Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Ош: Жаңы бүткөн үйдөн жарака кете баштады


Былтыр пайдаланууга берилген 75 батирлүү үй. Ош, 3-декабрь.
Былтыр пайдаланууга берилген 75 батирлүү үй. Ош, 3-декабрь.

Ошто былтыркы коогалаңда жабыр тарткандарга салынган көп кабаттуу үйлөрдүн айрымдарынын дубалдарынан жарака кетип, тамчы өтө баштады.

Оштун Манас-Ата кичирайонундагы 5 кабаттан турган 75 батирлүү үйдүн колдонууга берилгенине жыл айлана элек. Былтыркы кандуу окуяда жабыр тарткандар биринчилерден болуп ушул үйгө киришкен. Бирок эми минтип экинчи кыштын башталышында эле имараттын айрым жерлерине жарака кеткен.

Бул үйдөгү 32-чи батирдин жашоочусу Венера Чилова жаңы үйдүн пайдубалы да чөгө баштаганын айтат:

Венера Чилова жаңы эле бүткөн үйдөн жарака кетишинен кооптонот.
Венера Чилова жаңы эле бүткөн үйдөн жарака кетишинен кооптонот.

- Өткөндө жер титирегенде бир сыйра, баштан-аяк жарака кетти. Биздин үй так ушул жаракага туура келип калат экен. Ашканабыздын ичинен да кичине жери көчүп түштү. Үйдүн аркасы, подьезди жана пайдубалы да чөгүп атат. Анан жамгыр өтүп менин дубалдарым көгөрө баштады. Бир күн көчүп түшпөй бекен деп кээде коркуп да кетесиң.

Чилованын айтымында, көп кабаттуу үй менен бирге түшкөн балдар аянтчасы да бузула баштаган:


- Бир жылга жетпеген убактын ичинде эле ушунча жери бузулуп аткан болсо, бул эми канча жылга жетээр экен деп коём өзүмчө. Утур чөккөн сайын арызданып, аларды кайра-кайра чакыра беребизби? Балдарга салынган аянтчадагы селкинчектер да сынып калды. Милдет кылгандай болбоюн го, бирок эптеп-септеп курулгандай эле болуп калып атат да. Ким бирөө айтмакчы, «көздөн өтөр, үйгө жетер» кылып эле иштешкендей...

Ал эми Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы жашоочулардын мындай дооматтарын жөндүү деп эсептебейт. Дирекциянын өкүлү Курбаналы Азимов анча-мынча кемчиликтерди чоң маселеге айлантууну туура көрбөйт:

Жаңы үйдөгү жарака
Жаңы үйдөгү жарака

- Чындыгында биз баарын идеалдуу деп айткыбыз келбейт. Иш болгон жерде кемчилик болот экен. Бирок биз болгон кемчиликтерди өз убагында оңдоого аракет кылабыз. Так ошол 75 батирлүү үйдүн сапаты эң сонун эле. Мына канча жер титирөө болду, бир былк этип койгон жок. Ал менимче, 7-8 баллга чейинки зилзаланы көтөрө алат. Анан мунун баарын чоң саясат кылыштын кереги жок.

Дирекция ошондой эле жабыр тарткандар үчүн курулган көп кабаттуу үйлөр “евростандартта” эместигин жана мамлекеттин каражаты ушундай сапатты курууга гана жетээрин билдирүүдө.

75 батирлүү үйдү курган «Аль-Манар» курулуш компаниясынын инженери Арын Жээнбеков болсо мындай кемчиликтерди оңдоп коюу оңой эле деп эсептейт:

Жаңы үйдөгү жарака
Жаңы үйдөгү жарака

- Эми сапаты боюнча айта турган болсок, биз жакшы эле курганбыз. Анча-мынча жерде жарака болуп атканы бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Анткени бөлүнгөн жерлери азыркы жаңы технология менен, башкача айтканда пенопласт коюлуп, тор тартылып, шыбак болгон. Анын баары кышта курулгандыктан кургаганда кичине жарылып кетиши мүмкүн. Аны кайра оңдоп койсо болот.

Маалым болгондой, Ош жана Жалал-Абадда жалпысы болуп 35 көп кабаттуу үйдүн курулушу пландалган. Ушул кезге чейин алардын он бири бүткөрүлүп, өткөн жылкы этникалык кагылыштан жабыр тарткандарга берилген болсо, калган он беш көп кабаттуу үй ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилгени турат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG