Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Текебаев менен Юсупов талашкан чындык


Курманбек Бакиев Бишкектеги үйү, 8-апрель, 2010-жыл
Курманбек Бакиев Бишкектеги үйү, 8-апрель, 2010-жыл

Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу 7-апрелде мурдагы президент Бакиевдин жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоноо фактысынын негизинде кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин бир топ кылмыш эпизоддору боюнча айыпталып, тергөө абагында отурган Абдулла Юсуповдун “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги талап-тоноого тапшырма берген деген көрсөтмөсү коомчулукка жарыяланган болчу.

“Ачык” калган лаборатория

Абдулла Юсупов “Ата Мекен” партиясынын жетекчилигин "2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылап учурунда Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноого буйрук берип, аларды атайын даярдалган кампаларга ташытып турган" деп абактан берген көрсөтмөсү факт боюнча кылмыш ишин козгоого негиз берди.

Юсупов талап-тоноонун эң эле орчундуусу катары борбордун чок ортосундагы Радишев көчөсүнүн 12-үйүндө Максим Бакиевге таандык алтын чайкаган лабораториядан бир тоннадан ашуун алтын кошулмасы чыгарылып кеткендигин мисал келтирген болчу.

Өзүн Юсупов менен биргеликте мына ошол топто болгонун ырастаган Айсулуу Дүйшөнбекова алынган алтын кошулмасы мамлекетке өтөт деген үчүн ал ишке катышкандыгын айтып, көрсөтмө берди:

- Мына ошол “Вефа-борбордун” тушундагы алтын чайкаган лаборатория жайгашкан имарат деп айтылып жаткан. Ошол имараттын ичинен биздин балдар чакан, үстүндө мөөр басылган коробкаларды алып чыгышып, машинелерге жүктөп беришкен. Мына ошол коробкалардын ичинде алтын кошулмасы чайкала элек куму менен экендигин байкаганбыз. Анан биздин арабыздан Мухаммед деген жигит “муну эми кайда алып барып тапшырабыз” дегенде бул жерде балдарга баш-көз болуп турган Райкан Төлөгөнов ызы-чуу бүтүп, бардыгы тынчыгандан кийин жаңы бийликке атайын акты менен бардыгы өткөрүлө тургандыгын айткан болчу. Бирок, тилекке каршы, мына ошол алтын кошулмаларынын тагдыры кийин эмне болгонун уккан жокпуз. Биз жаңы ыңкылапчыл бийликтин өкүлдөрү көрсөтмө берип жаткандыктан гана ушул ишке бардык. Башка кылмыш дүйнөсү ушундай кылып жаткан болсо, биз ага аралашмак эмеспиз. Себеби Юсупов "биз Бакиевдердин байлыгын мамлекетке алып калууга көмөктөшсөк кийин бизге сыйлык берилет" деп айткан болчу.

Эки ача көрсөтмөлөр

Ал күнү аталган лабораториядан жалпысынан миңден ашуун кутуча чыгарылганын айткан Юсупов эки “Газелге” алынган жүктү жүктөп, жөнөтөөр менен аскер формасындагы беткапчан жыйырмага чукул адам келип, аларды колго түшүргөндүгүн айткан.

Абдулла Юсупов ошол замат “атамекенчи” Райкан Төлөгөновго чалып, ал киши жетип келип куткарып калгандыгын белгиледи. Бирок мында Дүйшөнбекова менен Юсуповдун берген көрсөтмөлөрү эки ача чыгууда. Дүйшөнбекова Райкан Төлөгөнов лабораториянын аймагында бардыгына баш-көз болуп жүргөн десе, Юсуповдун Төлөгөновду телефон аркылуу чакыргам дегени бар. Ошол эле кезде тартип коргоо органдары 7-апрель күнү аталган объектиге спецназ жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган жери жок.

Бирок Абдулла Юсуповдун бул окуяны көргөн башка дагы отуздан ашуун күбөнү таап, таланган үйлөрдү толук көрсөтүп берем деп ишендиргени коомчулукту таң калтырууда:

- Алтын кошулмаларын жүктөп, машина жылып кеткенден кийин эле биз мына ошол аскер формачандарга кармалып калганбыз. Мен ошол жерден “Райкан байке, бизди бул жерде кармап алышты го, эмне кылабыз” деп телефон чалдым. Анан бат эле Райкан Төлөгөнов жана ошол кездеги ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп турган Болот Шердин жардамчысы анын кызматтык машинеси менен келип калышты. Алар мына ошол аскер формасындагы беткапчандардын командири менен ичине кирип кетип, жарым сааттай сүйлөшүп чыгышты. Анан бизди койо беришкен эле. Бизди кармаган аскер адамдарынан деле ошол күнү эмне болгондугун сураса айтып берсе керек.

