Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

Атамбаев: Кыргыз-өзбек дебей, Кыргызстан жараны дейли


Президент Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" деректири Венера Сагындык кызы менен Бишкек бюросунун башчысы Султан Жумагуловдун суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 23-май, 2012.

Президент Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" деректири Венера Сагындык кызы менен Бишкек бюросунун башчысы Султан Жумагуловдун суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 23-май, 2012.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” кеңири маек куруп, глобалдык жана ички кырдаал тууралуу ойлорун ортого салды.

«Азаттык»: Урматтуу президент, сиз соңку кездери Кыргызстан экономикалык көз карандылыктан кутулушу керек, буюрса, ошол заман жакында келатат деп көбүрөк айта баштадыңыз. Экономикалык көз карандылыктан кутулуу үчүн конкреттүү кандай аракеттер көрүлүүдө?

Алмазбек Атамбаев: Биринчиден, эгемендик дегенде мамлекет бардык тараптан эгемен болушу керек. Эгерде финансы, экономика эгемендиги жок болсо, бирөөгө көз каранды болсо, анда саясый жактан да ошол мамлекеттерге көз каранды болот. Өткөн жылы Кыргызстандын эгемендигине 20 жыл деп майрамдадык. Чындыгында толук эгемендикке ээ боло элекпиз.

Маектин биринчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз




Ошондуктан, азыр кыргыз президентинин, өкмөтүнүн алдындагы эң маанилүү максат – бул, албетте, финансы, экономикалык эгемендикке жетүү. Ошондо гана биз толук саясий эгемендүү болобуз. Жалаң эле финансы менен экономика эмес, массалык маалымат каражаттары тарабынан, алсак, электрондук каражаттардан, биздин кээ бир региондордо элибиз биздин телеканалдарды карабай, башка мамлекеттердин каналдарын көрөт. Демек, эгемендик көп тараптуу нерсе.
Коррупция менен күрөшүп, бюджетке келген каражаттарды көбөйтүп, аягында финансы жагынан эгемендикке жетип, бирөөдөн акча сурап, тилемчи болбойлу деген тилегибиз бар...


Экономикалык жагын алсак, илимде диверсификация деп коёт, ошол эле күйүүчү майларды бир эле мамлекеттен албай, өзүбүздө да болсун деп аракет кылалы деп жатабыз. Ошол эле кыйын кезде бардык жагынан жабылып калып, блокадага кабылбаш үчүн күнү-түнү иштеген темир жол куралы деген максатыбыз бар. Кыргызстандын түштүк - түндүгүн бириктирген дагы бир кара жол куралы деген ойдобуз.

Коррупция менен күрөшүп, бюджетке келген каражаттарды көбөйтүп, аягында финансы жагынан эгемендикке жетип, бирөөдөн акча сурап, тилемчи болбойлу деген тилегибиз бар. Бул, албетте бир айдын, же бир жылдын иши эмес, бирок жок дегенде беш жылда ушул максаттарды чечүүгө жетишүү керек. Жок дегенде мыкты пайдубалын түптөп кетишим керек. Анткени, Кыргызстанды бирөөлөр экономика, же финансы рычагдары менен тизелетпеши керек.

"Азаттык»: Экономикалык көз карандылык барып эле кайра саясий көз карандылыкка такалаарын турмуш көрсөтүп жатпайбы. Сиздин командаңыз көп түрдүү, көп багыттуу тышкы саясатка басым жасап жаткандай сезилет. Бул көп түрдүүлүктө сиз кайсы багытка басым жасайсыз? Президенттик ишиңизди баштаганда эле Түркияга, Азербайжанга барып, түрк элдеринин биримдиги, буюрса, келечекте чоң күчкө айланат дегендей билдирүү жасадыңыз. Түрк тилдүү элдердин биримдиги түзүлөрүнө ишенесизби?

