомдук ишмер, ЕврАзЭШтин мурдагы катчысы Эмил Узакбаев келген инвесторлорду кетирүү аркылуу маселени чечүү мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Жалпы Кыргызстандын экономикасына өбөлгө түзгөн долбоорлордун баарын колдош керек. Келген инвесторлорду кубалабаш керек, кетирбеш керек. Тегерек үстөлдө талкуулап, өкмөткө иштегенге мүмкүнчүлүк берилиш керек. Бирок өкмөт мурдагы бийликтегилердей үй-бүлө деңгээлинде бекинип келишим түзбөстөн, коомчулук менен, жарандык коом менен, жергиликтүү калк менен акылдашып, түшүндүрүү керек. Негиздеме болсо Кытай болобу, Европа мамлекеттеринеби. Америкагабы бериш керек.


Жүк ташуу эрежелери жөнөкөйлөштүрүлөт


Элчи журналисттер менен жолугушууда кыргызстандык жүк ташуучулардын өткөн аптада болгон нааразылык акциясы тууралуу да өз оюн билдирген: “Биз дайыма талаш-тартыштар сүйлөшүп, кеңешип чечилишин каалайбыз. Биз азыр тиешелүү мекемелер менен байланышып жатабыз. Кытайлык жана жергиликтүү айдоочулар тең болушун, бийликтер алар иштегенге жакшы шарт түзүп беришин каалайбыз. Анткени алар дагы өлкөлөрдүн экономикасынын, кошуналык мамилелердин өнүгүшүнө салым кошуп жатышат” деген элчи.

Элчинин айтымында, айдоочулардын талаптарынын негизинде ШКУнун алкагында жүк ташуу эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү аракеттери көрүлө баштаган экен...

Өткөн аптанын башында кыргызстандык жүк ташыган айдоочулар эки күн катары менен жүк ташуу рыногун толугу менен Кытайлык айдоочулар ээлеп алып ишсиз калдык деп, бийликтен Кытайдан жүк ташыган кытайлык жана кыргызстандык айтдоочулардын укуктарын теңештирүүнү талап кылган. Ушул эле айдоочулар Кытай автоунаалары менен ташылган жүктөр эл аралык нормадан эки эсе салмактуу болуп, ал автожолдорду талкалап жатканын айтып, терминалды кыргыз-кытай чек арасына курууну талап кылышкан.

Жолугушууга чакырган журналисттер тараткан маалыматтарга караганда, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн эки өлкөнүн ортосундагы жалпы соода-экономикалык карым-катыштардын деңгээли, миграция, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун келечеги тууралуу да сөз кылган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG