Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Акыйкатчы: Кыйноо аркылуу айыпты моюнга алдыруу уланууда


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө камалып жаткандардын ичинен 50 адам кыйноого кабылгандан кийин айыпты моюнуна алууга мажбур болгон. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн акыйкатчысы Бакыт Аманбаев билдирди. Анын айтымында, эл аралык уюмдардын жардамы менен көрүлүп жаткан чараларга карабастан жабык жайларда кыйноолор дагы эле орун алууда. Акыйкатчыга кыйноолор боюнча 2012-жылы 40 арыз-даттануу түшкөн болсо, былтыр 57 кайрылуу болгон. Ал эми быйылкы жылдын башынан бери 25 даттануу болду.

Бүгүн Дүйнө жүзүндө кыйноого кабылгандарды колдоо күнү белгиленүүдө.

Укук коргоочулардын айтымында, кыйноолор боюнча расмий статистика менен бейрасмий маалыматтын ортосунда айырма чоң. (RK)

XS
SM
MD
LG