Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыктан кетти


Өмүрбек Бабанов өкмөт башчынын милдетин аткаруудан бошонуп, өлкө элине кайрылуу жолдоду.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов мекендештерине бүгүн жолдогон кайрылуусунда өкмөт курамын бат-бат алмаштыруудан мамлекет эч кандай пайда таппастыгын белгилеп, "өкмөт туруктуу жана майнаптуу иштеп, көзгө көрүнөрлүк натыйжага жетиши үчүн саясатчылар мурда кол коюлган келишимдерди бекем сактоого үйрөнүшү керек" деген пикирин билдирген. Өмүрбек Бабанов мурдагы эки коалиция айрым саясатчылардын жана саясий топтордун кызыкчылыгына садага чабылып кетти деп эсептейт.

Мурдагы өкмөт башчы мындан ары да саясатта калып, элге кызмат кыларын айтып, жаңы Өкмөттүн башталган реформаларды аягына чыгаруу аракеттерин колдоого аларын, ал үчүн өз күчүн аябастыгын да айтып кеткен.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын өкмөт башчысы кызматына өткөн жылдын соңунда “Биримдик” коалициясы аркылуу келген эле. Аталган коалиция курамындагы “Ата Мекен”, “Ар-намыс” фракцияларынын өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин натыйжасында 22-августта тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун маалыматы боюнча, президент Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткарууну 1-вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Аалы Карашевге тапшырды. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгон.

2011-жылы 23-декабрда Жогорку Кеңеш Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин премьер-министрликке жактырган.

XS
SM
MD
LG