Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Текебаев өкмөттү чыккынчылыкка айыптады


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев өкмөт “Центерра голд” менен келишип алып, мөңгүлөрдү талкалоо аркылуу алтын өндүрүүгө уруксат алганы калганын айтып чыкты.

Текебаев Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү кылмыштуу мыйзам долбоору деп атап, депутаттарды ага каршы добуш берүүгө үндөдү. Өкмөт муну өндүрүштү токтотпоо үчүн жасалган турмуштук зарылдык катары түшүндүрүүдө. Ошол эле кезде Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүн башка жакка которбосо, жылып келе жаткан муз массасы карьерди басып калат деп эскертти. Бул маселе боюнча мунасага келүү үчүн өкмөт аталган мыйзам долбоорун кайра парламенттен чакыртып алганы айтылды. Бирок өкмөт бул малыматты жокко чыгарууда.

Сариевдин эки башка позициясы

Башкы “атамекенчи” Өмүрбек Текебаев өкмөт Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоо менен канадалык “Центерра голд” компаниясынын кызыкчылыгын коргоп чыкты деп айыптады. Бул өзгөртүүлөр алтын кени жайгашкан жердеги мөңгүлөрдү бузууга уруксат берүүнү карайт. Өмүрбек Текебаев өкмөт башчы Темир Сариев 2012-жылы өзү жетектеген Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын өзү кайра жокко чыгарып, улуттук кызыкчылыкка каршы иштей баштады деп сындады.

Кумтөрдөгү абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү. Өкмөт башчы Темир Сариев (ортодо) комиссиянын төрагасы болгон.
Кумтөрдөгү абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү. Өкмөт башчы Темир Сариев (ортодо) комиссиянын төрагасы болгон.

Өмүрбек Текебаев бул мыйзам ишке кирсе, Кыргызстандын “Центерра голд” компаниясына койгон экологиялык доосу күчүн жоготорун айтты:

- Темир Аргенбаевич жетектеген комиссия Давыдов мөңгүсүндөгү 430 миллион куб метр көп жылдык муз катмарынын 80 миллион куб метри жоготулган деп таап, келтирилген зыяндын минималдык өлчөмү 5 миллиард доллар деп жарыялаган. Анан эми мына ошол 2012-жылдан бери дагы мөңгүнүн бир топ катмары ордунан жылдырылды. Ошол аларга аз болуп, “Центерра” мөңгүлөрдү оодарып, жердин үстүнөн чапчып казып алганга уруксат бергиле деп жатат. Анда расмий түрдө 430 миллион, эксперттердин эсеби боюнча 730 миллион куб метр мөңгү түп орду менен жок болот. Андан тышкары канадалык компания буга чейинки жана мындан кийинки келтирилген экологиялык зыянды калыбына келтирүүдөн бошотулат.

Жоопкерчиликтин жоболоңу

Ошондуктан “Ата Мекен” фракциясы депутаттарды бул мыйзам долбоорун колдоодон баш тартууга чакырды. Өмүрбек Текебаев мындай кадам үчүн өкмөт менен парламенттин келечек муундун алдында жоопкерчилиги чоң болорун эскертти:

Кумтөр.
Кумтөр.

- Бул мыйзам долбоорун өткөрүүнү кылмыш деп эсептейм. Ушуну колдогон өкмөт мүчөлөрүн “Центерра голд” ​компаниясына сатылды деп эсептейм. Кечээ эле баатыр болуп, беш жылда беш чечим кабыл алып, мурдагы иштерди териштиргиле деп башкы прокуратурага тапшырма берген парламент депутаттары кайра өздөрү бүгүн ушул кылмыштуу мыйзамды өткөрөлү деп чуркап жүрүшөт. Бул - чыккынчылык. Келечекти талкалай турган бул мыйзам өтүп кете турган болсо алардын бардыгы кийин жоопко тартылат.

Муз катмарынын коркунучу

Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги учурда ансыз деле мөңгүлөр климаттык өзгөрүүдөн улам ээрип жатканын мисал келтирген. Агенттиктин башчылыгы Кумтөрдөгү мөңгүнү башка жакка которбосо, анда анын экологиялык кесепети оор болорун эске салган. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Сабыржан Атажанов бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

Сабыржан Атажанов
Сабыржан Атажанов

- Мен “Центерра голд” компаниясына адвокат эмесмин. Бирок мен дайыма чындыкты айтканга үйрөнгөмүн. Мага “Ата Мекен” партиясынын депутаттарына окшоп, популисттик жол менен упай топтоонун кереги жок. Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жыйырма пайызы климаттык өзгөрүүдөн улам, ээрип жок болду. Кумтөрдөгү ордунан козголгон мөңгү болгону анын алты пайызын гана түзөт. Депутаттар чечсин өздөрү, же өндүрүштү токтотуп, экономиканы отургузуп коюш керек же мыйзамга өзгөртүү киргизип, Кумтөр иштеш керек. Биздин негиздеме боюнча Суу кодексине өзгөртүүнү токтоосуз киргизүү зарыл. Каръерге асылып турган мөңгүнү алып, башка жакка которбосо андагы техниканы жана жумушчуларды басып калуу коркунучу бар. Анан жөн таштап салса, муз катмары каръерге толуп, аны иштен чыгарат.

Артына кайтып, кайтпаган мыйзам долбоору

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмү депутат Текебаевдин билдирүүсүнө карата атайын жообун жарыялады. Анда дагы Кумтөргө байланышкан мыйзам долбоору өндүрүштүн токтоп калуусун алдын-алуу чарасы катары түшүндүрүлгөн. Ошол эле кезде Суу кодексине өзгөртүүлөрдү караган мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинде каралбай калды.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев мыйзам долбоорундагы айрым жагдайларды кайра тактап, сунуштарды карап чыгуу үчүн өкмөт аны артка чакыртып алганын айтты:

Азамат Арапбаев
Азамат Арапбаев

- Бул маселени комитеттин талкуусуна жеткизбей эле өкмөт кайра артка чакырып алды. Депутаттардын көпчүлүгү бардык мөңгүлөрдү бузууга уруксат берүү эмес, болгону мына ошол Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүн ордунан которууга гана уруксат берүү боюнча долбоор даярдалса деген маанайда. Бидин позиция Кумтөрдүн жумушун үзгүлтүксүз камсыз кылып берүү. Бул-мунасага келүү жолу.

Ошол эле кезде өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмү мыйзам долбоору парламенттен кайра артка чакыртып алды деген маалыматты жокко чыгарды.

Мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга жана кенди ачык ыкма менен казууга уруксат берген мыйзамга өзгөртүүлөрдү өткөндө Жогорку Кеңеш биринчи окуудан кабыл алган болчу. Парламенттеги тиешелүү комитет дагы талкуулап, корутундусун бекиткен соң, палатада бул мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кароого коюлганы жаткан эле.

XS
SM
MD
LG