Алмазбек Атамбаев: Менин биринчи кызматтык сапарым Орусияга болгон. Расмий сапарым Азербайжанга, Түркияга болду. Албетте, СССР болобу, Түрк каганаты болобу кайрадан жаралбайт, ал мезгил артта калган. Бирок түрк мамлекеттеринин ынтымактуу саясий-экономикалык биримдигин түзсө болот деп толук ишенем. Кудай буюрса, август айында биз Бишкекте 3-4 түрк мамлекетинин башчыларын чогултуп жатабыз саммит өткөрүп. Бул көп тараптуу багыттардын бири. Бирок негизги багыт, албетте, бул Кыргызстандын кызыкчылыгы болуш керек.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынып калса, Кыргызстан туңгуюктан чыгып кете, өсүп кетишине чоң түрткү болот. Экинчиден, темир жол Кыргызстандын темир жолдорун бириктирсин деп шарт коюп жатабыз...


«Азаттык»: Кыргызстан жакын коңшусу Кытай менен эң чоң долбоорду баштайын деген ниети бар. Бул Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу. Эгер ал темир жол курулса, Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда социалдык-экономикалык, алтурсун саясий өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн деп жатышат. Бирок башка бир эксперттер бул Кытайдын “жылма” экспансиясына салынган жол болуп жүрбөсүн деген кабатыр ойлорун билдирип атат. Буга сиздин оюңуз кандай?

Алмазбек Атамбаев: Экспансия десек, анда темир жолдун эч кандай таасири деле болбойт. Анткени, азыр башка заман, Интернет заманы, учактар заманы. Эмдиги жылдын аягында Бишкек - Торугарт жолу бүтүшү мүмкүн, анда 4-5 саатта Кытайга чейин автобус менен барса болот. Ошондуктан, бул жөн эле коркутма сөз. Темир дарбаза коёбуз, же тор илебиз, ошол бойдон көрмөксөнгө салып койсок эле Кытай жок болуп калат деген - болбогон сөз. Кытай чоң мамлекет, дүйнөдө ар бир төртүнчү адам кытай. Ушундай күчтүү, бай коңшудан биз тескерисинче пайда чыгарышыбыз керек.

Ошол эле темир жол салынып калса, Кыргызстан туңгуюктан чыгып кете, өсүп кетишине чоң түрткү болот. Экинчиден, темир жол Кыргызстандын темир жолдорун бириктирсин деп шарт коюп жатабыз. Темир жол Ош, Нарын облустары аркылуу өтөт, ошондо Нарын менен Балыкчыны бириктирген кошумча темир жол болсун деген шарт коюп жатабыз. Ошондо Кыргызстандын темир жолдору биригип, Бишкектен Ошко чейин барса болот. Бул Кыргызстандын бир бүтүн мамлекет болушуна жол ачат.

Анткени, азыр Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген жол Төө-Ашуудан өтөт. Кыш-жазда Төө-Ашуу жабылып калганда Кыргызстан экиге бөлүнүп калып жатпайбы. Ушул кышы кар көп жаап, жол жумалап жабылып атты. Бул Кыргызстандын географиялык бүтүндүгүнө чоң таасир этүүдө. Кудай сактасын, бир кырсык болуп, Төө-Ашуу жабылып калса, таптакыр экиге бөлүнүп калганы турабыз. Ошондуктан, бул темир жол болбосун деген Кыргызстан бирдиктүү мамлекет болбосун дегендердин сөзү. Албетте, Кыргызстан аркылуу темир жол өтсө башка мамлекеттерге да терс таасири тийет. Ошол мамлекеттерден ташылуучу контейнерлер Кыргызстандан өтүп калат. Ошондуктан бул долбоор артында да саясий оюндар бар.



«Азаттык»: Чикагодо өткөн НАТО саммити 2014-жылдан кийин Ооганстандан коалиция аскерлери чыгарылгандан кийин тагдыры кандай болот деген маселени талкуулады. Ушуга байланыштуу «Манастагы» транзиттик борбордун келечеги жөнүндө суроо пайда болууда. Америкалык өкүлдөр Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр болуп жатат, 2014-жылдан кийин дагы бул транзиттик борбордун калуу жагы оңунан чечилиши мүмкүн деген ойлор орусиялык, америкалык булактардан келүүдө. Ушуга карата сиздин позицияңызды дагы бир жолу тактап кеткибиз келет.


Маектин экинчи бөлүгүн бул жерден угуңуз




Алмазбек Атамбаев: Биз Ооганстандын келечегине күйгөн мамлекетпиз, ошондуктан, 2014-жылдан кийин логистика жагынан Ооганстанга жардам берели деп АКШга айтып жатабыз. Бирок Американын «Манастагы» аскердик базасы бар. Жарандык аэропортто аскерлер болбош керек. Дүйнөдө мындай прецедент жок, Стамбулга барасызбы, Франкфуртка барасызбы, Москвага барасызбы, жарандык аэропортто аскердик база жок. Бирок жүк ташуу жагынан, албетте, биз жардам беребиз, ташый беребиз.

Азаттык»: Акыркы кабарларга караганда, Орусия «Дастан», Нарын боюнда ГЭСтер боюнча жаңы талаптарды коюп, Кыргызстан өз кызыкчылыктарын бекем карманып жаткан экен. Ушул долбоорлордун тагдыры кандай болушу мүмкүн?

Алмазбек Атамбаев: Бул маселелер боюнча өзүбүздүн позицияны сактап калдык. Ошол эле «Дастан» боюнча Орусиянын жаңы президенти, премьери тарабынан түшүнүү болду. ГЭСтер боюнча ачык айтканда мурдагы бийликтер бүт кагаздарга кол коё бериптир, муну дагы, тигини да Орусия салат деп. Биз бир болобу, эки болобу сала турган объекттерди алгыла, сала албайм десеңер, баарынан баш тарткыла, сала тургандарга берели дедик. Орусия 10-15 жылдан кийин салат деп күткөнгө убактыбыз жок дедик.

Акыркы жолугушууда Медведев өзүнүн өкмөт мүчөлөрүнө Атамбаевдики туура, чын эле сала турган ГЭС болсо алалы, жөн эле салабыз деп 5-10-15 жылдан бери созулган келишимдерден баш тарталы, Кыргызстан сала турган акчасы бар инвесторлорго берсин деп айтты. Ошентип, алты айдан бери тартышып жатып, аягында өзүбүздүн позициянын тууралыгын далилдедик, орус тарабынан дагы акыркы жолугушууда түшүнүк таптык. Медведев бир тыянакка чыккыла деп, каражат барбы, сала турган көңүлүңөр барбы деп өз тарабына 20 күн берди. Тышкы карыз боюнча, курула турган объектилер боюнча, буюрса, июндун аягына чейин чечимге келебиз.

«Азаттык»: Июнь каргашасына жакында эки жыл болот. Бир тарабы жакшынакай болуп келатат десе, айрым изилдөөчүлөр улуттук негизде дагы эле кодулоо, басынтуулар орун алып, Ош, Жала-Абадда анча-мынча чыңалуу бар дейт. Сиз улут аралык ынтымакты бекемдөөнү чоң максат катары койбодуңуз беле, кырдаал тууралы эмне айта аласыз?

Алмазбек Атамбаев: Чындыгында өткөн кылымдын 60-жылы, 90-жылы, 2010-жылы түштүктө кайра-кайра өрт болду. Бийлик дайыма “чабактарын” иштен алып, камап, ошол бойдон тим болчу экен. Бирок түпкү негизи башкада. Эмнеге 50 жыл ичинде түштүктө каргашалуу окуя үч жолу болду? Анткени, түштүктөгү кыргыз жамааты менен өзбек жааматынын ортосунда бир топ келишпес маселе бар экен, интеграция жок. Бул жерде бир эле чечим бар. Эгерде бири-бирине каршы туруу саясатынан эки жамаатты биригүү жолуна алып чыксак, кыргыз-өзбек дебей, Кыргызстандын жараны катары бириктирип кетсек, мындай каргашалуу окуялар токтойт.

Ал эми азыркы кээ бир саясатчылардай биз кыргызбыз, же биз өзбекбиз, тигилерди тигинтиш-минтиш керек дей берсек, анда аягында кайрадан ушундай эле окуялар болот. 2010-жылы 15-майда Кадыржан Батыров биз бул күндү 20 жыл күткөнбүз деп айткан. Эмнеге 20 жыл күткөн? Анткени, 1990-жылы дал ушул май, июнь айылдарында Ошто автономия болуш керек деген ураан менен сепаратисттер чыккан. Бирок өзбек тарабында да, кыргыз тарабында да улутчулдук, бөлүнүү бар. Бийлик бул күнөөлү экен деп камап, иштен алып тим болбостон, түпкү тамырын таап, негизги себептерин жоюш керек. Түштүктө кыргыз менен өзбек жарандарын бир жамаат кылыш керек.
Эл ырыс алды ынтымак деп түшүнмөйүнчө дайыма чыр боло берет. Анын үстүнө 2010-жылды изилдеп, тышкы күчтөрдүн дагы түздөн-түз таасири бар экенин көрдүк...


Каргашадан бир топ саясатчылар упай топтоп алды, бир тобу депутат болуп алды, бир тобу акча таап байып алыптыр. Андай оюндар азыр деле жүрүп жатат. Албетте, жакырчылыктын да ролу бар. Маселен, эки адам коңшу жашап турса, бирөө абдан бай, бирөө абдан кедей болсо, кедейи жамандыктын баарын байдан көрөт да, анын үстүнө экөө эки башка улуттан болсо.

«Азаттык»: Ар бир 6-7 айда ушак-айың тарап, кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экен, конфликт кызып баратыптыр дегендей сөздөр эл арасында тароодо. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок жаңжал болуп кетсе, аны токтотууга кудуретибиз, дараметибиз жетет деп айта алабызбы?

Алмазбек Атамбаев: Албетте, күч органдары азыр такыр башка, эки жылда абдан күчөттүк. Бирок элибиз түшүнүш керек, ынтымак түштүккө, Ош, Жалал-Абадга асмандан түшүп калбайт, же президент барып орнотуп койбойт, ынтымак элдин өзүнөн башталыш керек, ар бир үйдөн, ар бир райондон башталыш керек. Мен региондорду кыдырганда тиги улуттун, же бул улуттун көзүн тазалаш керек дегендей сөздөрдү угам. Эл ырыс алды ынтымак деп түшүнмөйүнчө дайыма чыр боло берет. Анын үстүнө 2010-жылды изилдеп, тышкы күчтөрдүн дагы түздөн-түз таасири бар экенин көрдүк. Ислам Каримов ачык айтпадыбы, Кыргызстандагы 2010-жылы болгон трагедияга тышкы күчтөр түздөн-түз таасир берген деп. Анткени Кыргызстанда ушундай трагедия болсун, бөлүнүп-жарылып жок болсун деген кээ бир күчтөр бар.

«Азаттык»: Кыргызстандын ички саясий-экономикалык акыбалына кайрылалы. Жакында өткөн бир катар жыйындарда аттуу-баштуу эксперттер Кыргызстанда бийлик дагы, экономика дагы эле чабал, президент Атамбаев кез-кез демилгелери менен чыкканы болбосо, күн сайын элди, башка бийлик бутактарын сүрөй турган позицияга али жете элек деп айтышты. Элдин бийликке ишеним насыясы күзгө чейин барып солгундап калар бекен деген кабатыр үн угулат. Ушул ойлор канчалык жүйөөлү деп ойлойсуз?

Алмазбек Атамбаев: Элибиз 20 жылдан ашык президенттик мамлекетте жашап, бардыгын президент чечет, бардыгына президент кийлигишет деп көнүп алган. Биз Конституцияга ылайык жашаганга көнүшүбүз керек. Өкмөттүн иши бар, президент жардам бериш керек, соттун иши бар, президент адилдеттүү соттордун реформасына жардам бериш керек. Ошол эле парламентти таратам деп коркутпай, президент парламенттин лидерлери менен жолугуп, багыт көрсөтүп жардам бериш керек. Президент бул жагынан акырындан Кыргызстан, кыргыз эли, ар бир жаран укукка баш ийиш керек деп камкордук көрүш керек. Менин иштегениме жарым жыл да боло элек, албетте, эл абдан көп нерсе күтүүдө, бирок 20 жылда бүтпөгөн нерсе жарым жылда бүтпөйт да. Бир нерсени так айтам: мен баштаган жакшы нерселерди аягына чыгарам. Коррупция менен күрөшүү болобу, акырындан баары бир аягына чыгарабыз. Ушул айдын аягында беш айдын ичинде кандай иштер жүргүзүлгөнүн угабыз. Ошол эле кыргыз тили, кыргыз тарыхы боюнча демилгелерди да аягына чейин чыгарабыз, атайын фонддор түзүлүп, каражаттар топтолуп жатат. Мен ар бир ишимди 5-6 жылга эсептеп туруп баштагам. 5-6 жылда жылыш болот.



