Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Роза Отунбаева БУУнун сессиясында баяндама жасайт


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева АКШда сапар менен жүрөт. 19-сентябрда туруктуу өнүгүү жолдору талкууланган БУУнун лидерлер кеңешинин тогузунчу жыйынына катышты. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду кабарлады. Маалыматка караганда, Отунбаева ЕККУнун азыркы төрагасы, Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясынын алкагындагы жогорку жыйында сөз сүйлөйт. Улуттар уюмунун уставына ылайык ЕККУнун потенциалын бекемдөө, кризистерди жарандык башкарууну күчөтүү багытында доклад жасайт. Иш-чарада дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздукту чыңдоодо ЕККУнун орду жана БУУнун максаттарын ишке ашыруу маселелери кеңири талкууланат.

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына саламаттыгына байланыштуу катышпай калды. Кечээ Стамбулдан сапарын токтоткон мамлекет башчы Кыргызcтандын делегациясын АКШга жетектеп барууну тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге жүктөгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG