Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

ЕККУ байкоочусунун паспорту бир нече саат текшерилди


Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн келаткан ЕККУнун бир байкоочусу “Манас” аба майданында кармалып, кайра койо берилди.

Чек ара кызматы мунун чоо-жайын түшүндүргөн жок. ЕККУ миссиясынын медиа өкүлү бул маселеге байланышкан комментарий президенттик шайлоодон кийин берилерин билдирди.

Бул аралыкта ЕККУ сунуштаган байкоочулардын 67си каттоодон өтпөй калгандыгы кабарланды.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын курамында Кыргызстанга келаткан жапониялык байкоочу Якико Кикучи “Манас” аба майданында кармалгандыгын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Якико Кикучи
Якико Кикучи
Мындай маалыматты Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов “Азаттыкка” тастыктап, бирок себептерин айткан жок. Кийин ЕККУ миссиясынын медиа өкүлү Иван Гадарский байкоочу чек арадан өтүп, Бишкекте экендигин билдирип, анын кармалышына көз карашын миссия президенттик шайлоодон кийин айтаарын кошумчалады.

Бул аралыкта айрым укук коргоочулар Якико Кикучинин кармалышын анын Орусия Федерациясынын атайын кызматтарынын кара тизмесинде экендиги менен негиздешүүдө.

Норвегиялык Хельсинки комитетинин укук коргоочусу Ивар Далеге таянып, Якико Кикучинин “кара тизмеге” киришине чечен качкындарына жардам бериши себеп болгон деген маалымат таратылды. Ушундай негиз менен ал 2008-жылы Грозныйга сапары маалында Шереметьево аба майданында токтотулган. Укук коргоочунун негиздегенине караганда Орусия атайын кызматтарынын “кара тизмеге” байланышкан бирдиктүү системасы КМШ аймагында, анын ичинде Кыргызстанда да күчкө ээ.

Мындай маалыматтарга расмий түшүндүрмө берилген жок. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Якико Кикучи айымдын “Манаста” убактылуу кармалышын паспортундагы маалыматтарды тактоо иш-чарасы менен байланыштырды.

Бул аралыкта ЕККУнун Кыргызстанга келген байкоочулар миссиясы БШК 67 байкоочуну каттабай жаткандыгын билдирди. Медиа өкүл Иван Гадарский:

- Биз буга тынчсызданып жатабыз. Себеби алар эртең ишин башташы керек эле. Биз алардын документтерин октябрдын башында бергенбиз. Кечээ кошумча документтерди жибердик. Эмне үчүн бул кыска мөөнөттүү байкоочуларды каттабай жатканын биз түшүнбөй жатабыз.

Айнура Шайымкулова
Айнура Шайымкулова
БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова мындай жагдайды аталган 67 байкоочунун документтеринин так эместиги менен түшүндүрдү:

- Себеби паспортторунан анын ким экендигин тактап болбойт. Аты-жөнү, сүрөт түспөлү да так эмес. Капкара-капкара эле документтерди тапшырышты. Аны БШК отурумунда ЕККУ өкүлүнүн өзүнө көрсөттүк. Эмне себептен каттоодон өтпөй калганын өздөрүнө түшүндүргөнбүз.

Шайымкулова кошумча жиберилген документтер талапка төп болсо, аталган байкоочулардын катталуу ыктымалдыгы бар.

Эл аралык байкоочулардын арыздарын кабыл алуу мөөнөтү 26-октябрда аяктады. Акыркы маалымат боюнча БШК президенттик шайлоого көз салууга арыз берген үчүн эл аралык байкоочулардын 725ин каттады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG