Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Аманбаева коррупция боюнча айыпталууда


"Республика" фракциясынан депутат Урмат Аманбаева.
"Республика" фракциясынан депутат Урмат Аманбаева.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынан депутат Урмат Аманбаевага кылмыш ишин козгоду.

Аманбаева Ошто кургак учукка каршы күрөш медициналык борборунда башкы бухгалтер болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыпталып жатат. Депутат өзү азырынча комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош облустук кургак учукка каршы күрөш медициналык борборундагы коррупциялык айла-амалды бир канча адамдан турган топ жүргүзгөн. Ал топту ошол кезде башкы бухгалтер болуп иштеп турганда азыркы депутат Урмат Аманбаева жетектеген жана андан башка ошол борбордун башчысы, дарыкананын жетекчиси, дары-дармек компаниясынын өкүлү, медайымдар жана башка адамдар кирген. Алар кургак учукка өтө зарыл таңкыс дарыларды керек өлчөмүнөн ашыра жазып келишкен. Ал жазылган дарылардын акчасын топтун мүчөлөрү кымырып алып турушкан. Мындай ыкма 2009-жылы башталып, 2013-жылга чейин уланган жана андан мамлекеттик казына 17 миллион сомдон ашык чыгым тарткан.

Башкы прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Урмат Аманбаеваны бир канча жолу чакырганын, бирок ал келбей койгонун белгиледи. Ушул тушта Аманбаева Ошто жеке менчик ооруканага жатып алганын маалымдады. Азыр тергөө уланып жатат.

“Азаттык” Урмат Аманбаева менен байланышууга аракет жасады, бирок майнап чыккан жок.

Бирок Кыргызстандын акыйткатчы Бакыт Аманбаев бир тууган эжеси Урмат Аманбаевага Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгошун өз ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кылмыш иш негизсиз козголгон деп билдирди:

- Мен акыйкатчы катары Башкы прокуратура, башкы прокурордун туура эмес кабыл алган токтомдорунун бетин ачып, аларды коомчулукка жарыялап гана тим болбостон сотко берип утуп алгам, бирок жогорку инстанцияга жеткенде баш прокурор Аида Салянованын түздөн түз кийлигишүүсү менен токтоп калган фактылар болгон. Салянова иштеп турганда адам укуктарын натыйжалуу коргоо мүмкүн эмес. Кримдүйнөнүн лөгү атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча баш прокурордун өзүн жазага тартуу керек. Анын бул кызматта иштегенге моралдык укугу жок.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров бул маселени фракция карай турганын айтууда:

- Биздин депутаттар азыр региондорду кыдырып жүрөт. Мен бул маалыматты бүгүн кечинде уктум. Азыр эми эмне болгонун, кандай болгонун билбейбиз. Биз депутат Аманбаеванын өзүнөн кабар алган жокпуз. Эмне болгонун өзүнөн угушубуз керек.

Урмат Аманбаевага кылмыш иштин азыр козголуп жатышы бир топ күдүк ойго жем таштады. Саясий боёк берип, саясий өңүтүн издегендер да жок эмес. Бирок коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова муну прокуратуранын паракорчулукка каршы иш-аракетинин негизинде белгилүү болгон факт деп атады:

- Эки жыл мурун депутаттарды текшерип, кылмыш иштер козголо баштаганда башкы прокурор дагы бир топ депутаттардын иши иликтенип жатат, дагы бир топтордун аты аталат деп эскертпеди беле. Бул жерде эч кандай саясат жок. Келерки шайлоого ушинтип тазаланып келбесек болбойт да. Экинчиден, “Республика” фракциясы оппозицияда болгону менен оппозициядай деле иш жүргүзгөн жок. Оппозициядагы партиялар ири коррупиялык иштерди ашкереледи, ушундай маселелерди парламентке, өкмөткө алып чыкты, талап койду деп айта албайм.

Коррупция боюнча айып тагылган депутат Урмат Аманбаева өзү Жогорку Кеңештеги Коррупцияга каршы күрөш комитетинин мүчөсү. Аталган комитеттин дагы бир мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташболот Балтабаев жогорку кызматтагы аткаминерлерге, депутаттарга каршы кылмыш иштер козголгону менен алар жазасын албай калып жатканына токтолду. Мунун айынан күдүк ойлор көбөйгөнүн белгиледи:

- Бул жерде “кожо көрсүн” саясаты же коркутуп-үркүтүү саясаты жүрбөшү керек. Айрыкча көрүнүктүү саясатчыларга, депутаттарга, министрлерге, өкмөт башчыларга кылмыш иши козголгондо жакшылап иликтеп, так фактылар менен сотко жеткирип, тийиштүү чарасын берип койсо, ошондо “азамат, иштеп жатышат”, деп айтса болот. Бирок андай болбой жатпайбы. Эгер анализдей турган болсо, коррупция боюнча айыпталган үлкөн аткаминерлердин ишинен эч нерсе чыкпай калып жатат. Алар же бошоп кетип, же жеңил жаза алып калып жатат. Биз кайсы чиновникти түрмөгө жөнөттүк? Түрмөдө отурган бирөө барбы?

Жалпысынан Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы 20га жакын депутатка кылмыш иши козголду. Айрымдары кыскарып, айрымдары токтотулду, кээ бирлерин жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес.

Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле камакка алынган, коррупция боюнча айыпталган “Ата-Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеевди райондук сот 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Түлеев Шаардык сотко доо арыз менен кайрылды. Ушундай айып тагылган аталган фракциянын депутаты, парламенттин мурунку спикери, Акматбек Келдибековдун кылмыш ишин тергөө убактылуу токтотулуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилген. Коррупция боюнча кылмыш иш козголгон дагы бир “атажуртчу” депутат Нурлан Сулайманов көптөн бери Кыргызстанга келбей жүрөт.

XS
SM
MD
LG