«Азаттык»: Коррупция жөнүндө сөз кылып калдыңыз. Коррупцияга каршы президенттин күрөшү парламентке келип такалып калды деп айтып жатышат. Эгер депутаттардын арасында дагы бир кылмыш иштерине кабылгандар ашкереленип калса, кайра эле кол тийбестигине жол бербей койсо, сиз кандай кадамдарга барышыңыз мүмкүн?

Алмазбек Атамбаев: Бир-эки ошондой факты бар, бирок биз дагы эле парламентке суранычтар менен документтерди киргизебиз. Эмне болсо дагы мыйзам чегинен чыкпаш керек. Менимче, парламент өзгөрүп баратат. Бир-эки фактыдан парламент тигиндей-мындай, таратыш керек дегенге мен каршымын. Макул парламентти эл таратып жиберсин, же депутаттар өздөрү тарап кетсин, бирок шайлоодон кийин ушул эле парламент кайра келет. Парламент сапаты жагынан өзгөрүш үчүн биринчи эл өзү өзгөрүш керек. Азыр Кыргызстандын, коомдун пикири күн, ай өткөн сайын өзгөрүп баратат. Ошого жараша парламентте айтылган сөздөр да өзгөрүп баратат. Парламент аягына чейин иштеп, ошондон кийин жаңы шайлоо өткөрсөк, ага чейин 2-3 жылда элибиз добушту сатса болбойт экен, менин тагдырымды чечет экен деп башкача пикирде болуп, башкача парламент түзүлөт деп ойлойм.
Мен кудай деген адаммын, алты жыл алты мүнөттөй эле өтүп кетет, алты жылдан кийин элдин көзүн кантип карайм, дайыма ошону ойлойм, алты жылдан кийин кеткенде президентибиз татынакай иштеп берди деп эстеп жүрсүн деп күнү-түнү иштеп жатам...


Бирок коррупция менен күрөшүү абдан оор. Керек болсо миң жылдык тарыхы бар мамлекеттерде да коррупция бар. Жакында эле Англияда коррупциялык чоң жаңжал болду. Германиянын президенти да ошондон кетти. Коррупцияны бир дагы мамлекет толук жоё элек. Ал үчүн коом өзгөрүш керек, коом өзгөргөндө парламент да, сот да өзгөрөт.

«Азаттык»: Мурдагы бийликтердин кетирген чоң катасы - коомчулуктун бардык катмарларынын үнүн уга албай калганында. Ошол эле бийликти сындаган, каяша айткан, кайсы бир ишмердигин катуу сындаган оппозиционерлердин добушун укпай, таптакыр четке кагып салганында болду. Сиз оппозиция менен кандай кызматташып жатасыз?

Алмазбек Атамбаев: Мен татынакай эле кызматташып атам. Ачык айтайын, оппозиция ар түрдүү. Кээ бир саясатчылар оппозициямын дегени менен аркасында айрым мамлекеттер турат. “Жамандын үйүн коногу бийлейт” дегендей, Кыргызстанда ээн-эркин басып жүргөн башка мамлекеттердин атайын кызматтары, өкүлдөрү бар, керек болсо бир топ саясатчылар, бейөкмөт уюмдар алардан акча алат, ошолордун кызматтарын аткарат. Бирок Кыргызстандын келечегин ойлогон, Кыргызстан үчүн күйгөн саясатчылар андан да көп. Ошолор менен тил табышып жатабыз. Оппозиция болмоюн, ошол эле өкмөт, соттор таза иштей албайт. Керек болсо президент деле бузулуп кетет. Ошондуктан, оппозициянын үнү дайыма угулуп туруш керек, биринчиден парламентте, экинчиден телеканалдарда. Азыр парламенттен болобу, радиодон болобу, телеканалардардан болобу, оппозициянын үнү дайыма угулуп турат.

Демократиялык өлкөлөрдө митингдер, албетте, болушу шарт. Бирок негизги саясий күрөш көчөлөрдөн парламентке өтүш керек. Анткени, бардык маселе парламентте чечилет. 6-7 ай мурун оппозицияда «Ар-Намыс» менен «Ата Мекен» жүргөн, эми «Ата-Журт» жүрөт, эмдиги жылы ким жүрүп калат - ким билет? Көчөгө чыгып, чатак чыгарабыз дегенден бир коркунучтуу нерсе бар. Тажикстанда 90-жылы эки тарап көчөгө чыккан, башка кызматтын өкүлү барып туруп, ортосуна бир граната ыргыткан. Бул далилденген факт. Аягында 100дөн 200 миңге чейин тажик каза болгон. Ошто, Жалал-Абадда, же Бишкекте чоң митинг болуп турганда ортосуна барып бир балээ кылып койсо, кандай чатак болот? Ошондон сак болуш керек, мен ошондон эле корком.

«Азаттык»: Сиз оппозиция болобу, элдин ар түрдүү катмары болобу, ошолордун жашоосу, эмне жөнүндө ойлонуп, кандай жашоо өткөрүп жатканын кайдан угасыз, кайсы маалымат булактарын пайдаланасыз?

Алмазбек Атамбаев: Мен кудай деген адаммын, алты жыл алты мүнөттөй эле өтүп кетет, алты жылдан кийин элдин көзүн кантип карайм, дайыма ошону ойлойм, алты жылдан кийин кеткенде президентибиз татынакай иштеп берди деп эстеп жүрсүн деп күнү-түнү иштеп жатам. Албетте, элдин турмушу канчалык оор экенин билем. Бирок элибиз да билиши керек, бир күндө эле бардыгы оңолбойт, бирөө асмандан түшүп оңдоп кетпейт. Кээде кайгырасың, анткени, элибизде мамлекетке жардам бериш керек дегендер абдан аз калыптыр, мамлекет мага бериш керек, мага бирөө бериш керек деген ойлор үстөмдүк кылып калыптыр. Үйүндө миң кою, миң топозу бар болсо дагы мамлекеттин 300 сомуна көз артып турат.

Түштүк Кореяда, Жапонияда кыйын кырдаал болгондо карапайым эл мамлекетте кыйынчылык болуп атат деп өзүнүн алтын, тыйын-тыпырын өткөрүп берген. Ошол эле Кыргызстанда жашаган кээ бир улуттарды алсак, Брежневдин заманыбы, Горбачевдун, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин заманы болобу, ошол эле корейлер, дунгандар жер менен иштеп, татынакай жашап келатат. Кээ бир адамдар кандай бийлик болсун, өткөн кылым болобу, бул кылым болобу, дайыма эле бир нерсе жетишпейт, мамлекет жасап берсин деп кыйкырып турат. Кудай сага кол, бут, баш берген, тилемчидей басып жүрө бербей, кичине аракет кылыш керек да, колго күрөктү, кетменди алыш керек.

Американын президенттеринин бири Кеннеди айтпады беле: “не спрашивай, что для тебя страна сделала, спроси что ты сделал для страны”, - деп. Мамлекетке көпчүлүк учурда бут тосуп, кыйкырып-бакыргандар бар. Мамлекеттин келечегин ойлогон, мамлекетке жардам берем дегендер азыраак. Ар бир адам тазаланууну өзүнөн баштаганда мамлекет да бутка туруп кетет. Булгаковдун татынакай сөзү бар «разруха начинается в головах людей» деген. Бүт башаламандык, жакырчылык адамдын башынан башталат. Адамдар башындагы ой-пикирлерин, уурулук жаман, пара бербеш керек экен деген нерселерге үйрөтсөк, Кыргызстан бутка туруп кетет.

«Азаттык»: Сиз маалымат каражаттарын пайдаланасызбы, гезит окуйсузбу, балким «Азаттыкты» карайсызбы?

Алмазбек Атамбаев: Азыр интернет заманы да, интернетти көбүрөөк карайм, таң атпай, же түн ичинде карап калам. Албетте, «Азаттыктын» сайтын да карайм, абдан татынакай сайт, ар кайсы пикирлердин бардыгы бар, ушундай пикирлер болгондо бийлик башчылары дагы, өкмөт болобу, президент болобу, депутат болобу, өзүнүн кемчиликтерин көрүп турат. «Азаттыктын» сайты туура пикир болобу, туура эмес пикир болобу ар кайсы пикирлерди чагылдырып турат. Ошондуктан бул абдан туура багыт. Демократиялык өлкөдө ушундай болуш керек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG