Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Немцовдун өлүмүндө “исламдын изи” барбы?


Борис Немцовду эскерген жүрүш. Москва, 1-март, 2015-жыл.
Борис Немцовду эскерген жүрүш. Москва, 1-март, 2015-жыл.

Оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын тергөө органдары ыктай баштаган расмий версияга маркумдун кызматташтары да, талдоочулар да ынанган жок. Немцовдун санаалаштары саясатчыны өлтүргөндөрдөн да, буга буюрутма бергендерди табуунун мааниси чоңдугуна көңүл бурушууда.

Соңку камоолор жана бийликчил маалымат каражаттарына чыгып жаткан кабарлар Орусиянын тергөө органдары Борис Немцов ислам боюнча айткан - жазгандарынын курмандыгы болду деген версияга толук ыктай баштаганын каңкуулоодо.

Бирок буга маркум саясатчынын оппозициялык лагердеги кызматташтары менен бир катар талдоочулар да анчалык ишенбей турушат:

“Кавказ түйүнү” деген интернет басылманын редактору Григорий Шведов “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде буларга токтолду:

Григорий Шведов
Григорий Шведов

- Мен бул версияга такыр ишенбейм. Биз Немцовду өлтүрүүгө буюрутма бергендерди калкалоо жараянына күбө болуп жатабыз деп эсептейм. Кадыровдун күч кызматчыларынын ишмердигинин буюрутма берүүчүлөрү чет өлкөдө деп ойлоо абдан эле кыйын. Мындан улам кайра эле аты аталбаган булактар тарабынан жаңы версиялар чыгарылып жатат. Алар кайра эле жоопкер адамдарды калкалап, бул адамдар эч кимден буйрук албаганын, өз алдынча патриоттук ой-жорумуна ылайык аракеттенгенин көргөзүүгө далбас уруп жатышат. Кадыровдун Инстаграм социалдык түйүнүндө жазганы мына ушул версияга шайкеш келет.

Москванын соту азыркыга чейин Немцовдун өлүмү үчүн шектүү катары кавказ тектүү беш адамды камакка алды.

“Интерфакс” агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына шилтеме берип жазгандай, баштапкы маалыматтар боюнча Немцовду Заур Дадаев аттуу чечен жигит аткан.

Росбалт деген агенттик болсо аты аталбаган булактарга таянып, Дадаев кылмышын иш жүзүндө моюнга алганын, Немцовду өлтүрүүгө “Орусиядагы мусулмандар жана Мухаммед пайгамбар тууралуу айткан терс сөздөрүнөн улам барганын” билдиргенин маалымдады.

Немцовду өлтүрдү деп шектелген Заур Дадаев, Москва, 8-март, 2015-жыл.
Немцовду өлтүрдү деп шектелген Заур Дадаев, Москва, 8-март, 2015-жыл.

Заур Дадаев - Орусиянын Ички иштер министрлигинин Чеченстандагы “Север” батальонунун колбашчысынын мурдагы орун басары. Кезинде өкмөттүк сыйлыктарды алган экен.

Ушундан уламбы чечен президенти Рамзан Кадыров Дадаевди коргоп, аны Инстаграмдагы баракчасында “Орусиянын нукура патриоту” деп сыпаттады жана Мухаммед пайгамбардын франциялык “Шарли Эбдо” журналында жарыяланган карикатураларына шок болгон кудай жолундагы адам экенин эске салды.

Өзү Орусиянын тергөө комитети Немцовдун өлтүрүлүшүндө “ислам экстремизминин” изи бар болушу ыктымалдуулугун оппозициячыл саясатчы атылган түндүн эртеси эле бир нече версиялар менен кошо атаган эле.

Комитеттин расмий өкүлү Владимир Маркин анда муну саясатчы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жарыялаган франциялык “Шарли Эбдо” журналына кол салынган кездеги турумунан улам коркутууларга кабылганы боюнча маалыматтар бардыгына байланыштырган.

Борис Немцов Парижде 7-январда жасалган кол салууну “орто кылымдардагы ислам инквизициясы”,- деп мүнөздөгөн.

Журналисттерди жана карикатура тарткандарды аларга кол салгандар менен бирдей карап жаткандарды сынга алган болчу.

Бирок маркум саясатчынын кызматташтары тергөөнүн азыр акырындык менен бекемделе баштаган бул версиясын кескин түрдө четке кагышууда.

Илья Яшин.
Илья Яшин.

Немцовдун жакын санаалашы Илья Яшин муну болбогон кеп жана “Кремлдин буйругунун натыйжасы” деп баалады. Яшиндин пикиринде, бул версия бийлик үчүн пайдалуу жана президент Путинди толугу менен соккудан чыгарат.

Ал эми маркум Борис Немцов теңтөрагалык ПАРНАС партиясынын лидерлеринин бири Владимир Милов “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Учур” телепрограммасы менен маегинде оппозициячыл саясатчынын өлтүрүлүшүндө орус атайын кызматтарынын колу бардыгы анык экенин белгиледи:

- Мен бийликте иштегем. Биздин атайын кызматтар кандай аракеттенерин билем. Чечендер болобу, башкалар болобу мындай жеке өлтүрүүлөрдө көп жагынан атайын кызматтар аралашканы анык.

Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча бекемделе баштаган расмий версияга ишене албай турган жагдайлар бардыгын “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде саясат таануучу Алексей Малашенко да айтты:

Алексей Малашенко
Алексей Малашенко

​- Менде анчалык ишеним бир нече себептерден улам жок. Биздеги сот акыйкаттыгынын практикасы күнөөнү моюнга алуу эле чынында эмне болгонунун далили эместигин көргөзүп жүрөт. Мындан сырткары менде бул версия биз билбеген бир нерсени жаап-жашырып тургандай таасир калтырууда. Кандайдыр бир калп, иш жүзүндө эмне болгонун башкача көрсөтүү аракети бардай. Балким муну жөн эле турмуш-тиричилик негизинде өлтүрүү катары көргөзүү жеңил болмок. Биз маалыматтын баарын билбейбиз.

Борис Немцов 27-февралдын түнүндө, Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн. Кызматташтарынын ырастоосунда, ал ошол күндөрү орус аскерлеринин Украинанын чыгышындагы согушка аралашканы боюнча далилдерди топтоп, “Путин жана Украина” деген аталыштагы докладын даярдап жаткан эле.

Путин Немцовдун өлтүрүлүшүн “чагым” деп атап, өткөн аптада бул окуя сындуу саясий өлтүрүүлөр Орусиянын бетине чиркөө болуп жатканын моюнга алган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG