Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Президент коалиция түзүүнү КСДПга тапшырды


Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов (ортодо).
Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов (ортодо).

Президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясына парламентте башкаруучу коалиция түзүүнү тапшырды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн кол коюлганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, 17-ноябрга чейин Жогорку Кеңеш коалиция түзүп, премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүлүшү керек.

КСДП фракциясы Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициядан чыгарын 24-октябрда маалымдаган. Буга “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фрациялары менен пикир келишпөөчүлүктөр негиз болгону айтылган. Бүгүн парламенттин жыйынында коалиция тараганы расмий жарыяланды.

«Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталышта былтыр 2-ноябрда түзүлгөн коалицияга КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары кирген эле.

Эреже боюнча коалиция тараганда өкмөт дароо отставкага кетип, премьер-министр жана министрлер “милдет аткаруучу” болуп иштешет.

КСДП лидери Иса Өмүркулов жаңы өкмөт курамында олуттуу өзгөрүүлөр болбой турганын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG