Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Улуттук банк жана өкмөт экономикалык саясатты аныктады


Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка тариф 2014-2017-жылдарга бекитилген тариф саясатынын негизинде көтөрүлөт дейт.
Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка тариф 2014-2017-жылдарга бекитилген тариф саясатынын негизинде көтөрүлөт дейт.

Өкмөт жана Улуттук банк быйылкы жылдагы экономикалык саясат боюнча биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Анда негизги максат катары экономикалык өсүшкө шарт түзүү, макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана интеграциялык жараянды активдештирүү аталган.

Улуттук банк жана өкмөт экономикалык саясаттын негизги багыттары боюнча жыл сайын билдирүү менен чыгат. Билдирүүдө жаңы жылдагы мамлекеттин финансы-экономика жана акча-насыя саясатынын негизги багыттары көрсөтүлөт.

2015-жылда өкмөт негизинен экономикалык өсүштү, бюджеттин тартыштыгын көзөмөлдөө аркылуу макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоону, Улуттук банк менен биргелешип баалардын туруктуулугуна жетишүүнү, Евразия экономикалык биримдигине кирүү үчүн иш-чараларды аткарууну жана мамлекеттик башкарууну чыңдоону алдына койгон.

Жарандарды болсо азыркы кезде электр энергиясына, жылуулукка тарифтер, жалпы эле баалар жана сомдун курсу эмне болот деген суроолор көбүрөөк тынчсыздандырып турганы маалым.

Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка тариф 2014-2017-жылдарга бекитилген тариф саясатынын негизинде көтөрүлөт дейт. Ал саясатка ылайык тарифтер жыл сайын 20% өсүп турушу керек.

Сомдун курсу эмне болот?

Улуттук банк жана өкмөт улуттук валютанын курсун базар аныктаган же эркин агым саясатын улантат. Улуттук банк курстун кескин өйдө-ылдый болушуна жол бербөө үчүн интервенция жүргүзөт.

Доллар жана еврого талапты кыскартуу үчүн 2015-жылы жаңы чаралар каралган.
Доллар жана еврого талапты кыскартуу үчүн 2015-жылы жаңы чаралар каралган.

Доллар жана еврого талапты кыскартуу үчүн 2015-жылы жаңы чаралар каралган. Белгилүү болгондой Кыргызстанда калк акчасын доллар жана евро сыяктуу туруктуу валюталарда сактайт. Натыйжада ички базарда бул валюталарга талаптын өсүшүнө, анын натыйжасында курстун да өсүшүнө алып келүүдө. Бул тенденцияга каршы туруу максатында тийиштүү көлөмдөгү алтын куймалар чыгарылат. Ал алтын куймаларды сатып алуу менен жарандар байлыгын инфляциядан сактай алат.

Улуттук банк банк системасын кризистик шартта туруктуу кармоо үчүн коммерциялык банктардын уставдык капиталын быйылкы жылы 300 млн. сомго жеткирүүнү көздөйт.

Инфляция бул баалардын өсүшү экени маалым. Өткөн жылы орто эсеп менен инфляция 7.5% болгон. Быйылкы жылы инфляция андан 5-7% көп болору күтүлүүдө. Демек быйыл инфляция 15% чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Өкмөт жана Улуттук банк аны 11% төмөн кармап калууга аракет жасарын айтууда. Инфляциялык күтүүлөр негизинен Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө, дүйнөлүк валюталардын бекемделүүсүнө байланыштуу экенин адистер белгилеп келишет.

Эксперттер эмне дейт?

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев көрсөтүлгөн параметрлерди аткаруу мүмкүн, бирок ал өкмөттүн ишине жараша болот дейт:

- Так азыр эч ким эч нерсе айта албайт. Себеби Орусиянын абалы кандай болорун да эч айта албай жатат. Көп нерсе биздин жасай турган ишибизге жараша болот.

Экономист Азамат Акелеев да Кыргызстанда экономикалык каатчылыктын белгилери бар, бирок экономикага таасир эте турган факторлор бир топ экенин эске салат:

Азамат Акелеев
Азамат Акелеев

- Курулуш тармагындагы оорчулуктарга караганда, сырттан келген акчанын аздыгына байланыштуу каатчылык күтүлүүдө. Бирок экономикада ар кайсы факторлор роль ойноп кетет. Ошондуктан алдын ала так 100% айтуу кыйын. Мисалы, ошол эле Орусияда рубль кайра чыңдалып келатат. Мунайга баа да өсүп келатат. Жыл ичинде ал кандай болуп кетет.

Азамат Акелеев Жакынкы Чыгышта кырдаалдын өнүгүшүнө жараша мунайга баа түрдүү жагына өзгөрүп, ал Орусияга таасир этип, Орусиядан Кыргызстанга таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кошумчалады.

Азамат Акелеев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишке кирүүсү экономикалык өсүшкө салымын кошууга жөндөмдүү экенин, бирок аны бөлүштүрүүдө катачылыктар кетирилбеши керектигин белгилейт:

- Бул сырттан келген акча. Ал өкмөт тарабынан жумшала тургандыктан ал натыйжалуу эмес бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Эгерде көбүрөөк пайда алып келе турган тармактарга жумшалса, көбүрөөк жумуш орундар түзүлө турган болсо, албетте экономиканы алдыга сүйрөп кетиши мүмкүн. Анткени биздин экономика үчүн 300 млн. доллар бир топ эле каражат.

Ошол эле учурда Орусия каржылаган долбоорлор созулуп кеткен жагдайлар көптүгүн Акелеев эске салды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна быйылкы жылы 350 млн. доллар которуларын экономика министри Темир Сариев 1-апрелде билдирген. Азыркы күндө фонддун эсебинде 100 млн. доллар бар. Жакынкы күндөрү дагы 50 млн. доллар которулмакчы. Фонд май айынан тарта айрым долбоорлорду каржылай баштары күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG