Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Кыргыз бийлиги ЕККУга нааразы


ЕККУнун жыйыны. 21-сентябрь, 2016-жыл
ЕККУнун жыйыны. 21-сентябрь, 2016-жыл

Жогорку Кеңеш ЕККУнун Варшавадагы жыйынында июнь коогалаңынын уюштуруучусу делген Кадыржан Батыровго сөз бергенине нааразылык билдирип чыкты. Бул үчүн тармактык комитеттин кезексиз жыйыны чакырылды.

Анын жүрүшүндө күч органдары Батыров Швецияда саясий баш паанек алганы үчүн Кыргызстанга кармап келүүгө мүмкүн болбой жатканын билдиришти.

2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштурууга шектелип, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктары боюнча жыйынында сөз сүйлөшү кыргыз парламентинде талкууга негиз болду.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева оор кылмыш үчүн сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн Батыровдун эл аралык трибунадан Кыргызстанды айыпташына баа берүүнү сунуштады:

- Жикчил Батыровдун кечээги билдирүүлөрүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн талкуулап, бүтүм чыгарсын деп кайрылам. Бүгүн Жогорку Кеңеш да ага саясий баа бериши керек. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет. Жикчилдердин эл аралык аянтчаларды колдонуп, адам укугу үчүн күрөшүүчү катары чыгышы жол берилгис нерсе.

Мындан соң парламенттин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитети чукул жыйынга чогулуп, Батыровдун маселесин талкуулашты. Анда Тышкы иштер министрлиги жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү маалымат берди.

Кемелова Батыров тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын айтымында, Батыров ЕККУнун 20-сентябрда өткөн жыйынына жарандык коом өкүлү катары катышкан.

Бул жыйында Батыровго сөз берилгени үчүн Тышкы иштер министрлиги ЕККУга нааразылыгын билдиргенин Кемелова кошумчалады:

- Оор кылмышка күнөөлүү деп табылып, ал күнөөлөрдү өлкөнүн бийлигине которууга аракет кылган деген адамдын ЕККУнун кеңешине катышуусу жана чыгып сүйлөшү ЕККУнун аянтындагы диалогдорду бузууда деп ойлойбуз. Мындан сырткары аталган жыйынга катышкан биздин делегация кылмышкерлер эл аралык уюмдун жыйына чыгып сүйлөгөн тажрыйба туура эместигин жана бул өз ара түшүнүшүүгө доо кетирерин айтып чыкты.

Депутаттар оор кылмышка айыпталган адамдын башка өлкөдө ээн-эркин жүргөнү боюнча маселени көтөрүштү. Бул суроого жооп берген башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова Кадыржан Батыровду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча аракеттерден майнап чыкпай жатканын моюнуна алды. Анын айтымында, Швеция Батыровду саясий бозгун катары санап, өлкөгө өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Батыровго өлкө ичинде издөө жарыяланганы менен эл аралык издөөгө алынбаганын билдирди:

- Биз Интерполго кайрылып, эл аралык издөөгө жарыялоону суранганбыз. Бирок анда Интерполдун өз Конституциясынын 3-беренесине негиз кылып, издөө жарыялоодон баш тарткан. Буга макул болбой, биз 2012-жылы да кайрылганбыз. Анда издөө жарыялоодон баш тартты.

Абдыкаров Батыровго Орусияда да алдамчылык боюнча издөө салынганын кошумчалады.

Укук коргоочуга да доомат айтылды

Парламент жыйынында Кадыржан Батыров менен бирге ЕККУнун жыйынына катышкан укук коргоочуларды сындаган депутаттар чыкты. Маселен, депутат Максат Сабиров “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилованын Батыровдун сөздөрүн кубаттады деп сындады.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Кадыржан Батыровго козголгон кылмыш иш боюнча аны менен байланышта болгон адамдар суракка чакырыларын айтып чыкты.

Ал эми укук коргоочу Төлөкан Исмаилова депутаттардын сынына нааразылык билдирип, эч бир далили жок күнөөлөө мыйзамга жатпай турганын эскертти.

Максат Сабиров укук коргоочу тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Кадыржан Батыров ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршы экенин айтып, өлкөдө улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатат деген доомат койгон:

- Мен сиздердин көңүлүңүздөрдү төмөнкүгө бургум келип жатат. Ушундай иш-чараларда Кыргызстан абдан жакшы отчет берет. Шаблонго айланган билдирүүлөрдү силер дароо кабыл аласыңар. Силерге Кыргызстанда курулуп жаткан демократия жакса керек. Бирок андай эмес. Кыргызстанда эч кандай демократия жок. Айрыкча муну 2010-жылдагы июнь окуялары көргөздү.

Жикчилдердин эл аралык аянтчаларды колдонуп, адам укугу үчүн күрөшүүчү катары чыгышы жол берилгис нерсе.
Айнуру Алтыбаева

Батыровдун мындай сөздөрүнө бул жыйынга катышып жаткан кыргызстандык делегация дароо каршылыгын билдирип чыккан.

Жалал-Абаддагы мурдагы "Эл достугу" университетинин негиздөөчүсү Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Андан соң бардык мүлкү 2011-жылы соттун чечими менен конфискацияланган.

Сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берген. Бул Атамбаевдин ага каршы чыккан Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө карата жообу катары бааланган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG