Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Машине саткандар орус базарына ыкташууда


Москвадагы "Рус-Лан" автосалону.
Москвадагы "Рус-Лан" автосалону.

Кыргызстан май айында Евразия экономикалык биримдигине кирери менен машине ташуучулар орус базарына ыктаары айтылууда.

Эксперттердин пикиринде, чет жактан кирген машинелерге бажы төлөмдүн жогорулашы кыргыз ишкерлеринин орус базарына оошуна себеп болууда. Ал арада Орусияда жүргөн эмгек мигранттар эски, арзан машинелерди сатып ала баштады.

Орусиядан Кыргызстанга машине алып келүүнү каалагандар “Азаттыкка” кайрылды. Алардын бири Таалай Сайдинов Орусиянын Петрозаводск шаарында иштейт.

Ал Орусияда жылы эскирээк машинелер арзандап кеткенин, кыргызстандык эмгек мигранттарынын арасында машине сатып алгандардын саны өскөнүн белгиледи.

Красноярск шаарындагы машине базар. Орусия. 2015-жыл
Красноярск шаарындагы машине базар. Орусия. 2015-жыл

- Мен эки жылдан бери Орусиядамын. Бул жакта машинелер арзан. Кыргызстандагы бааларга караганда 2-2,5 миң доллар айырма бар. Эгер бажы төлөм жок болсо, бул жактан алып кеткен аябай ыңгайлуу болуп турат. Бул жакта машине алып койгондор көп эле. Көпчүлүгү майдан кийин Бажы биримдигине толук киргенде алып барабыз деп күтүп турушат. Жылы эскирээктердин баасы арзан, 2005-жылдан кийин чыккандар бул жакта деле кымбат.

Орусиядан Кыргызстанга машине алып келүүнү көздөгөндөрдү бажы төлөмү тынчсыздандырууда. Алардын көпчүлүгүн май айына чейин жана андан кийин кандай шарттарда Орусиядан машине киргизилери кызыктырууда.

Бишкектеги машине базар
Бишкектеги машине базар

Бул боюнча биз Бажы кызматынын Көзөмөл жүргүзүү жана каттоо башкармалыгына кайрылганыбызда, Орусиядан кирген машинелерге бажы төлөмү 29-майда Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болгон күндөн тартып алынып салат деп айтышты.

- Атайын токтом бар. ЕЭБге киргенче ошол токтом аркылуу бажы төлөмүн төлөп алып кире алат. 29-майдан кийин бажы төлөмдөр толугу менен алынат. Бирок салык кызматынын 12 пайыздык салыгы сакталып калат, - деди Бажы кызматынын Көзөмөл жүргүзүү жана каттоо башкармалыгынын адиси Нурдин Мамбетсаитов.

Эксперттер май айынан кийин Орусиядан Кыргызстанга эмгек мигранттары эски, колдонулган машинелерди массалык түрдө алып кирүүсүн күтсө болот деп болжошууда.

Буга чейин машинелер негизинен Германия, Жапония жана АКШ өлкөлөрүнөн ташылып келген болсо, май айынан тарта ишкерлер аргасыз Орусиянын базарына оойт. Бул Евразия экономикалык биримдигинин максаттарынын бири дейт Автоунаа ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Нурбек Турсунбаев.

- Орусиядан келген машинелер бүгүнкү күндө арзан. Себеби ал жакта эл машинесин сатып жатат. Бир эле машинелер эмес, эмеректер, тиричилик техникалары да арзандап кетти. Бул өткөн жылы рубль куну түшкөндө башталган. Жада калса кытай ишкерлери Владивосток тараптан көптөгөн техникаларды, эмеректерди жана алтын буюмдарды массалык сатып алууларды жүргүзгөн. Бул таң калаарлык көрүнүш да. Буга чейин Орусия баш болуп оокаттарды Кытайдан ташып келе жатпады беле. Андыктан Кыргызстанга Орусиядан машинелердин агымы көбөйүшү ыктымал.

Былтыр сентябрь айында, быйыл январдан тарта сырттан ташылган автоунааларга бажы төлөмдөрү этап-этабы менен жогорулаган.

Ага ылайык автоунаалардын чыгарылган жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша миң доллардан жогору бажы төлөмү чегерилген.

Жаңы тарифтер тууралуу маалыматты каалаган адам customs.kg сайтында жайгаштырылган автоматтык калькулятор торчону толтуруп, толук билип алса болот.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG