Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

ЕККУ кыргыз шайлоосун байкоого алат


Президенттик шайлоо өнөктүгүнө көз салуу үчүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясы Кыргызстанга келди. ЕККУ өкүлдөрү президенттик шайлоонун таза өтүшүнө маани берип жатканда, шайлоодогу алешемдиктер азыртадан эле каттала баштаганы кабарланууда.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросунан 350дөй кыска мөөнөттөгү байкоочу келет.

16-сентябрдан тарта бюронун 14 эксперти Бишкекте ишин баштап, кийинки аптада 28 узак мөөнөттүү байкоочу өнөктүккө көз салууну колго алышат.

Байкоочулар миссиясынын максатын, анын жетекчиси Корин Жонкер мындайча ачыктады:

Корин Жонкер
- Биздин ролубуз шайлоого кийлигишүү эмес, байкоо жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча баяндама жасоо болуп саналат. Биз шайлоонун жыйынытыктарына кызыкдар эмеспиз. Бирок бизди шайлоо жараянынын таза өтүшү, ЕККУнун теңдик, адилеттик, бейтараптуулук сыяктуу милдеттенмелерине ылайык өткөрүлүшү көбүрөөк кызыктырат.

Биздин башкы аракетибиз бул жараянды техникалык жактан баалоону камсыз кылуу. Андан кийин биздин корутунду жана сунуштарыбызды кандай колдонууну коомчулук, саясий партиялар жана өкмөт өзү чечет.


ЕККУ/ДИАУБ миссиясы шайлоого чейинки кырдаал боюнча 2 баяндама жазып, добуш берүү күнүнүн эртеси алгачкы жыйынтык маалыматын берет. Ал эми шайлоодон 8 апта өткөндөн кийин шайлоо боюнча толук баяндама жана сунуштарын жарыялайт. Буга чейин ЕККУ миссиясы сегиз жолу Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүн байкоого алган эле.

Алешемдиктер азыртадан эле байкалуудабы?

Эми ЕККУ өкүлдөрү алдыдагы президенттик шайлоонун таза өтүшү Кыргызстандын демократиялык жетишкендиктеринин негизги көрсөткүчү болоорун, бул шайлоо өлкө үчүн маанилүү сынак экендигин билдиришүүдө.

Ар бир шайлоо өткөн сайын бизде жакшы жакка өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Бир гана саясатчылардын жоопкерчилиги жөнүндө жакшы жакка өзгөрүш болгонун айта албайм...
Деген менен бир катар жергиликтүү байкоочулар күздөгү парламенттик шайлоого салыштырмалуу, президенттик шайлоого камылгалар жүрүп жаткан ушул күндөрү эле ар кыл алешемдиктер катталып жатканын айтып, коңгуроо кагышууда.

Алардын бири “Таза шайлоо” бирикмесинин жетекчиси Айнура Усупбекова:

- Мурдагы парламенттик шайлоодо административдик ресурс дээрлик жок болуп калган. Бул президенттик шайлоого карата биз азыр алешемдиктерди байкап баштадык. Административдик ресурстарды колдонуу башталды. Баягы эле добуш сатып алмай, алдын ала үгүт байкалууда.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо эл аралык коомчулуктун көпчүлүгүнүн бүйүрүн кызытууда. Шайлоо өнөктүгүнө көз салуу үчүн КМШ жана ШКУга кирген өлкөлөрдөн жакын арада байкоочулар келери күтүлүүдө.

Шайлоо таза өтөбү?

Боршайком буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу алдыдагы шайлоонун таза өтүшү үчүн мыйзамдык негиздер бар экенин билдирүүдө. Маселен, жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, бул жолу кошумча тизмелердин жоюлушу, добуш берүүдө түстүү сыянын колдонулушу шайлоодогу алешемдиктерди алдын алуучу чара катары сыпатталууда.

Абдымомун Мамараимов
БШКнын мурдагы курамынын мүчөсү, “Voice Of Freedom” (“Азаттык үнү”) коомдук уюмунун жетекчиси Абдымомун Мамараимов шайлоонун таза өтүшү талапкерлердин абийиринде, дейт.

- Ар бир шайлоо өткөн сайын бизде жакшы жакка өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Бир гана саясатчылардын жоопкерчилиги жөнүндө жакшы жакка өзгөрүш болгонун айта албайм. Борбор шаардын көчөлөрүн карасам, азыртадан эле жашыруун жарнама жүрүп жатат. Мамлекет башчысы болом деген адам ушундай кадамга кантип барып жатат?

Бүгүнкү күнгө карата мамлекет башчысы болууну каалагандардын саны 32 адамды түзүүдө. Алардын канчасы талапкер катары катталары 24-сентябрда, мамлекеттик тил сынагынын аяктагандан кийин белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG