Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

БУУ Хомстогу жардырууну айыптады 


БУУнун Сирия боюнча атайын өкулү Стаффан Де Мистура Хомс шаарындагы жардырууларды айыптап, муну Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жасоо аракети деп атады. Ошондой эле бул окуялар сүйлөшүүлөргө таасир этпейт деген үмүтүн билдирди.

25-февралда Хомстогу мамлекеттик коопсуздук кызматынын штаб-үйүндө жана аскердик чалгын имаратынын алдында алты адамдан турган жанкечтилер тобу жардыруу уюштуруп, андан 40тан ашык адам каза тапты. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Фронт ан-Нусра" экстремисттик тобу алды.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбор кабарлагандай, жардыруулардан кийин куралдуу кагылышуулар болуп, шаардын борбору курчоого алынган. Сирия армиясы Хомстогу козголоңчулардын позицияларына абадан сокку урду.

XS
SM
MD
LG