Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

"Шабдан баатыр" тасмасын тартуу создукту


"Курманжан датка" тасмасын тартуу учурунан бир көрүнүш
"Курманжан датка" тасмасын тартуу учурунан бир көрүнүш

"Шабдан баатыр" тарыхый-көркөм тасмасын тартуу демилгесине байланышкан талаш саясатташып баратат. Кайчы пикирден улам тасманын сценарийинин бешинчи варианты жазылып, ал дагы тарыхчылар арасында колдоо тапкан жок.

Натыйжада фильмдин сценарийи кайра толукталып, алтынчы варианты жазылуу алдында турат. Тарыхчылар көркөм тасмада тарыхый фактылар бурмаланганын айтса, кино адистери тасманы тартууда бут тосуулар болуп жатканын байкашканын белгилешет.

Тарыхый каарман Шабдан Жантай уулу тууралуу көркөм тасма тартуу демилгесин кыргыз өкмөтү “Курманжан датка” тасмасы тартылгандан кийин көтөрүп чыккан. Кийинчерээк ага 10 миллион сом бөлүнүп, тасманы тартуу милдети режиссер Эрнест Абдыжапаров башында турган топко жүктөлгөн. Ушул жылдын апрель айынан бери актерлорго кастинг жарыяланып, ошондон бери тандоо иштери жүрүп жатат.

Фильмдин экинчи режиссеру Сүйүмкан Сулайманова актерлорго кароо сынак уланып жатканын, аны менен чогуу декорация, кооздоо иштери башталганын “Азаттыкка” айтты:

- Азыр биз даярдык көрүү менен алекпиз. Азырынча актерлорду, тартыла турган жерлерди, кийим-кечектерге эскиздерди тартып жатабыз. Иш жүрүп жатат, декорациянын эскиздерин даярдоодобуз. Азырынча сценарийи кабыл алына элек, ал дагы эле иштелүү процессинде.

Шабдан баатыр тууралуу тасманы талкуулаган топ, 11-май, 2015
Шабдан баатыр тууралуу тасманы талкуулаган топ, 11-май, 2015

“Шабдан баатыр” тарыхый-көркөм тасманын сценарийинин кабыл алына электиги ишти жайлатты. Бир катар тарыхчылардын сценарийде тарыхый фактылар бурмаланганын айтып чыгышы ага өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө алып келүүдө.

Натыйжада ушул күнгө чейин тарыхый тасманын бешинчи варианттагы сценарийи жазылып, ал деле бирдиктүү пикир таба элек. Кайчы пикирден улам “Кыргызфильм” киностудиясы тарыхый, адабий консультанттарды жалдаган.

Талаштан тактык жаралабы?

Тарыхчы Аскар Беделбаев фильмдин сценарийинде Шабдан баатыр тийиштүү сүрөттөлгөн эмес дейт. Беделбаев Шабдандын ажылыкка барышы, Орус падышалыгы менен сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүшү жана башка эпизоддордо үстүртөдөн мамиле болуп калганын айтты. Айрым терминологиялык сөздөргө да тарыхчы, адабиятчылар макул эмес.

“Шабдан баатыр” тасмасынын тарыхый консультанты Аскар Беделбаев ушундан улам тарыхчылар сценарийге өз бүтүмүн бере электигин айтты:

- Азырынча “Шабдан баатырды” тартууга мен да, башка тарыхчылар да бүтүмүбүздү бере элекпиз. Биздин эскертүүлөрдү эске алабыз деп жатышат. Сценарийдин бешинчи варианты жазылды, качан биздин айткандар да сценарийге кошулса, макулдугубузду беребиз. Биздин бүтүм болбосо "Кыргызфильмдин" көркөм кеңеши сценарийди өткөрбөйт.

"Курманжан датка" тасмасы
"Курманжан датка" тасмасы

Кинорежиссер Садык Шер-Нияздын баамында, “Шабдан баатыр” тарыхый тасмасын тартууда бут тосуулар күчөп кетти. Эгерде нааразычылыктар токтобосо, тасманы тартуу таптакыр токтоп калуу коркунучунда экенин айтат. Анын белгилөөсүндө, көпчүлүк режиссерлор “Шабдан баатырды” тартуудан баш тартышкан, алардын арасында Шер-Нияз өзү да бар.

Саясатташып бараткан “Шабдан баатыр” тасмасы тууралуу оюн билдирген режиссер, тасма бир гана тарыхый фактылар менен тартыла турган болсо, ал көркөм тасма эмес, даректүү фильм болуп калышы мүмкүн дейт.

- Тарыхый-көркөм фильм дегенде тарыхый дегенди эле эске алып, сынчылар көркөм деген жагын унутуп калууда. Эгерде биз баарын тарыхый так чагылдыра турган болсок, анда даректүү тасмага буйрутма берели. Көркөм фильмге автор өз оюн кошот, ошондуктан көркөм фильм деп аталат.

Шабдан баатыр
Шабдан баатыр

Режиссер, сценарист Темир Бирназаров фильм баштала электе талкуунун болуп жатканын жакшы көрүнүш катары кабыл алат. "Азыртадан кеңешип иш кылбаса, тасма жарыкка чыкканда мындан да катуу сын пикирлер болушу мүмкүн", - дейт Бирназаров.

Шабдан Жантай уулу 1839-жылы Чүйдө туулган. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан. Кыргыз элин орус букаралыгына кошуу жараянына катышкан негизги саясатчылардын бири болгон. 1912-жылы каза тапкан.

Белгиленген план боюнча баатыр тууралуу тасма “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан ушул жылдын октябрь айында тартыла башташы керек. Ал эми монтаж жана анимация иштери жаз мезгилине пландаштырылган.

XS
SM
MD
LG