Бирок Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Райкан Төлөгөнов Юсупов баштаган топ менен эч кандай байланышы болбогондугун белгилеп, анын айткандарын жокко чыгарды. Райкан Төлөгөнов мунун бардыгын алардын саясий каршылаштары атайын даярдап, колдонуп жаткан жалган жалаа катары мүнөздөдү:

- Мунун бардыгы атайын уюштурулган жалаа. Биринчи жолу Текебаев президенттикке талапкердигин койгондо чыгарышты. Анан ал талапкердигин алып салганда кайра тынчып калган. Ошол боюнча парламенттин спикери Келдибековдун маселесин карап жатканда мына ошол Юсупов дегендин бизге каршы берген жалган жалаасын кайра көтөрүштү. Андан кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Байзаковдун ишинде кетирилген кемчиликтерин казып чыккан учурда мурдагы тизмеге биздин кесиптешибиз Мадылбековдун фамилиясын кошуп алып кайра коомчулукка жарыялашты. Муну биздин саясий атаандаштар өздөрүнө ыңгайлуу учурда гана колдоно койчу саясий куралга айлантып алышты.

Райкан Төлөгөнов
Райкан Төлөгөнов
Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат, кесиби боюнча чекист Токон Мамытов Максим Бакиевдин көзөмөлүндөгү кытайлык ишкер иштеткен лаборатория боюнча учурунда маалыматтар болгондугун белгиледи. Бирок депутат Токон Мамытовдун алтын чайкаган лабораториянын 7-апрелден кийинки тагдырынан кабары жок:

- Бир документтер боюнча мына ошол лаборатория кытайлык ишкерге таандык деп белгиленген. Бирок ошол кезде эле ага Максим Бакиев көзөмөлдүк кылары айтылып жүрчү. Анткени шаардын чок ортосунда Максимдин уруксатысыз эч кандай мекеме иш алып бара алчу эмес. Мына ошондой көлөмдөгү алтынды чайкап, кайра иштеп чыга турган өндүрүштүк мекемеде Максим Бакиевдин үлүшү болбой коймок эмес. Бирок 7-апрелден кийин Бакиевдерге жана алардын жакындарына таандык мүлктөрдүн толук каттоого алынып, мамлекеттин карамагына өткөрүлбөгөндүктөн ага окшогон объекттердин кийинки тагдыры эмне болгонунан кабарым жок.

Алтын чайкаган лаборатория жайгашкан үйдүн кожоюну жана айтылган кытайлык ишкер учурда тергөө менен кызматташып жаткандыгын айткан башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев иликтөө аяктаган соң гана бул боюнча маалыматтар ачыкка чыгарын убада кылды.

Кош кабат тоноо

7-апрелдеги талап-тоноолордун экинчи объектиси катары Юсупов Москва-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган 56-үйдөгү Жаныбек Бакиевдин уулу Искендер Бакиевге таандык мекемени атаган. Анын айтканын тастыктаган Айсулуу Дүйшөнбекова Искендер Бакиевге таандык мекемеден бир топ курал-жарактарды алып чыгышканын мындайча белгиледи:

- Бул жерге бизден бөлөк бетинде, мойнунда тырыгы бар ар түрдүү спортчу балдар бат эле топтолуп кетишти. Анан Райкан байке балдарды топ-топко бөлүштүрө баштады. Ошол кезде бул имараттын маңдайына "Жип" үлгүсүндөгү кара машине келип токтоп калды. Биз болсо дагы бирөөлөр келип атып жибербесин деп кача баштадык. Райкан байке “анда өзүбүздүн адамдар бар, коркпой ишиңерди уланта бергиле” деди. Балдар имараттын ичинен ар түрдүү курал-жарактарды, ок дарыларды жана ичинде эмне бар экендиги белгисиз коробкаларды алып чыгып, “Газелдерге” жүктөшкөн. Айрым курал-жарактарды мына ошол жердеги балдардын топ башчыларына бөлүштүрүп беришкен болчу.

7-апрелде тартип коргоо кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү аянтта жүргөндө Бишкектин ар кайсы жеринде талап-тоноолор орун алып атты.
7-апрелде тартип коргоо кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү аянтта жүргөндө Бишкектин ар кайсы жеринде талап-тоноолор орун алып атты.
Аталган эки кабат имаратты азыркы учурда Чоң-Алайда алтын кенин чалгындаган кытайлык “Кайди” компаниясы ижарага алып иштетүүдө. Анын чыныгы кожоюну ким экендиги белгисиз. Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынан бул тууралуу сурап, бирок оңдуу жооп ала алган жокпуз. Үстөкө-босток текшерүүлөрдөн тажаган компаниянын өкүлдөрү бир аптадан бери бул имаратка келбей жатышкан экен.

2010-жылдын 7-апрелине чейин Жаныбек Бакиевдин өздүк мекемеси катары белгилүү болгон шаардын Шота Руставели көчөсүндөгү 2-Б деген номердеги үй да ыңкылап учурунда таланып-тонолгон.

Кошуна үйлөрдүн ээлери алгач имаратты атайын автоунааларда келген куралчан топ карактап, андан соң жай тургун адамдар калган буюмдарын көтөрүп чыгып кетишкендигин айтып беришти. Кошуналардын айтымында, азыр бул үйдө кимдир бирөөнүн жашаганы байкалбайт. Бирок үйдүн короосунан иттин үргөнү угулуп турду.

“Ата Мекен” айыпка жыгылабы?

Абдулла Юсупов Бакиевдерге таандык үй-мүлктү талап-тоноого тапшырма берген деп “Ата Мекен” партиясынан Райкан Төлөгөновдун, Өмүрбек Текебаевдин, Болот Шердин жана Турат Мадылбековдун ысымдарын белгилеген. Анын мындай көрсөтмөсү мурда да жарыяланып, кийин токтогону менен бул ирет “Ата Мекен” фракциясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөндөн кийин күчөдү.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев ысымдары аталган депутаттардын үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылган болчу:
Ушак менен өкмөт башкарабыз, криминалдык ыкмаларды мамлекеттин деңгээлине чыгарабыз деген адамдар саясатчы болуп, Бакиевдердин ишин улантабыз деп жатышат.

- Ал жигит "ошол иштердин бардыгын Төлөгөнов баштаган, мына ошол депутаттар менен бирге жасалган" деп жатат. Демек бул аягына чейин териштирилип, булар алар менен чогуу отуруш керек же алар да абактан бошотулууга тийиш. Анткени биздин айрым кесиптештердин дарегине өтө оор айыптар айтылып жатат. Бакиевдердин үй-мүлкү кайда десе, көрсө анын көпчүлүгү таланып-тонолгондугу эми ачыкка чыгып жатат. Биз муну аягына чейин чыгарышыбыз керек. Юсупов бир эле топто отузга чукул адам бар болчу деп жатат. Ал эми ошондой кошуундан 4-5 топ болгондугу айтып берди. Эми ошондо талап-тоноолордун масштабын элестете бериңиздер.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Турат Мадылбеков быйыл 23-июлда тергөө абагында отурган Абдулла Юсуповго жолугууга барган. Анын бул сапарынан кийин Юсупов өзү “Мадылбеков "атамекенчи" депутаттарга карата көрсөтмөңдү өзгөрт” деген шарт койгон деп айтып чыкты. Юсуповдун 7-апрелдеги талап-тоноо боюнча билдирүүлөрүн иликтеп отуруп, анын буга чейин төрт жолу жарыяланганын байкадык. Туратбек Мадылбековдун ысымы экинчи жолку маалымат чабуулунан кийин гана атала баштаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Турат Мадылбеков Абдулла Юсупов эмне себептен мындай билдирүүлөр менен чыгып жаткандыгынын себебин билүү үчүн барганын белгиледи:

- Юсуповду мен өмүрүмдө көргөн эмесмин. Кийин абакта жатып алып менин атымды да атап жаткандыктан “кой, мен ага барып, көзмө-көз сүйлөшөйүнчү” дегем. Анан мен андан “мага кандай дооматың бар” деп сурасам, “сизди шаардын коменданты болуп турганда алыстан бир көргөм, сизге эч кандай дооматым жок” деген болчу. Аны менен сүйлөшкөнүмдү тергөө абагынын башчысы деле угуп отурган.

Эки ок - бир чындык

“Республикачылардын” талоончулукту иликтөөгө алуу демилгесине “Ата Мекен” фракциясынан депутат Болот Шер өзгөчө саясий билдирүү менен жооп берди. Болот Шер өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Бабановдун командасы
7-апрелдеги талап-тоноолорго "атамекенчилердин" катышы бардыгын далилдесе, өзүн тапанча менен атып салууга даяр экендигин мындайча билдирди:

- Бакиевдер Баяман Эркинбаевди үч айда ыңкылаптын каарманынан “каракчыга” айлантышты эле. Сени мени 2 жыл үч айда ыңкылапчыдан кадимки мародерго айлантып отурасың. Эгерде сен түзгөн комиссия ошондой иштерге катышым бар экендигин далилдесе, уятты жууп кетириш үчүн мына бул эки октун бирин өзүмө кадайм. Жок, эгерде далилдей албаса, анда сен бирөөнү ак жеринен каралаган адам катары экинчи окту өзүңө када.

Өзүнүн тасмада берген маалыматында Абдулла Юсупов 2010-жылы
7-апрелден сегизине караган түнү Бакиевдерге таандык отуздан ашуун объектини талап-тоношконун белгилеген. Бирок учурда Башкы прокуратура жети объектиде гана талап-тоноо болгонун аныктап, бирок анын бардыгы кимдер тарабынан жасалгандыгын иликтеп бүтө элек.

Бакиевдин Тейиттеги өрттөлгөн үйү
Бакиевдин Тейиттеги өрттөлгөн үйү
Жаныбек Бакиевге таандык деп коомчулуктун эсинде калган шаардын Киргизия-1 районундагы эки өзгөчө курулуштагы турак үйдүн тагдыры чиеленишип кеткен. Азия көчөсүнүн 42-үйүндө жашаган орто жаш адам анын үйүнүн Бакиевдерге эч кандай тиешеси жоктугун айтып, үйдү сүрөткө тартууга тыйуу салды.

Улан көчөсүнүн 13-үйүндө жашаган Мамажан Анарбаев деген жаран аталган үйдү 2012-жылы февраль айында Кубанычбек Кошоев дегенден сатып алгандыгын мындайча белгиледи:

- Биз бул үйдү жарнама аркылуу издеп жүрүп сатып алганбыз. Бул үйдү эки батиримди жана бир үйүмдү сатып, ошонун акчасына сатып алдык. Өзүм карапайым курулушчумун. Мен үйдү Кубанычбек Кошоев деген чоңкеминдик кишиден сатып алдым. Ага чейин башка бир орус кишинин атында жүргөн экен. Кузмичский дегендин атынан Кошоев дегенге өткөн экен. Андан биз сатып алып отурабыз. Эгерде бул үй кандайдыр бир илинчеги бар адамдарга таандык болсо тартип коргоо органдары эки жылдан бери ага камак койот эле да. Биз мыйзамдуу түрдө мамлекеттик каттоо аркылуу өткөрүп алдык.

Далилдөө мүмкүнбү?

Мурдагы президент Бакиевдин учурунда Надель, Гуревич, Елисеев, Ширшов, Балкибеков сыяктуу ошол кездеги башкы үй-бүлөгө өзгөчө жакын адамдардын жеке менчик үйлөрү жана машинелери эмнегедир улутташтырылган мүлктөрдүн тизмесине кирбей калган. Буга 2010-жылы Убактылуу өкмөттөн кимдер кызыкдар болгону азырынча белгисиз.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Бакиевдерге таандык үй-мүлктөр кимдин көзөмөлүндө калганын жакында коомчулукка жарыялай турган болду:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев
- Туугандар, жаман менен жакшынын, арам менен адалдын айырмасы болбой калган заманда жашап жатабыз. Ушак менен өкмөт башкарабыз, криминалдык ыкмаларды мамлекеттин деңгээлине чыгарабыз деген адамдар саясатчы болуп, Бакиевдердин ишин улантабыз деп жатышат.

Биз, “Ата Мекен” партиясы чыныгы мародерлер ким экендигин далилдеп, Бакиевдердин үй-мүлкүнө кимдер ээлик кылып тургандыгынын бетин ачып беребиз. Бул биздин элдин, тарыхтын жана келечек муундун алдындагы чоң милдетибиз. Алтынбек Сулайманов, Пирматов дегендер абакка Юсуповго барып алышып, “Бакиевдердин мүлкүн басып алгандарды таап, чындыкты айтып чыгабыз” дешет. Аны издеп эмне кыласыңар! Мына ошол мүлктүн бардыгы силердин колуңарда!


Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча абакта жаткан Юсупов карактоо жана алдамчылык менен байланышкан 13 кылмыш иши боюнча айыпталууда. Анын ичинен Юсупов мурдагы муфтий Мураталы Жумановду уурдап, токмоктогон кылмыштуу топтун иши боюнча да сурак берүүдө.

Анын кылмыш иши бир жылдан ашуун убакытка созулуп, учурда аталган иш Жогорку Соттун кароосунда турат.

“Республика” фракциясы талап-тоноо фактылары боюнча “атамекенчи” депутаттарга каршы көрсөтмө берген Юсуповдун жана анын өнөктөштөрүнүн коопсуздугун сактоо боюнча тартип коргоо органдарына тапшырма берген. Анын берген көрсөтмөлөрү канчалык чындыкка дал келе тургандыгы тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча белгилүү болмокчу.
XS
SM
MD
LG