Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

“Шабдан баатыр” тасмасы үчүн актерлорго кастинг жарыяланды


Шабдан баатыр.
Шабдан баатыр.

“Кыргызфильм” улуттук киностудиясы тарыхый “Шабдан баатыр” киносуна актерлорду тандоо үчүн 15-апрелде кастинг жарыялады. Бул тууралуу киноматография департаменти кабарлады. Маалыматка ылайык, тандоо жумуш күндөрү түштөн кийин жүргүзүлөт. Ага улутуна, динине карабай, актерлукка кызыккан эркектер, аялдар жана балдар катыша алат.

Фильмдин режисеру Эрнест Абдыжапаров.

Шабдан Жантай уулу 1839-жылы Чүйдө туулган. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан. Кыргыз элин орус букаралыгына кошуу жараянына катышкан негизги саясатчылардын бири болгон. 1912-жылы каза тапкан.

Өкмөт Шабдан баатыр тууралуу тасма тартуу үчүн 10 млн. сом акча бөлөрү мурда кабарланган. Өткөн жылы чоң экранга чыккан “Курманжан Датка” тарыхый тасмасын тартууга 70 млн. сом бөлүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG