Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

“Бир дүйнө” фестивалында абактагы укук коргоочуларга сыйлык берилди


“Бир дүйнө-Кыргызстан 2011” деп аталган адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын фестивалы кечээ кечинде жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болду. Фестивалдын акырында “Кайратмандыгы жана эркиндикке болгон күрөшү үчүн” деген номинация боюнча учурда түрмөдө жаткан кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровго, казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтиске жана белорус укук коргоочусу Алес Беляцкийге диплом тапшырылды.

Эл аралык тасмалардын ичинен гран-при сыйлыгы Түштүк Африкалык продюсер Джо Тунда Ва Мунганын “Төрт тасмада Конгонун жашоосу” аттуу фильмине ыйгарылды. Улуттук программа боюнча гран-прини кыргызстандык режиссер Асель Жураеванын “Меккеге карай жол" тасмасы утуп алды. Ал эми жаштар маселелери боюнча конкурстук программанын башкы сыйлыгы АКШлык режиссер Сара Нессондун “Плакаттагы кыз” тасмасына берилди. Мындан тышкары биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар аныкталды. Сыйлык катары фестивалдын атайын айкели жана дипломдор тапшырылды.

“Бир дүйнө” фестивалы Кыргызстанда 5-жолу өтүп жатат. Ага чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандан жалпы 29 фильм катышты. Бул тасмалардын басымдуу бөлүгүндө балдардын, аялдардын, жаштардын жана тергөө абактагылардын укуктары боюнча маселелер чагылдырылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG