Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Ооганстан менен Борбор Азия чоң сыноо алдында


Ооганстан -- Ооган аскерлери, 13-ноябрь, 2013.
Ооганстан -- Ооган аскерлери, 13-ноябрь, 2013.

Бишкекте Жогорку Кеңеш менен НАТОнун парламенттик ассамблеясы биргелешип уюштурган “Ооганстан жана аймактын келечеги: глобалдык кызматташуу" аттуу жыйын өтүүдө.

13-ноябрда башталган бул эл аралык жыйын үч күнгө созулат. Анда Ооганстандагы азыркы кырдаал жана болочоктогу аскерий-саясий абал, коалициялык күчтөр кеткенден кийин тынчтыкты, стабилдүүлүктү орнотуу чаралары талкууланууда.

Кыргызстан менен НАТО өкүлдөрү Ооганстан боюнча биринчи жолу жыйын өткөрүп жатат. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева келерки жылдагы кырдаалды утурлай уюштурулган бул иш-чаранын Кыргызстан үчүн маанисине токтолду:

- Кыргызстандан АКШнын транзиттик борбору чыккандан кийин Ооганстанда акыбал кандай болот деген маселе бизге абдан маанилүү. Анткени биз кошуна турабыз. Ооганстандын ичинде бейпилдикте жашоо деген түшүнүк бар. Ошондой болсо экен деп тилейбиз. Ошого кандай жардам бере алабыз деген суроолорго жооп издеп жатабыз.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов эң ириде Ооганстандагы азыркы аскерий-саясий кырдаалга жана эмдиги жылы коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийинки абалга терең талдоо жүргүзүү керектигин айтууда. Мамытов региондогу жалпы абалга таасир эте турган бир катар жагдайларды атады:

- Биринчиден, 2014-жылы Ооганстанда президенттик шайлоо өтөт. Экинчи, ошол Ооганстандын ичиндеги саясий топтор, саясий күчтөрдүн ортосундагы карым-катнаш. Үчүнчүдөн, биз Ооганстандын кошуналары менен мамилесине көңүл бурушубуз керек. Пакистан, бул өлкө менен чектешкен Вазиристан провинциясындагы абал. Себеби талибдердин базасы ошол жерде жайгашкан. Ошондой эле ооган-иран чек арасын да карашыбыз керек. Себеби Иранда деле аскерий-саясий абал туруктуу деп айта албайбыз. Анан албетте Ооганстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасындагы абал. Мына ушул нерселерге көңүл буруп, эмне болот, кандай коркунучтар чыгат деп анализдесе болот.

НАТОнун парламенттер ассамблеясынын төрагасы Хю Бейли да келерки жыл Ооганстан жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сыноо болоорун белгиледи:

- Соңку 12 жылда НАТОго мүчө жана ага өнөктөш мамлекеттер өз жарандарын Ооганстанга кызмат өтөөгө, карапайым ооган элине демократиялуу, бейпил жана экономикалык туруктуу өлкө курууга көмөктөшүүгө жиберди. Бул жылы биз алдыбызга койгон негизги максаттарыбызга жеттик. Июнь айынан бери ооган коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү көзөмөлдү өзүнө алды. Жыл аягында биздин күчтөр өз милдетинен толук кутулат.

Эл аралык жыйынга Орусиянын да өкүлдөрү катышууда. Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин Ооганстан маселеси олуттуу иш-аракеттерди, чечкин кадамдарды талап кылаарын кеп салды:

- Мен ачык эле айтып коёюн, коопсуздук күчтөрү чыгып кетип жаткандагы азыркы кырдаал бизди өтө деле канааттандырбайт. Ал жактагы абал аябай эле татаал. Бул жерде өтө чоң мээнет керек. Биз НАТОдогу кесиптештерибизге буга олуттуу мамиле жасагыла деп айтат элек. “Биз ооган коопсуздук күчтөрүнүн 100 миңден ашык өкүлүн окутуп даярдадык, көзөмөлдү эми алар жүргүзөт”, - деген менен эле маселе бүтүп калбайт. Биз бул жолдон өткөнбүз. Биз, Орусия эртең эмне болот деп санааркап турабыз. Бул Тажикстанга, же Кыргызстанга эле тиешелүү маселе эмес.

Кыргызстан Ооганстанды кайра калыбына келтирүү иштерине жардамдашаарын да айтып келет. Эл аралык маселелер боюнча талдоочу Чынара Эсенгулдун баамында, бул өлкө менен билим берүү, маданият тармагында да кызматташуу үзүрлүү болот:

- Кыргызстанда көптөгөн ооган жаштары окуп, билим алып жатат. Биздин мамлекетке келип, биздин эл менен аралашып-жуурулушуп билим алып кетип жатканы абдан жакшы. Экинчи салымыбыз, ЖККУ деген уюм аркылуу биздин атыбыздан жардамдар кетиши мүмкүн. Ооган коомунун ар кандай чөйрөсүн кайра жандандырууга да жардам бере алабыз. Мисалы биздин чакан курулуш компаниялар азыр барып, ал жакта бизнесин өнүктүргөнгө аракет кылып жатышат. Ошондой эле тарыхый мамилелерибиз бар экенин унутпашыбыз керек. Маданий жактан алсак, Нооруз баарыбызга таандык майрам, ошону мүмкүн чогуу майрамдап, биргелешкен иш-чараларды уюштурса болот.

2014-жылы Ооганстандан АКШ баштаган коалициялык күчтөр чыгат. Ошондой эле Бишкектеги америкалык аскерий база кетет. Бул окуялардын кийинки Ооганстандагы кырдаал быйыл Жамааттык коопсуздук келишими жана Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинде да башкы темалардан болгон эле.

XS
SM
MD
LG