Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Орусия Тажикстанга “таарынды”


Владимир Садовничий (солдо) менен Алексей Руденко Хатлондогу сот залында, 8-ноябрь, 2011
Владимир Садовничий (солдо) менен Алексей Руденко Хатлондогу сот залында, 8-ноябрь, 2011

Тажикстанда эки орус учкучу аткезчилик үчүн узак мөөнөткө түрмөгө кесилгенине Орусиянын жетекчилиги менен маалымат каражаттары кескин нааразылыгын билдирип жатышат. Айрым орус саясатчылары “Орусияда иштеп жүргөн миллиондой тажик мигрантына кысым көрсөтүш үчүн Тажикстанга виза режимин киргизүүнү да сунуш” кылышты. 8-ноябрда Тажикстанда орус жараны Владимир Садовничий менен эстон жараны Алексей Руденко боюнча сот өкүмүн чыгарган эле.

Шейшембиде Коргон-Төбөдөгү сот ал эки учкучту “аткезчилик”, “мамлекеттик чек араны бузгандык” жана “эл аралык авиация эрежелерин бузгандык” үчүн күнөөлүү деп таап, 10,5 жылга катаал режимдеги түрмөгө кести. Кийин экөөнө тең мунапыс жарыяланып, жаза мөөнөтү ар бирине 2 жылдан кыскартылды.

Буга Орусиянын тышкы иштер министрлиги заматта билдирүүсүн таратып, соттун өкүмүн “саясий чечим” деп атады. Министрликтин расмий өкүлү Александр Лукашевич бул өкүм Москва менен Душанбенин мамилесине терс таасирин тийгизет деди.

“Тажик тарап эл аралык нормаларды ачык эле бузуп жатат. Опуздалган учактар эмне болоору тууралуу да так маалымат жок, - деди Лукашевич. - Соттун чечими эки өлкө ортосундагы өнөктөштүккө жана кызматташтыкка багытталган мамилеге катуу сокку урат”.

Орус тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн айтымында, сотто учкучтардын күнөөсүн көрсөткөн бир да айкын далил берилбеди.

Шаршембиде орус президенти Дмитрий Медведев блоггерлердин бул боюнча суроосуна жооп берип жатып, “тажик сотунун чечими көп суроолорду жаратат” деп билдирди. Медведев өлкөнүн бүт тийиштүү органдарына бул боюнча буйрук бергенин, эми тажик тараптын расмий түшүндүрмөсүн күтүп жатканын, ошого жараша чечим чыгарылаарын” кошумчалады.

Ал арада расмий Москвага Душанбени башка жолдор менен кысымга алуу сунуштары айтыла баштады. Маселен, “Комсомольская правда” гезити “эң эле реалдуу жана эффективдүү чара” катары орус жеринде ишке алынчу тажик мигранттарына квотаны кыскартууну, керек болсо, Тажикстан менен виза режимин киргизүүнү да сунуш этти.

Учурда ар бир жетинчи тажик жараны Орусиядагы сезондук иштерге тартылган. Миграцияга кандай гана чектөө болбосун, ал орус жеринде иштеген туугандарынын тапканы менен күн көргөн тажикстандыктарды оор социалдык, финансылык кыйынчылыктарга кептеп коет.

Орусиялык депутат, КМШ өлкөлөрү менен байланыш боюнча парламенттеги комитеттин төрагасынын орун басары Константин Затулин орус өкмөтү Тажикстанга “бүт жардам каналдарын” жаап салса болот дейт. Анын пикирин “Московский комсомолец” гезити баскан.

Орусия чын эле Тажикстанга гуманитардык жана аскерий жардам көрсөткөн башкы өнөктөштөрдүн бири. Москва былтыр Душанбеге 63 млн.доллардай жардам көрсөтүнүн айтууда.

Орусиядагы Коомдук палатанын мүчөсү Анатолий Кучерена соттун өкүмүн “катаал, биздин өкмөттүн бетине урулган шапалак” деп атады. Кучерена азыр кантип болбосун, Орусия тажик түрмөсүнөн өзүнүн жаранын чыгарып алгандын амалын табышы керек дейт.

Эстониядан болсо Руденконун камалганы тууралуу реакция мындан анча жай, токтоо айтылгандай болду.

Эстониянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Свен Толп азыр алардын жараны соттун өкүмүн жокко чыгарыш үчүн доо арыз жазганын, эми алар ошонун жыйынтыгын күтүп жатышканын айтты.

“Азырынча бизде бул боюнча акыркы чечим чыгарыла элек, - дейт эстон тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү. - Ошон үчүн азырынча жараныбызды экстрадициялоо боюнча айтыш эрте. Биз аппеляциялык сот башкача чечим чыгарат го деп үмүттөнүп турабыз”.

Быйыл мартта Руденко менен Садовничий AN-72 деген эки башка учак менен Ооганстандан келатып, Тажикстандын Хатлон регионуна май куйдуруш үчүн кокусунан конгон болчу. Учактардын биринен декларацияда көрсөтүлбөгөн учак кыймылдаткычы табылган. Ошондо тажик бийликтери ал учактарды опуздап, учкучтарды камашкан. Учкучтар өздөрүнө тагылган айыптарды мойнуна алышкан жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG