Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Бишкекте палестиндерди жактаган акция өттү


Палестина. 9-июль.
Палестина. 9-июль.

Бишкекте палестиналыктарды колдогон жана Израилди Газа тилкесине ок атуудан баш тартууга чакырган акция болуп өттү.

Ага Кыргызстандагы дин аалымдары, жөнөкөй мусулмандар жана депутаттар катышты. Акциянын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевди Израилдин Газаны бомбалоосу боюнча пикир билдирүүгө чакырды.

Газага кайдыгер эмеспиз

Перизат Кыргызбаева 18-июлда жума намазынан кийин Бишкек шаарындагы Максим Горкийдин эстелигинин жанына келип, Израилдин Газадагы аракеттерин айыптагандардын бири:

- Биз бул жерге Газадагы мусулмандарды колдоп, алардын кайгысына кайдыгер эместигибизди жана мусулман мусулманга бир тууган экендигин билдирүү үчүн келдик. Мен Газадагы өлтүрүүлөрдү жана терс мамилени бүткүл мусулмандарга жасалган мамиле деп түшүнөм.

Аталган акцияга “Газадагы бомбалоо токтосун” деген плакаттарды көтөргөн 150-200дөй адам катышты. Белгилүү ислам аалымы Чубак ажы Жалиловдун айтымында, Газадагы кандуу окуялар диалог менен гана чечилүүсү керек.

- Бүгүнкү акция аркылуу биринчи кезекте Кудайдын алдындагы өз милдетибизди колдон келишинче аткардык деп эсептейбиз жана мындан ары да колдон келген аракетибизди улантабыз. Газа секторундагы жана Сирияда болуп жаткан маселелердин баары диалог менен чечилүүсү керек. Ал нерселер эне сүтү оозунан кете элек балдардын жашы, кан төгүүлөр менен коштолбошу керек.

Бишкекте Израилге каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Депутат мусулман лидерлерине кайрылды

Акцияга катышкан Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу мусулман дүйнөсүндө болуп жаткан кандуу окуялардын себебин АКШ менен Батыш мамлекеттеринен көрөт. Ошол эле кезде “ынтымагы жок, бири-бири менен согушуп жатат” деп, ал мусулман дүйнөсүнө да кайрылды.

- Ооганстан, Ирак, Сирия, Ливия, Тунис, Алжир, Египет жана башка жерлерде болуп жаткан окуялар аз келгенсип, эми башка да мусулман мамлекеттерде да чыр-чатактарды чыгарганы жатышат. Экинчиден, ынтымактуу болгулачы деп, мусулман мамлекеттердин жетекчилерине да кайрылат элем. Азыр мусулмандар тышкы душманга каршы бирикпей, бири-бири менен ич ара согушуп жатышат. Мен өзүм суннит болсом да, Ирактагы адамдарды өлтүрүп жаткан суннит кыймылын колдобойм. Ошондой эле Сириядагы согушту да колдобойм.

Акциянын ээлери Атамбаевге кайрылды

Депутат Турсунбай Бакир уулу белгилеп өткөндөй, Сирия менен Ирактын айрым аймагында түзүлгөн “Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” уюшулмасы ушул ай башында өздөрү каратып алган жерлердеги жүздөгөн адамдарды өлтүргөн болчу. Израилдин Газа тилкесин бомбалоосуна каршы өткөрүлгөн акцияны колдоорун айткан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мусулман мамлекеттериндеги кан төгүүлөрдү айыптайт. Ал “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бүгүн Бишкекте өткөрүлгөн акция абдан туура. Анткени палестиналыктардын укугу тебеленип, кыйрап, өлүп, кыйноого учурап жатат. Ирак менен Сириянын аймагындагы окуялар боюнча да билдирүү жасаса болот. Анткени алар катуу, радикалдуу аракеттерди жасап, халифат түздүк деп жатышат. Бул да туура эмес.

Бишкекте өткөн акция куран окуп, бата тилөө жана кайрылуу кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Анын уюштуруучулары президент Алмазбек Атамбаевди Газадагы окуялар боюнча пикирин айтууга чакырды.

- Бүгүнкү күндө шейит кеткендердин саны 230га жакын адам. Жараат алгандардын саны болсо 1685 адам. Алардын арасында жаш балдар, аялдар жана кары-картаңдар бар. Кыргыз Республикасынын жарандары катары президент Алмазбек Атамбаевден Израилдин Палестинага карата зулумдугу боюнча Кыргызстандын көз карашын ачык айтууну суранабыз.

Израил аскерлери Газа тилкесине абадан жана деңизден чабуул коюп жатканына он күндөн ашты. Жума күнү жерден сокку уруулар башталганы кабарланды. Ошол эле маалда Палестинадагы Хамас исламчыл кыймылынын согушкерлери Израилге мурдагыдан да көбүрөөк ракета ата баштаганы айтылууда. Израил бийликтери бомбалоо операциясынын максаты - Хамастын инфраструктурасын талкалоо экенин белгилеген. Газада уруш башталгандан бери 220дан ашуун палестин жараны, бир Израил атуулу өлдү.

XS
SM
MD
LG